Ырчы Эльзар Өскөнбаева 26-октябрь күнү Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарып, кубанычы коюнуна батпай турган чагы. “Кудайым насип кылып, үчүнчү балабызды жарыкка алып келдим. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 200 грамм, бою 50 сантиметр. Атын Ислам деп койдук. Агасы, эжеси кубанып бизди үйдөн тосуп алышты”,- дейт Эльзар Өскөнбаева.
Ал эми эртеси 27-октябрь күнү “Жылдын супер көк бөрүчүсү” наамына талапкер көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу да уулдуу болду. “Буга чейин бир уул, бир кызым бар болсо да, биринчи балам төрөлүп жаткандай кубандым. Кубанычым тоодой болуп, өзүмө батпай жатат. Досум Рустам Тыналиевге уулум төрөлсө, сенин атыңдан коём деп айткан элем. Сөзүмдө туруп, уулум Рустамдай эл намысын коргогон, кыргыздын желегин желбиреткен, көк бөрүнүн атын чыгарган азамат жигит болсун деп ысымын Рустам койдум”,- дейт кубанган Сейитбек мырза.
Уулдардын бешик боолору бек болсун!