ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН МИНИСТР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АБАЛЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алып, өлкөнүн билим берүү тармагын талкуулады.

Жолугушууда Исаков 2020-2030-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкканын айтты. “Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт”,- деп белгиледи министр.

Ошондой эле 2024-жылга чейин Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын сапатын жакшыртып, эл аралык рейтингге алып чыгуу планы бар экенин кошумчалады.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан