“БИР АЛКАК – БИР ЖОЛ”

“Бир алкак – бир жол” демилгеси Кытай лидери Си Цзиньпин тарабынан мындан 6 жыл мурун ишке кирген. Бул демилге дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык соода, инвестиция үчүн жаңы платформаны түзө алды. Ошондой эле глобалдык экономикалык башкарууну жакшыртуунун жаңы ыкмаларын жайылтып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарынын бакубат жашоосу үчүн чоң салым кошо алды.

Мындай жыйынтыктар “Бир алкак – бир жол” демилгеси – жалпы мүмкүнчүлүктөр жана өсүп-өнүгүүгө карай туура жол экенин далилдеп турат.

“Бир алкак – бир жол” демилгесине жөнөкөй адамдар кандай пикирде? Көрүнүктүү мисал катары дээрлик ар бир үй-бүлөнүн столунда баштапкы иштетүүдөн өткөн импорттолгон айыл чарба азыктарынын санынын көбөйүшүн айтууга болот.

Мисалга Кытайдын Шиңжаң автономдуу аймагындагы ишканалардын биринен өндүрүлгөн нанды алалы. Нандын курамында бир гана Орусиядан алынып келген буудай эмес, өзбектердин жер-жемиш кактары кошулуп, кытай технологиясы менен жасалат. Мындайча айтканда, азыктардын топтомунан турган “микс”. Бул нан эмгек кылуудагы эл аралык кызматташтыкты гана түшүндүрбөстөн, көп улуттуу экономикалык жана соода-сатык мамилелеринин бекемдигин билдирип, курулуш тармагында да биргелешкен алгылыктуу иштерди жасаса болорунун далили.

Маңызы бай нан “Бир алкак – бир жолдун” келечеги чоң экенинен үмүт берет. Ал дагы бир жолу элдин кызыкчылыгын эске алуу менен өнүгүү жолуна алып келчү идеяны ээрчип, биргелешкен иш-аракеттердин аркасында гана жемиштүү натыйжага жетип, “Бир алкак – бир жолду” курууга болорун далилдейт. Жыйынтыгында аталган демилге бүт элге пайда алып келип, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө чоң салым болмокчу. Бул аталган демилгенин сапаттуу ишке ашуусуна жетелей турган маанилүү багыт.

САПАТТУУ АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫ ИМПОРТ-ЭКСПОРТ ҮЧҮН ЖОГОРКУ СУРОО-ТАЛАПКА ЭЭ БОЛУУДА

Хоргостогу Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. компаниясынын жаңыдан өндүрүлгөн жашылча-жемиш сактоочу кампасынан Кыргызстандан импорттолуп келген көп сандагы коондор сатылды. Жалпы салмагы 18,06 тонна болгон коондордун бул партиясы Кыргызстандан “Хоргос” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу изотермикалык кузовдуу авторефрижераторлордо алынып келинген.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтчү жашылчаларды көзөмөлдөөчү пунктта мөмө-жемиштер Башкы бажы башкармалыгынын расмий текшерүүсүнөн өттү. Натыйжада «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пункту квалификацияга жана жер-жемиштерди импорттоо укугуна ээ болду.

Хоргостогу Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. көп убакыттан бери жашылча-жемиштерди импорттоо менен алектенип келет. Эми алар рынокто суроо-талапка ээ жашылча-жемиштерге “суусап” турушат.

“Кабыл алуу текшерүүсүнөн өткөргөндөн кийин, биринчи кезекте жашылча-жемиштерди импорттоого керектүү нерселерди даярдайбыз”,- дейт аталган компаниянын башкы катчысы Чан Шули мырза.

Июль айында Борбордук Азиядагы эң популярдуу мөмө-жемиш болуп эсептелген гиластын убактысы бүтөт да, ал мезгилде коон быша баштайт. “Кыргызстандын коондору Шиңжаң коондоруна салыштырмалуу кечирээк бышат. Анан да алардын сорттору ар башка, бул айырмачылыктар рыноктогу керектөөлөрдү толтурганга жардам берет”,- дейт Чан Шули.

Коондордун партиясы рынокко чыккандан кийин күтүлгөндөн да көбүрөөк жакшы пикирлерге ээ болуп, Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. дароо коондорго болгон сатып алуулардын көлөмүн көбөйттү. Келерки жылы алар Кыргызстандан 2000 тонна коон жана 1000 тонна гилас импорттоону пландап жатышат.

Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. компаниясынын мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды экспорттоо боюнча өндүрүштүк базасында жаңы чогултуу мезгили күтүлүүдө. Азыркы учурда аталган компания 10 миң му (1 гектар 14,9 му) аянтка мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды экспорттоо боюнча өндүрүштүк базаларды түздү. Ал базалар Шаньдун, Гуанси, Хубэй провинцияларында жана башка аймактарда жайгашкан. Анын ичинде 21 миң му аянттагы эксперименталдык база Инин уездинде жана Хоргос шаардык уездине караштуу Мохур чөлүндө жайгашкан.

Чан Шули мырзанын айтымында, 2018-жылы Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. компаниясы 60 миң тоннадан ашык жашылча-жемиш экспорттогон, анын ичинен дээрлик 60 пайызы Шиңжаңдын алма, шабдалы, жүзүм жана башка мөмө-жемиштери.

Ушул жылдын август айында Кытайдын Өнүгүү жана реформа иштери боюнча мамлекеттик комитети “Кытайдын батышындагы жер жана суу үстүндөгү транспорт боюнча жалпы план” түзүп, ага ылайык Jinyi International Trade (Group) Co. Ltd. компаниясында да жаңы план пайда болду. Алар Гуанси провинциясынан жаңы өнөктөштөрдү издей башташты. Жаңы түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай жер жана деңиз каналдарын колдонуу менен Чунцин, Гуанси, Гуйчжоу, Ганьсу, Цинхай, Шиңжаң, Юньнань, Нинся райондору аркылуу Түштүк-Чыгыш Азиядан тропикалык мөмө-жемиштерди импорттоо кажет.

“Эгер бул канал ачык болсо, Борбордук Азиянын да, Шиңжаңдын да керектөөчүлөрү бирдей пайда табышат”,- дейт Чан Шули. Акыркы жылдары Шиңжаңдын экономикасынын өсүшү жана тургундардын жашоо шартынын жакшырышы менен азык-түлүктөрдүн түрдүү ассортиментине болгон суроо-талап да жогорулады.

Акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн ашканасын түрдүү азык-түлүккө толтуруу үчүн Үрүмчү шаарынын Бажы башкармалыгы коңшу мамлекеттердин бажы кызматтары менен иштешүүнү тереңдетти десек болот. Таза, сапаттуу айыл чарба азыктарын бажы тармагында каттоо, текшерүү жоболорун жөнөкөйлөтүп, “жашыл каналдын” курулушун тездетти. Үрүмчү шаарынын бажы кызматындагы “жашыл коридор” аркылуу өтчү айыл чарба азыктарынын жаңы, жакшыртылган каталогун түздү. Бул каталогго кирген азыктар бажыдан кыска аралыкта текшерүүдөн өтмөкчү. Андан сырткары Шиңжаң айыл чарба азыктары тез арада “чет өлкөгө чыгуусу” үчүн бажылык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, каттоо убактысы кыскарды. Азыркы учурда Шиңжаң айыл чарба азыктарын кыска аралыкта текшерүүдөн өткөрүү үчүн 4 “жашыл коридор” ачты: “Бактуу”, “Кара-Суу”, “Эркеш-Там” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пункттары.

ИМПОРТТОЛГОН ЭТ

Керектөө рыногундагы жетишсиздикти жабуу

Августтун аягында Үрүмчү шаарындагы жаңы жогорку технологияны өздөштүрүү аймагында (шаардагы жаңы район) Xinjiang Zhonghe Modern Logistics Co. Ltd. компаниясынын муздаткыч камерасында Казакстандан алынып келген уй этинин партиясын көргөнү көптөгөн ишканалардын өкүлдөрү келишти.

Казакстандан тоңдурулуп келген 18,074 тонна салмактагы уй эти «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу келген. Үрүмчү шаарына 8 тонна эт таратылса, калган бөлүгү Хубэй провинциясындагы Ухань шаарына, Шаньдун провинциясына жана башка аймактарга жөнөтүлгөн.

“Импорттолуп келген бул уй этинин партиясы бодо мал тандоодон, мууздала турган жер, сакталуучу жер, тоңдурулуп алынып келе турган транспортко чейин тыкыр көзөмөлдөн өттү. Бул биздин компания алып келген эттин биринчи партиясы. Рыноктогу керектөөлөргө жараша кийинки партиянын масштабы чечилет”,- дейт Importer Urumqi Tianhua Hongguang International Freight Forwarding Co. Ltd. компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Цян Синьшэн.

2018-жылдын июнь айында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы жана Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кытай тараптын талаптарына жооп берген уй этин импорттоо боюнча протоколго кол коюшкан.

Мындан улам Шиңжаңда этке болгон суроо-талап жогору экени байкалат. Ушул жылдан баштап Шиңжаң Беларусь, Казакстан жана башка мамлекеттерден сапаттуу уй жана кой эттерин импорттоп баштады.

«Шиңжаңга жакынкы Борбор Азия мамлекеттеринде жогорку сапаттагы мал ресурстары бар Казакстан сыяктуу эле башка мамлекеттерден түздөн түз импорттолуп келип жаткан эт азыгын алып келүүдө жолдун өтө алыс эместиги менен кошо азыктын жогорку сапатка ээ экени маанилүү жагдай. Шиңжаң рыногунда импорттолуп келген эт азыгы чоң орун ээлейт»,- дейт Цян Синьшэн.

«Аталган эт партиясы сактала турган муздаткыч камерасынан жакында эле Пакистандан келген деңиз азыктары алынган»,- дейт Xinjiang Zhonghe Modern Logistics Co. Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары Хэ Хунзе. Ал белгилеп кеткендей, 7 миң тонна салмактагы муздаткыч былтыр курулуп, быйыл июнь айында эксплуатацияга берилген. Компания Шиңжаңдын «Бир алкак – бир жол» багытындагы мамлекеттер менен айыл чарба азыктарын импорт-экспорттоо багытында тыгыз кызматташып жатканын көрүп, Үрүмчү-Бишкек, Алматы жана башка шаарларга чартердик рейстерди уюштурду. Мунун бардыгы Үрүмчү шаарынын түндүгүндө жайгашкан тоңдурулган эт азыктарын ташуу, сактоо үчүн муздаткыч кампасына ылайыкташкан. Учурдагы кырдаалга ылайык, эффективдүүлүк күтүлгөндөн да жогорку нормага жетти.

Акыркы жылдары Үрүмчү шаарынын Бажы башкармалыгы «Бир алкак – бир жол» багытындагы мамлекттерден жогорку сапаттагы айыл чарба азыктарын импорттоо иштерине активдүү катышты. Казакстандан мал, балык азыктары, буудай, улпак жана соя буурчагы; Пакистандан цитрус, манго, суу азыктары; Өзбекстандан гилас жана маш; Тажикстандан гилас; Кыргызстандан жылкы эти жана гилас; Беларустан үй канаттууларынын этин, Монголиядан тоңдурулган жылкы этин жана башка азык-түлүктөрдү алып келүүгө чоң салым кошту.

«Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көзөмөл-өткөрүү пункттарын курууга, алардын тоскоолдуксуз иш алып баруусуна, Кытайда суроо-талапка ээ айыл чарба азыктарын импорттоого, андан сырткары «Бир алкак – бир жол» багытындагы мамлекеттерден айыл чарба азыктарын импорттоо иштерин өркүндөтүүгө активдүү жардам берип келе жатабыз»,- дейт Үрүмчү шаарынын Бажы башкармалыгынын Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик бөлүмүнүн башчысы Сюй Зюнь.

Азыркы учурда 4 дан азыктарын көзөмөл-өткөрүү пункту, 3 мөмө-жемиш көзөмөл-өткөрүү пункту, 2 тоңдурулган деңиз азыктарын өткөрүү пункту, 1 көчөттөрдү көзөмөлдөө пункту, 7 эт азыктарын көзөмөлдөө пункту бар.

КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ СООДА ЖҮРГҮЗҮҮ

Буудай Шиңжаңдын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу импорттолуп келе турган эң ири айыл чарба азыгы болуп эсептелет. Ал буудай кайра иштетүүдөн өтүп ун, вермишель, жем жана башка продукцияга айланып, Кытайдын ички рыногуна тарайт.

Кытай керектөөчүлөрүнүн арасында Орусиядан алынып келген сапаттуу буудай популярдуу. Орусиялык Horgos Golden Katyusha International Trade Co. Ltd. ишканасы Кытайдагы эбегейсиз керектөөчүлөрү бар рынокко кызыгып, 2017-жылы кытай-казакстандык «Хоргос» эл аралык борбору менен келишим түзгөн. Инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион юанды түзүп, ишкана 3 этапта азык чыгара баштаган. Биринчиси – толугу менен кесме чыгаруучу автоматташтырылган линия болсо, экинчи этапта – тез даярдалуучу кесме чыгаруучу линия, үчүнчү этап – печенье жана макарон азыктарын чыгарган линия.

Компания орусиялык заводдон ун жана башка сырьёлорду “Хоргоско” алып келет, кайра иштетүүдөн кийин вермишель, тез даярдалуучу кесме жана башка азыктарды Кытайдын Сычуань, Гуандун, Гуанси, Хунань, Хубэй провинцияларына жана башка аймактарына таратат.

«Быйыл Орусия тарап Кытай ишканасына инвестицияны көбөйтүүнү пландап жатат. Жем чыгарган заводдорду куруу, андан сырткары жыл соңунда же келерки жылы ишке кире турган май азыктарын кайра иштетүү долбоорлору боюнча иштер жүрүп жатат”,- дейт Horgos Golden Katyusha International Trade Co. Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары Чу Сизюнь мырза. Анын айтымында, азыркы учурда кесме чыгарган заводдун жылдык көлөмү 36 миң тоннаны түзөт.

Чу Сизюнь белгилеп кеткендей, Кытай менен Орусия соода тармагында бири-бирин толуктап турушат. Орусиянын айыл чарба продукциясы мыкты сапатта болсо, Кытайдын жеңил өнөр жайы бир катар артыкчылыктары менен ишканаларды өнүктүрүү үчүн ири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Ошондой эле Үрүмчү шаарынын бажы аймагында Xinjiang Russia Grain Organic Food Group Co. Ltd. компаниясы Орусия, Казакстан, Италия, Грузия жана башка мамлекеттерден органикалык азык-түлүктөрдү алып келет. Ага кошумча компания импорттолгон азыктарды материктеги көптөгөн шаарларга таратууда соода агенти кызматын аткарат жана чийки заттарды кайра иштетет.

«Мурда биз Борбор Азиядан жана Европадан азык-түлүктөрдү түздөн-түз импорттоп, аны ички рынокко колдончубуз. Бирок керектөөчүлөрдүн пикиринде, көптөгөн импорттолгон азыктар өтө таттуу, ал эми анын таңгактары катуу болуп, кытай керектөөчүлөрү көнгөн талаптарга жооп бербей жатат»,- дейт Xinjiang Russia Grain Organic Food Group Co. Ltd. компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Гу Шэнсян мырза. Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн азыктарга болгон ар кандай табити компанияны жана австралиялык белгилүү жыт бергичтерди чыгаруучу заводду биргеликте тамак-аш тармагында изилдөө жана кайра иштетүү борборлорун курууга, “Бир алкак – бир жол” багытындагы мамлекеттерден сапаттуу азык-түлүктөрдү импорттоого шыктандырды.

Акыркы жылдары Борбор Азиядан алынып келген мыкты сапаттагы айыл чарба жана башка азыктары Кытайга чийки зат түрүндө сатылып, аны көптөгөн ишканалар кайра иштетип, анан сатып жатышат. Быйылкы жарым жылдыкта Шиңжаңдын көзөмөл-өткөрүү пункттарынан импорт-экспорттолгон айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү
917 миң тоннага жеткен. Сооданын көлөмү 3.95 миллиард юанды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 18.1 пайыз жана 33.5 пайызга көп болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан