ДЕПУТАТТАР ӨКМӨТТӨН КЫТАЙГА БОЛГОН КАРЫЗДЫ КАНТИП ТӨЛӨӨ ЖОЛУН СУРАШТЫ

Ушул тапта парламентте “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда.

Депутаттар "Кыргызстан өзүнө алган каржылык милдеттемелерди аткара албай калса эмне болот?" деген маанидеги суроолорду узатышты. Кытайга жер берилет деген сөздөр чыгып жатканы айтылды. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов карыздан кутулуу боюнча өкмөттүн планы бар экенин билдирди. “Кытай менен болгон макулдашууда жерди алып коюу маселеси каралган эмес. Кыйынчылыктар бар, бирок Кудай буюрса, карызды төлөйбүз. Акыркы мезгилде бюджет, ИДП өсүп жатат. 2025-жылга чейин даярдык көрүп, карызды төлөп баштайбыз",- деди Боронов.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандын тышкы карызды төлөөдөгү эң оор мезгили 2023-2024-жылдары башталат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан