24-октябрда борбордогу тойканалардын биринде ырчы Сема уулуна элден бата алып, ошондой эле үй той берди. Ырчынын мындай жакшылыгына тууган-уругу, шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жакын санаалаштары келишти. Сема жакшылыгы тууралуу:
– 10 жылдан бери үй куруп бүтө албай келе жатам. Биздин башка үйлөрүбүз да бар. Ошолордун жана уулумдун тоюн кошуп элден бата алып отурабыз. Кыргызда үч журт болот эмеспи, ата журт, тага журт, кайын журт дегендей. Алардын баары жана шоу-бизнесте топтогон досторум, маданият чөйрөсүндөгү алдыңкы инсандар баталарын берип кетишти.
Тойду Чыңгыз Мырзаев башкарып берди. Тойго кызым менен ырдаган дуэт жана кызымдын ырдаганы өзгөчөлүк кошту окшойт. Элге аябай жакты, жакшы колдоп беришти. Ошондой эле уулум Элхан өзү тарткан кыска метраждуу фильмин көрсөтүп элге жагымдуу маанай тартуулап алкыштарын алды. Негизги максатым ак бата алып аталык милдеттин бирөөсүн аткаруу болчу.