СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Кыз ыйлап жатты. Тек үн чыгарбай, көзүндөгү бермет жаштары гана куюла берди. Рустамдын жүзүнө тигилди. Эч нерсе өзгөрбөгөндөй... Дагы деле чексиз сүйгөн, чексиз урматтаган, камкор, боорукер, сулуу көздөр... А бирок эмне үчүн мындай суук сөздөрдү айтып жатат? “Жок, тамаша кылдым” деп каткыра тура келсе деп жатты. Бирок андай болбошуна да ишенип турду.
– Мен күнөөлүүмүн,- деди кыз калтыраган эриндерин кыбыратып.
– Мен бактысыз жаралгам. Эсиңдеби, ар дайым сени колуман бирөө сууруп кетчүдөй болуп корко берчүмүн. А сен “эч качан андай болбойт, менин кичинекейим. Мен сени таптакыр жанымдан чыгарбайм” деп ишендирчүсүң. Мен коркуп да, кубанып да кетчүмүн. Эми баары бүттү. Себебин билиштин да кажети жок. Мен сенин теңиң эмес экенимди мурун эле билчүмүн.
Кыз ордунан араң туруп, Рустамдын колундагы туфлисин алып, илкип жөнөдү. Ийинине түшкөн оор жоготуудан араң басып бараткандай сезилди. Рустам Айдананын баратканына эч макул болбой кетти. Ушул боюнча дилине жат болуп кетерин эстегенде, чок баскандай секирип чуркап барып, аркасынан кучактай калды.
– Бир аз убакытка, бир аз гана убакытка жанымда турчу,-деди энтиге.
Бороондо калгандай кайыккан үнүнөн анын да жүрөгү кансырап жатканын туя салды Айдана. Ошол замат өзү тууралуу унутуп, Рустамды кучактай берди.
– Мен...
– Айтпа, үн катпа.
Энтиккен экөө көз жаштары чууруп, кучакташып турушту. Алардын кайгысына ортоктош болгондой ак кайыңдар да күңгүрөнө кайгырышып, махабаттын ысыктыгынан ай жүзүн жашыра булутка сиңип кетти.
Ошондой болду. Кечээ эле бактысы тоодой болуп, аалам гүлстан болуп турган экөө эки жерде томсоруп турушту.
Айша томсоруп отурган уулуна тигиле берди. Бир нерсе деп сөз баштайт деп күтсө, бир чекитти тиктеген уулу кыймылсыз.
– Уулум, бир нерсе дечи.
– Эмне дейин, апа. Айтар сөзүм да жок.
– Айнура жаман кыз эмес. Көрөсүң го, бала төрөлгөндөн кийин баары өз ордуна келет. Бала деген кандай бакыт экенин билбейсиң, балам. Ата болгонуңдан, садага кетейин. Уулум чоңоюп, неберелүү кылат деп канча күтүп келдим. Эми кыялыма жетип отурам.
– Апа, ай, жаным кыйналып турганын сен сезбегенден кийин...
Рустам таарынычтуу бурк этти. Жүрөгү күйүп баратса, неберелүү болом деп турган апасына чындап таарынды. Айша селт дей түштү. “Балаң түшкүр ай, чын эле ноокастап турат окшойт. Жүзү кумсарып кантет?..” деп бушайман болуп турду.
– Апа, жашоомду эмне кылып алдым?
Каргылданган уулунун үнү эненин жүрөгүн сыздатып жиберди. Эч качан мындай чарасыз, айласыз кебетесин көргөн эмес. Кичине кезинде бирөө ызалап койсо да апасына айтып даттануу оюнда жок эле. Эми чоңойгондо апасынан жардам сурап, чарасыз отурганына эч ичи түтпөй кетти.
– Рустам, сени эркек дейт. Минтип бышактап отуруунун кажети жок. Мен сени минтип тарбиялаган эмесмин. Эгерде балаңды атасыз өспөсүн десең, өзүң басып өткөн жолду бастырбайын десең, Айнурага үйлөнөсүң. Андай кылбайм десең да өз колуңда. Болгону, атаңа окшоп өмүр бою өкүнүп өтпөс бекенсиң?!
– Болду, апа, Айнура менен тойдун качан болору тууралуу сүйлөшө бергиле. Эми эч качан бул сөзгө кайрылбайбыз.
Ушуларды айткан Рустам үйүнөн чыгып кетти. Жалгыз басып жүрүп, сейил бакка келип отурду. Бул жерге апасы кичине кезинде көп алып келе турган. Кайсы бир ата уулун ээрчитип же эркелетип жатканын көрсө, суктана тиктеп алар эле. Эми өзү ата болгону турат. “Жок, менин балам эч качан атасыз болбойт. Эч качан бирөөлөрдү умсунуп карабайт. Кандай болгон күндө да баламды мен эч качан таштабайм” деп жатты тиштене.
Жанына келген адамга орун бошотуп ары жылды. Бирок тиги адам отурган жок. Башын көтөрө берип, өзүн тиктеп турган адам Иман экенин көрдү. Биринчи жолу бул адамга баам салып карашы эле.
– Сүйлөшөлүбү, уулум?
– Мейли.
Имандын жүрөгү дүкүлдөй түштү. Ар дайым кагып же ар дайым сыртын сала оройлонуп кетип калчу Рустамдын минтип жумшарып калганын сезди.
Биринчи жолу ата-бала скамейкада чогуу отурушту.
– Бул жерге келип, балдардын оюнун карап көп отурчумун. Ошол убакта эле сен жана апаң тууралуу ойлонуп, келбетиңди, жүзүңдү көз алдыма келтиргенге аракет кылчумун. Кээде өзүмөн өзүм кичине баланын оюнчуктарын сатып алчумун. Бирок кимге береримди билбей, бул жакта ойноп жүргөн балдарга таркатып ийип отурар элем. Көрсө, мен сага өзүм да билбей кусаланчу экем. Кусалык жүрөгүмдү эзип, балапан жытың кадимкидей мурдума урулчу. Балким, балалуу болсом, сен деген оор жараатты унутуп салмакмын. Бирок Кудай мага сенден башка бала берген жок.
Иман токтоп калды. Ата-бала экөө тең томпоңдоп ойноп жүргөн балдарды тиктеп үнсүз отурушту.
– Ата гана издебейт экен. Көрсө, бала да издейт экен ата мээримин. Мен да сени издечүмүн, ата. Кандай адам экениңди билбесем да, караа­ныңды көрбөсөм да көз алдыма элестетип, алдыңдан чымылдап чуркап чыкканымды кыялданчумун.
– Уулум, мени кечир. Ата деген сөзүңдү укпай арманда кетемби дечү элем. Ата деге­ниңден айланайын, балам! Кечир мени!
Иман ордунан тура калып, асфальт жерге тизесин уруп алганга да кайыл боло баласынын бутунан кучактады.
– Кечирдим, ата...
Биринчи жолу кучакташкан ата-бала көп жылдык кусасын, сүйүүсүн, ызасын төгүп турушту. Имандын жаштуу көздөрү баласынын жүзүнө тигилип, анын чындап кечиргенин көрдү.
Ошол күндөн кийин Рустам Имандын үйүнө биротоло көчүп келди. Эми телегейи тегиз болгон Имандын сүйүнүчүндө чек жок болчу. Рустам менен Айнуранын үйлөнүү тоюн ойлоп, терисине батпай сүйүнүп жатты.
– Байбиче, эми балдардын үйлөнүү тоюн берип коюп, уулум экөөбүз шаар кыдырып гастролдоп кетебиз. Келиниң экөөң үйдө каласың.
– Силерге жага бербей калды да. Мурун эле үй бетин көрбөчү элеңер, эми кошулуп алып жүрөт экенсиңер да.
– Ата, мен музыканы таштайм,- деди капысынан буга чейин үнсүз отурган Рустам.
Иман менен Айша бирин-бири түшүнбөй тиктешип калышты. Элейген экөөнү тиктеген Рустам дагы бир жолу салмак менен жай айтты.
– Мен мындан кийин ырдабайм, ата. Ушинтип чечтим.
– Эмнеге, балам? Сен музыкант болуп төрөлгөнсүң. Мен көп жылдар бою жеткен бийиктикти жапжаш кезиңде багындырдың. Өзүңдүн келечегиңди талкалайын деп турасыңбы?
– Жок, ата, жаңылышасың. Мен эч качан музыкант болгум келген эмес. Болгону, сенин көзүңө көрүнүш үчүн болгон аракеттер болчу. Эми анын эч кимге кереги жок. Анын үстүнө музыка менин дүйнөм эмес. Жакында жогорку окуу жайына тапшырам. Юрист болгум келет.
Иман менен Айша бирин-бири тиктеп отуруп калышты. “Ушундай да болобу? Сен бир нерсе десең боло?” дегендей тиктеген Имандан Айша көзүн ала качты.
– Балким, башка да себеби бардыр...- деди уулун сынай тиктеген эне.
– Жок, апа. Бир үйдө бир музыкант эле жетишет. Сиз мени “юрист же врач бол” деп айтчу эмес белеңиз. Чын эле сиздин кеңешиңиз туура экен. Балким, сиздин чыйырыңызга түшөм.
Апасын эркелете жылмайып койгон Рустам кылдыратып отурган гитарасын ордуна коюп, спорттук күрмөсүн алып чыгып кетти.
– Сен айтсаң боло...
– Эмне деп айтайын?- айласы куруган Айша майлыгын ыргытып жиберип отуруп калды.
– Рустамдыкындай үн, аныкындай талант чанда кезигет. Өзүң деле көрдүң го, эл аны кандай кабыл алды?! Мындай талантты кор кылуу туура эмес. Канчалык жакындык издегеним менен, менден качып турганы турган. Гастролго чыгабыз деп тамашалабай эле турбай...
– Жок, Иман, Рустам муну эбактан эле ойлоп жүргөн. Уулуңду дагы деле жакшы түшүнө элексиң. Мейли, бир эсептен алыс эле болгону туура.
– Кимден? Менденби?
– Кургурум ай,- деп шылдың­дай баш чайкап алды Айша.
– Сенден неге качат эле? Кача турган башка адамы болуп жатпайбы...
Иман шалдайып отуруп калды. Көз алдына уулу экөө бир сахнада туруп, бири аспапта ойносо, бири ырдап жатканын элестетип турду. “Эх, кыялдардын баары аткарылса кана?! Бирок баары аткарылбайт тура. Болуптур, жок дегенде жарымы болсо да аткарылганына каниет дейли”.
– Байбиче, жана гастролго чыгам деп тамашага чалып айттым. Карыганда сенин жаныңдан чыккым деле келбейт,- деди бир аздан соң Иман Айшанын көңүлүн карап.
– Өнөрүңдү эл баалап турса, мен бир нерсе дейт белем. Болгону, дарыгер катары ден соолугуңа кам көр деп айтайын дедим эле. Болбосо, «жүрөгүм жаш» деп делдеңдей берип, бир күнү...
– Оо дүйнөгө кете бербе дегени турасыңбы.
Тамашага чалган Иман каткырып күлүп калды.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан