Жакында Назира Айтбекова менен Илим Карыпбековдун аткаруусунда “Бакытка карай” деген аталышта дуэт жарык көрдү. Көпчүлүк Назираны алпаруучу, актриса катары билет. Андыктан ырдап чыкканы көпчүлүк үчүн жаңылык болду. Назира ырчылык өнөрү тууралуу мындай дейт:
– Кышында “Мыскыл жана тамаша” долбооруна катышып, өзүмдү куудул катары сынагам. Ошонун алдынан режиссёр Ырыс Окенова “элди таң калтырып, Илим Карыпбеков экөөңөр дуэт жаздырбайсыңарбы?” деп калды. Илим биздин командада болчу. Сунушту туура көрүп, ырдын сөзүн Эрнис Түмөнбаев, обонун Жазгүл Жумакановага жаздырдык. Ырды укканда эле аябай жактырдык. Концерт күнү эртең менен жаздырып, кечинде эл алдына аткарып чыктык. Башында ырчылыкка маани деле берген эмесмин. Жакында интернетке дуэтибизди жүктөп койсом, аябай көп комплимент айтышты. Буга чейин апам “ырда, тембриң жакшы” деп көп айтчу. Чынында ырчылык меники эмес деп койчумун. Ыр элге тарагандан кийин музыканттар, акындар “менин ырымды ырда” деп кезекке туруп жатышат. Дагы жакшы ыр болсо ырдап коюш керек экен деген ойдо калдым.