ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ 7 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, “Шумахер”, “Шоопур” каймана аттары менен белгилүү Икрамжан Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ошондой эле ага 160 миң сом айып салынып, үй-мүлкү конфискацияланат.

Буга чейин соттук отурумдарда Илмиянов өзүнө тагылган айыпты “негизсиз” деп атап, күнөөсүн моюнга алган эмес. Илмияновдун жактоочусу Тынарбек Аскаров сот чечимине макул эместиктерин, жогорку инстанцияга кайрылышарын билдирди.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын октябрь айында УКМКнын кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап келишкен. УКМК ага “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Икрамжан Илмиянов жети жылга соттолду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан