БИР БҮРКҮМ. ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУКТАН 62 АЯЛ КАЗА ТАПТЫ...

  • Кыргызстанда мектеп окуучулары 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин күзгү каникулга тарашат.
  • Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов кызматтан бошотулду.
  • 2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
  • “Электр станциялары” ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду.
  • Казакстанда Кыргызга таандык мамлекеттик номуру бар автоунаалар жол эрежесин бузса, айдоочуларга айып пул төлөтүү каты Бишкекке жөнөтүлөт.
  • 2020-жылдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө 928 миллион сом сарпталат. Мунун 560 миллион сому парламенттик шайлоого жумшалат.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Октябрь айынан тартып Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт.
  • Бишкек шаарындагы эски аянт мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымынан аталат. Мындай чечимди депутаттар кабыл алышты.
  • Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан