Көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткен Бегимай Бекбоева наристе күтүп жатканы белгилүү болду. Ырчы ушул жылдын май айында турмушка чыкканын айтат.
– Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам. Бирок көптөгөн күйөрмандарым "эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?" деп тынчсызданып жатышкандыктан, кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм. Кудай буюруп аман-эсен көз жарып алсам, анан чыгармачылыкка киришем. Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганыма каршы эмес. Көз тиет деген ырым бар эмеспи, андыктан көз жарганча наристе тууралуу кенен маалымат айтпай туралы деп чечтик,- дейт ырчы.