2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн киргизилген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсе көбөйөрү күтүлүүдө. Эксперттер бул норма күчүнө кирсе, сырттан унаа ташуу азайып, Орусия аймагынан ташуу жанданат деген жоромол айтып жатышат. Бул жоромол реалдуулукка жакын экенин экономика министри Санжар Муканбетов да билдирди. Министр Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз өлкөсү эми ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн автоунааларды сатып ала баштаарын айтты.
– Биз эми ЕАЭБге мүчө Орусиянын, Казакстандын, Беларустун автоунааларын сатып ала баштайбыз. Беларусь өлкөсүнөн трактор, троллейбус, автобус жана башка оор техникалар чыгарылат. Алар биз бир биримдикте жашап жатабыз. Биздин өндүрүштөн чыккан унааларды да алгыла дешти,- дейт Муканбетов.
Чиновник ЕАЭБдеги мамлекеттерде уюмга кирбеген өлкөлөрдүн өндүрүшүндөгү автоунаалар да чыгарыларын, аларды да ташып келсе болорун кошумчалады.
Ишкерлер Орусиядан куралган Япония, Германиянын автоунааларынын сапатынан күмөн санашууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg