Бул ирет кол жазмасы аркылуу ырчылардын мүнөзүн байкап көрдүк. Ал үчүн ырчыларга өзү каалаган темада актай баракка кыска текст жазып берүүсүн сурандык. Алардын кол жазмаларын анализдеп, мүнөзүн айтып берүү милдетин профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков колуна алды. «КОЛ ЖАЗМА ЭЭСИНИН ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООСУ ТӨМӨН»
Бул адам өтө абайлап иш кылат. Бир ишти жасаарда анын оюнда шектенүүлөр болот. Сүйлөөр сөзүн таразалап, байкап сүйлөйт. Жасалмалуулугу бар адам. Алдына коюлган ишти ашыгы менен аткарат. Буйрук, тартиптердин адамы. Башкалардын оюнан көз каранды. Ийгиликсиз болуп калуудан коркот. Ар жагдайда өзүн камсыздандырууну ойлонот. Ички туюму күчтүү өнүккөн эмес, дайыма көйгөйлөрү тууралуу ойлонуп жүрөт. Өзүн-өзү баалоосу төмөн. Баарлашууда купуялуулукка артыкчылык берет. Бирөөнүн таасири астында калуусу оңой. Өтө тыкан.
«БУЛ АДАМ КОМПРОМИССКЕ ЖАКЫН»
Бул кол жазманын ээсинде табигыйлык бар. Чын ыкластуу адам, сезимдери таза. Оор басырыктуу эмес, жеңил. Жан дүйнөсү эркиндикти сүйөт, активдүү, оптимист, амбициясы күчтүү, энергиясы ашып-ташкан, жашоону сүйгөн адам. Чыгармачыл, тамашакөй, эрктүү, аналитикалык ой жүгүртө билет. Көпчүлүктөн айырмалангысы, өзүн көрсөткүсү келет. Кадамдарын кылдат аныктап алып иш жасайт. Ички туюму жашкы өнүккөн. Адамдар менен сүйлөшүүсүндө “пафос” үстөмдүк кылат. Талашып-тартышып, өз позициясын коргогонду жактырат. Адамдар менен бат тил табышат, компромисске жакын. Тажатма жана шектүү ойлорго көп кабылат.«БУЛ АДАМ БЕТ КАПТЫН АРТЫНДА ЖАШАЙТ»
Көпчүлүктөн айырмалангысы, өзүн көрсөткүсү келгени, эл мени байкасын деген аракети авторду башкалардан айырмалап турат. Шайыр, фантазиясы күчтүү, тырышчаак адам. Максатына умтулат, бирок айланасындагылардын пикиринен көз каранды. Өтө үнөмдүү, айрым учурда майдачыл. Бул адам бет каптын артында жашайт, өзүнүн анык жүзүн элге көрсөтүүдөн коркот. Перфекционист, баары идеалдуу болушу керек деген тартипти карманат. Кол жазманын ээси максималдуу түрдө өзүн көзөмөлдөп тургандыктан анчейин эркин эмес, кандайдыр бир басым алдында жашайт. Ойлогон оюн жана жүрүм-турумун толук бойдон элге жайып, ачыктап берип койбойт, жашыргысы келет. Дайыма сак жүрөт. Сүйлөшүүдө жасалмалуулук бар, жабык адам. Чачыранды болбой, бир нерсеге толук бойдон көңүлүн топтой алат. Сынга көңүл бурат, бат эле “кайнап кетет”. Жоопкерчиликтүү, бирок эрки бош, бир аз жалкоо, башкаларга жол бошотуп бере алган сапатка ээ.
Перизат Музуратбекова