Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Швейцарияда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун “Пекин +25” аталышындагы бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышты. Ырчы айым иш-чара тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
– "Пекин декларациясы жана аракеттер платформасы" 1995-жылдан бери аялдар жана кыздар укугун кеңейтүү жаатында активдүү иштеп келет. 25 жылдык мааракеге карата уюштурулган иш-чара 29-30-октябрь күндөрү Женева шаарында орун алды. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан өкүлдөр чакырылып, алардын катарында Кыргыз өлкөсүнөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, депутат Айнуру Алтыбаева да катышты. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн келген ар башка тили, маданияты бар конокторго ырдоо оңой эмес. Иш-чарада мен кыргыз тилинде автордук чыгармаларымды аткардым. Алардын шатыра-шатман сүрөөсү мени кубантты. Музыкада тил жок дегенге дагы бир ирет ынандым. Кубанычтуусу, жакшы сунуштар түштү, азыр ошонун үстүнөн ойлонуп жатам,- дейт Гүлзада айым.