МАЙЛУУ ТАМАК – ИНФАРКТКА КАБЫЛУУНУН БИР СЕБЕБИ

Статистикага кайрылсак, Кыргызстанда жыл сайын жүрөк оорусунан 18 миңдей, ал эми күн сайын 50дөй адам көз жумат. Миокарддын инфаркты да жүрөк ооруларына кирет. Дарттын жаралышы жана аны дарылоо жолдору тууралуу кардиохирург Эсаналы Сарыков маалымат берди.

ЖҮРӨКТҮН БУЛЧУҢУНА КАН БАРБАЙ КАЛЫП, ТКАНДАРДЫН ӨЛӨ БАШТАШЫ

Миокард – жүрөктүн булчуңу. Ишемия – жүрөктүн булчуңуна кандын барышынын азайышы же барбай калышы. Демек, миокарддын инфаркты жүрөктүн булчуңуна кандын барбай калышы менен анын ткандарынын өлө башташы.

Жүрөктө 3 артериалдык кан тамыр бар. Анын экөө жүрөктүн сол карынчасында, бирөө оң карынчасында жайгашкан. Сол жактагылары жүрөктү кан менен 75 пайыз камсыздайт.

Миокарддын инфарктына жеткирүүчү башкы себеп – атеросклероз оорусу. Аталган ооруда артериялык кан тамырдын керегесинин (стенка) бир жерине холестерин түйдөкчөсү туруп калат да, ал жерге башкалары жабышып, көлөмү чоңоё берет. Чоңоюп кеткенде кан тамырда тыгынды пайда кылат. Кан жетишсиздигинен жүрөктүн пристубу кармаганда май түйдөкчө жарылып, уюган кан (тромбоз) жүрөккө өткөн канды биротоло бууп калат. Ошентип миокарддын инфаркты келип чыгат. Жүрөктүн булчуңу кан барбай калгандан 20-40 мүнөттөн кийин өлө баштайт (некроз).

Жүрөктүн кан тамырларынын биринин же экөөнүн тең кан тамырлары холестерин түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп калуусу мүмкүн. Кээде үч артериялык кан тамырдын чогуу башталган эң жоон жеринен (эне тамыр) кан тамыр холестерин түйдөкчөсү менен буулуп калат. Мындайда адамды сактап калуу ыктымалдуулугу жок. Бир же 2 кан тамыр буулуп калса, анда адамды сактап калууга мүмкүнчүлүк бар.

ИНФАРКТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Жүрөктүн кагышы ылдамдап, жүрөк сайгылашып кысылып катуу оорутат, көкүрөк ысып чыгат
  • Оорутуу сол тараптагы колго, моюнга, ийинге, далыга тарайт
  • Оорутуу жаактын ылдыйкы бөлүгүнө, ич тарапка да берилет
  • Муздак кара тер басат, тери кубарат.
  • Аба жетпей кыстыгуу, демигүү жаралат
  • Адам кусушу мүмкүн
  • Приступ 15 мүнөттөн тартып бир нече саатка чейин созулушу ыктымал

Инфарктка көбүнчө эркектер кабылат. Анткени аялдардын организминдеги гормондор аны канча бир пайызда сактап турат.

ИНФАРКТ БОЛГОНДО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Оору белгилери билинген адам ашыкча кыймылдабай, түз жерге жатуусу керек. Жанындагылар же үйүндөгүлөр башын бийик жаздап берүүсү, кечиктирбей “Тез жардам” кызматын чакыруулары зарыл. “Тез жардам” келгичекти тилинин алдына 1 таблетка аспирин менен 1 нитроглицерин дарысын салуу сунушталат. Аспирин коюуланып кеткен канды суюлтса, нитроглицерин жүрөктүн кан басымын түшүрөт жана кан тамырды кеңейтет.

Эгер бир жолу колдонууда нитроглицерин жардам бербесе, анда аралыгын 15 мүнөт кылып дагы 2 жолу берүүгө болот. Жалпы 3 жолу берилет. Андан ашык берсе кан басым өтө түшүп кетип, адамдын абалы ого бетер оорлойт.

Эскертүү: эгер адамда ашказан жарасы болсо аспирин берүүгө болбойт!

Эгер “Тез жардам” кызматы жок аймак болсо, анда аны машинага түз жаткызып башын бийик коюп, тезинен эң жакын ооруканага алып баруу керек.

Адам айылда же шаарда жашайбы, медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөн соң аны 3 саат ичинде тезинен ангиограф аппараты бар шаарга алып барып, ангиопластика операциясын жасатуу зарыл. Анткени кан барбай калгандан улам өлө баштаган жүрөктүн бөлүгү чоңоюп кете электе, башкача айтканда, соо ткандарды көбүрөөк сактап калууга аракет кылуу керек.

Инфарктка кабылган адамды алып барар замат ал жердеги врачтар анализин алып, ангиоаппарат аркылуу коронарография жүргүзүшөт. Коронарографияда ооруну сездирбөөчү укол сайылып, адамдын жоон санындагы же колундагы күрөө кан тамырга ичке катетер киргизилет. Ал катетер жүрөктүн кан тамырларына контрасттык суюктукту, буга кошо стент (тирөөч) жеткирет. Контрасттык суюктук кан тамырдын кайсы жери бүтөлүп калганын монитор аркылуу көрүүгө жардам берет. Ангиопластика – кан тамырдын ошол бүтөлгөн жерине стент коюу. Стент кан тамырды калыпта кармап турат.

Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо (май түйдөкчөлөрү тамырды узатасынан жаап калса), анда аорта-коронардык шунт коюлат. Шунт кан тамырдын жарабай калган бөлүгүн алмаштыруучу жасалма кан тамыр.

ЧОҢ ЖАНА КИЧИНЕ ОЧОКТУУ ТҮРҮ

Инфаркт 2 түргө бөлүнөт. Жүрөктүн булчуңунун кан жетпей калган бөлүгү чоң болсо, чоң очоктуу, кичине болсо кичине очоктуу делет. Чоң очоктуу инфарктта айрым учурда жүрөктүн булчуңунун өлгөн бөлүгү басымга туруштук бере албай, айрылып кетиши мүмкүн. Мындай болгондо кан жүрөктүн баштыкчасына куюла баштайт. Эгер тезинен операция жасалбаса, адам өмүрү менен коштошот. Айрымдар турган жеринен мүрт кетиши мүмкүн.

Кичине очоктуусун дарылап-айыктыруу оңоюраак, чоң очоктуусу кыйынга турат жана узак убакытты талап кылат. Инфарктка учураган жер калыңдап, катуу тартып калат (берч сымал). Бул өмүр бою кетпейт. Ткандары өлгөн бөлүктүн милдетин соо ткандар аркалап, аларга күч түшүп, жүрөк кыйналып иштейт. Адам жүрөгүнө жардам берүү үчүн өмүр бою үзгүлтүксүз дары ичет.

Эгер адамга 3 саат ичинде ангиопластика жасалбаса, анда кийинки 9 саат ичинде жасалышы зарыл (адам каза болуп калбаса). Албетте, бул убакытта жүрөктүн булчуңдарынын көп бөлүгү өлөт, кантсе да адамды аман алып калууга болгон үмүт.

Инфаркттан кийин калыпка келүү үчүн дары-дармектерден тышкары физикалык көнүгүүлөр, диета сунушталат. Куурулган, майлуу, туздалган, ышталган азыктарды жебей, жашылча-жемиштерге, майлуу эмес сүт азыктарына, семиз эмес балыкка басым жасоо керек. Тоок жана үндүк эттеринин териси сыйрылып сууга бышырылат. Туз болушунча аз колдонулат. Спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт!

ИНФАРКТКА АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ БАШКА СЕБЕПТЕР

  • Жогорку кан басым оорусу
  • Тукум куучулук
  • Жүрөктүн стенокардия оорусу
  • Кант диабети
  • Тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү
  • Аз кыймылдуулук, ашыкча салмак


ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

  • Жашылча-жемиштерди көп колдонуу
  • Атеросклероз оорусунун алдын алуу (малдын майы, семиз эт, майлуу тамактар холестерин түйдөкчөлөрүн жаратат. Андыктан малдын майын колдонбой коюу оң)
  • Кан басым оорусу бар болсо, убак-убагы менен электрокардиограммадан, эхокардиографиядан өтүп туруу
  • Кант диабети барлар кандагы канттын өлчөмүн көзөмөлдөтүп туруусу зарыл
  • Стресстен чыгуу жолдорун үйрөнүү
  • Семиздер арыктоого аракеттенүүлөрү керек
  • Спорт менен алектенүү, жок дегенде эки күндө бир 30-40 мүнөт чуркоо же анын ордун тез басуу менен алмаштыруу
  • Тамекини таштоо (бул адатты калтырса инфарктка кабылуу коркунучу 79 пайыз азаят).


ЭСКЕ АЛУУ ОҢ!

Атеросклероз, жогорку кан басым, кант диабети оорусу барларда миокарддын инфарктына чалдыгуу коркунучу чоң. Алар врач жазып берген дарысын үзбөй ичүүлөрү зарыл. Жандарында дайыма аспирин, нитроглицерин болуусу шарт.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, организмдеги билинбеген оорудан жана болочоктогу инфаркттан кабар берчү белгилер: уктап жатканда коңурук тартуу, дем алуунун кыска убакытка токтоп кала баштоосу, тиштин бүйлөлөрүнүн каноосу жана буттун шишүүсү, жүрөктүн кагышынын бузулушу, басып баратканда тең салмактын жоголуусу. Мындан тышкары эркектерде чачтын түшө башташы. Мындай белгилер билинер замат кардиологго көрүнүү зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА