Данияр Эрматов: “СҮЙҮКТҮҮМДҮ БИР КӨРҮП ЖАКТЫРДЫМ”

Ырчы Данияр Эрматов жакында өздүк баракчасына жүрөгүнүн ээсин тапканын жазып чыкты. Учурда ырчы жигит сүйүүгө мас болуп турган чагы. Ырчыны сүйүктүүсү жана жакында боло турган тою тууралуу кепке тарттык.

– Данияр, кандайсың? Акыры жүрөгүңдүн ээсин тааптырсың. Ушул тууралуу айтып берчи.

– Ооба, издегенимди таптым. Сүйүктүүмдүн аты Айсалкын, 20 жашта. Ош мамлекеттик университетинин кытай тили факультетинде окуйт. Экөөбүз эки ай мурун Бишкектен таанышканбыз. Аны бир көрүп жактырдым. Орундуу сүйлөгөн, адептүү кыз. Эки айдай сүйлөшкөндөн кийин ал мен күтүп жүргөн кыз экенине көзүм жетип, биринчи кадамды кылдым. Буюрса, ноябрда үйлөнөм.

– Жылдыздар эл алдында сүйүктүүлөрүнүн колун сурап үйлөнүшчү эле. Сен да ошенттиңби?

– Айсалкынга алдын ала “мен романтик эмесмин. Башкалардай болуп сюрприз уюштуруп колуңду сурабайм” деп айткам. Ал туура эле түшүндү. Ага кылган мамилем менен эле сүйөрүмдү билдиргем.

– Сүйүүңөр түбөлүктүү болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Tiken
2019-10-28 09:51:39
Алыс кетпептирсин, бактылуу болгула!!! Адептуу кызын экоонор жытташып жата беленер, менин эле коздорум калп корбосо)))
+21
010288
2019-10-28 10:23:26
Адептуу экенин кордук жытташатго тимеле
+17
PrinsessaNuri
2019-10-28 11:00:26
010288,азыр элдин баары эле жытташып Киргизип калбадыбы инстаграмга . Булар эле эмес
-5
Dembele84
2019-10-28 10:32:10
А молодец ука
-5
mela
2019-10-28 18:28:06
10жаш кичуу е мое.
+1
Djal1987
2019-10-28 18:28:27
Даныяр инстада бир видеонор журот бири биринерди опкулоп обушорунорго аз эле калыптыр. Эркек башын мн уялсан боло. Жакында чпокайтетип жатканынды да киргизесин бул капатанда. Кичине уялсан агаларындан. Бет керек да шерменде. Шоу бизнесте адептуу братан жигиттер бар ошолордон улгу ал, кусок асылып турган этинди управляйтете албасан. Мисалы Бек Борбиев С Бейшекеев, Эльмурат, Н Насип, Абир Касенов, ж.б.у.с. сага окшоп катындын мойнунан тартып зордоп чалпылдатып опкулоп инстага жуктоп аткан жок
+8
Gul_gulum
2019-10-29 21:06:50
Djal1987,ошол видеосун кайдан коро алам
+1
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-10-28 20:13:30
Жаман айткым келбейт. Ким кандай болсо өзүнө жараша түгөй берет деп коёт эмеспи. Данияр Эрматовдун кандай жүргөнүн билет болушу керек. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун түбөлүктүү.
+1
vikidiki
2019-10-29 09:09:58
Эми бул экоону да урушутуралы ар кайсыны жазып атып.
+2
Nurmatova.
2019-10-29 09:24:15
Тооба ишинер не экен а.
Бактылуу болсун!
Данияр Эрматов жонокой,жакшы ырчы. Ар бир адам бактылуу болууга укугу бар, бактылуу болушсун!
+2
admin_portal
2019-10-29 11:07:23
Djal1987, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Siren.ms
2019-10-29 13:01:05
Не сериезный баладай корунот мага кызы деле озундой да ошо бактылуу болгула бирок
-1
Xankeldievamari9m
2019-10-29 15:03:32
Адамдар не мынча негативке толуп кеткенбиз?! Жөөөн эле бакыт каалап койсок болот го. Бактылуу болушсун!
+1
arimaz89
2019-10-29 17:23:20
Жылдыздары жанган жакшынакай түгөй болчудай. Түс бириксе жол болот дешчү эле улуулар. Түспөлдөш экен экөө. Бактылуу болушсун!
+2
_PeriWa_
2019-10-30 10:34:24
Кана менин жазганым жок го?Ыя админ?
0
admin_portal
2019-10-30 12:31:57
_PeriWa_, саламатсызбы! Кайсы билдирүүңүз жок болуп жатат?
0
asman.81
2019-10-30 15:51:24
Данияр сен адептуу,жакшы эле журчу элен бирок жогоруда Djal1987 айтканы эн туура,ото адепсиз жоругунарды интернетке киргизипсинер.Кыз башы менен тигил кыз да уялып койбой тилин чыгарып алып жосунсуз жоруктарын корсотуптур.Аз да болсо куйормандарынды сыйлап койбопсун.
+6
Takesha87
2019-11-01 11:55:32
Жон эле бакыт каалап жазып коелук бир туугандар, бири бирибизди сыйлайлы
0
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан