Абир Касенов, ырчы: «КЫРГЫЗЧА ЫРДАБАЙСЫҢ ДЕГЕН СЫНДЫ УГУУ МАГА ОҢОЙ ЭМЕС»
Бул жолку каарманым чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, ырларынын сапатына көңүл бургандардын бири. Ал ар бир ырынын үстүнөн жылдап иштейт, купулуна толбой калса, элге чыгарбайт. «Ты у меня одна», «Принцесса», «Жаным» жана башка 60тай ыры ошентип жаралган. Анда айтылуу актёр, режиссёр, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Орозбек Кутманалиевдин небереси, ырчы Абир Касеновдун чыгармачылыгын, жан дүйнөсүн, сүйүүсүн, кыялдарын камтыган ааламга саякаттайбыз.
– Абир, кош келипсиз! Сиз «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамына, «Принцесса» деген ырыңыз «Жылдын супер ыры» наамына талапкер болду, кабарыңыз барбы?
- Ооба, кабарым бар. Мени буга чейин да ушул сыяктуу номинацияга көрсөтүшүп, бирок утулуп калгам. Мен ар бир артистти сыйлайм. Ошондой эле өз ырларымдын дараметин билем. Ырларымды эл угат. Анан ырың 10 кишинин 9у уга элек ырдан артта калса, жаман болот экенсиң. Мен өзүмө-өзүм добуш бере албайм. Элге «мага добуш бергиле» деп да айта албайм. Эл өз көңүлү менен тандашы керек.
– Жакшы. Кайсы ырчылардын ырын угасыз, чыгармачылыгын баалайсыз?
- «ПБЛ 75» тобун Кыргызстандагы рэп маданиятынын туу чокусу деп эсептейм. Мирбек Атабековдун, Арсендин иштегени жагат. Өздөрү жазбай, ырды сатып алгандар бар. Сатып алса, анда аны жогорку деңгээлде аткарышы керек деп ойлойм. Дүйнөлүк легендалардан Фредди Меркурини алсак, ал өзү да ыр жазган. Бирок негизги хит ырларын ага жазып беришкен. Карагыла, кандай деңгээлде аткарган. Ошол эле Майкл Жексон, Фаррелл Уильямс, Жастин Тимберлейк. Кандай гана жакшы ырдашат. Бизде Атабеков жакшы ырдайт. Мага «Барам сага», «Ильяздын ыры» Атабековдун аткаруусунда жагат. Көпчүлүк учурда ырларды автордун жан дүйнөсүн сезип аткаруу кыйын. Мындан тышкары Фрэнк Синатра, Бобби Хебб, Пафф Дэдди, Тупак жана башкалардын ырларын угам.
– Сиздин ырларыңыз кандай жаралат?
-Мен алгач обонун жазам. Обон жаралгандан кийин ага кандай текст жазылышы керек экенин өзүм билем. Орусча текстти өзүм жазам, кыргызчаны башкаларга жаздырам. Ырды 2-3 күн бир бөлмөдө жалгыз отуруп алып чыгарам. Ал учурда мага эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Эшик тыкылдаса эле эргүү качып кетиши мүмкүн. Мен түндө ойгонуп гитара кармап отуруп калышым мүмкүн. Анткени эргүү ар кайсы убакта келе берет.
Бир ырды 1 жылда жазып бүтөм. Мисалы, «Принцессаны» 2018-жылы кышында жаздыргам. Аны элге чыгарбай өзүм угуп жүрдүм. Анан жай мезгили келгенде ал ырым өзүмө жага баштады. Жайдын таасири болду окшойт, ырды маанайга жараша угабыз да. Өзүмдүн купулума толо баштаганда гана элге чыгардым. Мен ар бир ырымды жаздырып алып, жумалап, айлап же жарым жылдай өзүм угуп жүрөм. Анткени ал ырды кайсы бир эмоциянын алдында жазган болушум мүмкүн. Ал эмоция өтүп кеткенден кийин деле ырым өзүмө жагып жатса, анда ал жакшы чыгарма, элге чыгарса болот. Жакпай калса чыгарбай коём. 2018-жылдын башынан бери жазылган 10 чакты ырым өз сандыгымда катылып жатат.
– Сизге кандай сын көп айтылат?
-Ырларың, аткарганың окшош дешет. Ооба, ошондой. Анткени ар бир аткаруучунун өзүнүн өзгөчөлүгү, стили болот. «Эл ырларың окшош деп жатат, өзгөртөйүн» деп Тупак «Кызыл өрүктү» ырдап салса, кандай болот? Ошол эле Александр Розенбаумду алсак, анын ырлары да бири-бирине окшош. Анткени ал Розенбаум. Башкача ырдаса, ал Розенбаум болбой калат. Абир Касенов да «Кызыл өрүктү» ырдаса, анда ал Абир Касенов эмес.
– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алексиз?
-Акыркы беш жыл чыгармачылык менен гана алекмин. Чыгармачыл адам толук түрдө чыгармачылыкка берилип, башка ишке алагды болбошу керек деп эсептейм.
– Анда чыгармачылыгыңыз сизди багып жаткан экен да?..
-Мен мурда тойго чыгып акча тапса болорун билчү эмесмин. MTV каналын көрчүмүн. Ал жакта тойлорду көрсөтпөйт да. Сахнага чыгып ырдаган ырчыларды көрсөтөт. Аны көрүп, сахнага чыгып ырдоону кыялданчумун. Ал учурда өзүм үчүн гана ыр, музыка жазып жүрдүм. Кийин үй-бүлөмдү багыш керек болду, соода-сатыкка өтүп кеттим. Азыр тойлорго чакыруу болгондо барам. Анткени биз, артисттер, тойдон гана акча таба алабыз. Концерттен жакшы акча таба албайбыз. Анткени бизде 6 миллион гана жаран бар. 20 миллион болсок, элди кыдырып концерт берип, тойго чыкпай коймокмун.
– Сизге кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албагандыгыңыз боюнча көп суроолор берилсе керек?
-Ооба. Мага бала бакчадан эле орус тилде пайдубал тургузуп коюшкан, дүйнөнү орус тилинде тааныдым. Мектепте, жогорку окуу жайында орусча окудум. Азыр бир аз үйрөнүп калдым. Бирок оюмду толук жеткире албайм. Тилди бала бакчадан баштап үйрөтүп, аң-сезимге сиңириш керек. Өлкөдө жалаң кыргыз тилинде иш алып барып, кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттендиребиз дешсе, мен биринчилерден болуп бул демилгени колдоп чыгам.
“Кыргызча ырдабайсыңбы” деген сынды угуу мага оңой эмес. Кыргызча ырдай алам, бирок ал ырда эмоциямды жакшы бере албай калышым мүмкүн. Мен таза кыргызмын, жан дүйнөм кыргыз. Кыргызча сүйлөй албаганыма жаман болом.
– Чоң атаңыз, Кыргыз Эл артисти Орозбек Кутманалиев тууралуу айтып бериңизчи. Аны менен көп эле сүйлөшчү белеңиз?
-Чоң атамдын 9 баласы бар, неберелери да көп. Балаң көп болсо аларга сүйүүнү бөлүштүрүү да кыйын. Экөөбүздүн мамилебиз бардык чоң ата-неберелердикиндей эле болчу. Сүйлөшчүбүз, ал мага ар кандай окуяларды айтып берчү. Чоң атамдын Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын алганына сыймыктанам. Мен ар бир Кыргыз ССРинин Эл артисти, Эмгек сиңирген артисти наамынын ээлерине таазим этем. Ал учурда наам алыш оор болчу да, азыр оңой. Бир ырчынын бир чоңдун тоюнда ырдап, Эмгек сиңирген артист наамын алганын уктум.
Мен да Эл артисти наамын алууга умтулам. Бирок документ тапшырып аракет кылбайм. Эгер мен татыктуу болсом, мени өздөрү таап, колума тапшырышат. Башка артисттерге да ушундай кеңеш айткым келет, наам үчүн өзүңөр чуркап документ тапшырбай, татыктуу болгула, эл өзү силерди ошол наамга көрсөтүшү керек. Негизи баракка жазылган наам эмес, мен үчүн элдин баасы кымбат. Мага «рахмат, ырларыңыз жагат» деп айтышса, ошол баарынан бийик.
– 4 балалуу экениңизди билебиз. Кандай атасыз?
-Кээде жаман, кээде жакшы. 5 жаштагы улуу балам такыр сөз укпайт, аябай тентек. Кээде урушуп коём. Ал менден гана коркот. Балдар үйдө бирөөдөн коркуп турушу керек деп ойлойм. Мен да атамдан коркчумун. Азыр да атама унчуга албайм. Бул туура тарбия деп ойлойм. Уулум да мени угуп, мага каяша айтпашын каалайм.
– Сүйүү өтүп, жубайлар бара-бара бир туугандардай болуп калышат дешет. Ошондой бекен?
-Бул туура салыштыруубу, билбейм, бирок телефонго көнүп калгандай эле бир адамга көнүп, байланып калабыз, ансыз жашай албайбыз. Телефон го техника, алмаштырса болот. Адамды алмаштыра албайсың. Экинчи адамдын жан дүйнөсү башка. Мен кээде жубайымды жаңыдан сүйүп калам. Кандай учурда мындай болот, өзүм деле түшүнбөйм. Келинчегимди карап туруп эле сүйүп калам. Ал сезим бир канча убакыт жүрөт, асманда учуп калам. Бир убакта кайра көзүм ачылат, тиричилик көрүнө баштайт. Келинчегиме көнүп калдым. Ал да мага көнүп калган.
– Бактылуу болгула! Чыгармачылык ийгилик!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Баягы эле орусча окугам,орус мунозмун,орусча ойлоном деген эле создор. Мен деле орусча окугам. Орустар менен чонойгом. Кыргызча эле суйлойм. Ишенбейм ушундай адамдардга. Дилин сатып,тилин сатып коцгондорго. Орустарга каршы эмесмин,бирок озум тилим тушунбойм дегендерди мен да тушунбойм.
katerina.li,Ырыскы дегендин орусчасы эмне анда))
Muzik, средства к существованию, хлеб насущный
katerina.li,орусча окуп, чөйрөсүндө кыргызча суйлогондор болсо кыргызча эле суйлошо бересиң. Абир сыяктуу жалаң орусча чөйрөдө чонойгон балдар толтура. Айрыкча 90-жылдарга чейин кыргыз тилине көңүл бурулган эмес. Мамлекеттин күнөөсү ал. Менин агам бишкектен Казакстанга көчүп кеткенде мектеп курагындагы балдары кыргызча суйломок тургай түшүнчү эмес. Кийин казакча суйлоп калышыптыр. Демек ал жакта мамлекеттик тилге жакшы көңүл бурулат экен деп ойлоп калдым. Азыр деле толтура кыргызча билбеген балд
Жакшы интервью бериптир,ото чыгармачылыгын баалаган адам экен.Кеттим [moderated]ка,Абирдин ырларын угуу учун)))
Сонун ырдайт го ,ар Бир ыры жагат
Угул ырчынын жулунуп тытынбаганы жагат.Жүзү да сүйкүмдүү ..
Абир Касенов мага аябай жагат,жакшы инсандай кором...ырларын да угамын
Орусча ырдаса да сонун ырдайт,обонун,созун айкелиштирет.
Окуп калсаныз сизге уй булоолук бакыт каалайм,бар болунуз...
Мага да аябай жагат,ар бир ырын калтырбай угам,кошулуп ырдайм,эч ким жокто)
ырлары, ырдаганы эн сонун!
Биринчи коргондо казак экен дегем. Ырлары жагат особенно Кыргызстаным, Жаным деген ырлары
,,Потому что жаным,, деген ырын уйдо коп колдонобуз.Жакшы ырдайт алга! Замана ушул болсо не кылсын байкуш тил билбесе билбейт да.