Өзүн бардык жактан сынаганды жактырган, активдүү, дайым талкууда жүргөн Айзада Жамгырчиева 2 бөлмөлүү батир алып, ата-энесине белек кылганын айтат.
– Мен Бишкекке келгенде ата-энем бир бөлмөлүү батир алып беришкен. 6-7 жылдан бери иштеп тапкан акчамды чогултуп, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алдым. Негизи ата-энеме жагымдуу белек кылгым келип жүргөн. Минтип кыялым ишке ашып отурат. Ата-энем менин батир алуу планымды билишкен эмес. Андыктан аларга күтүлбөгөн сюрприз болду. Эми алар Бишкекке келгенде кенен үйдө жашап, эс алып кетишет. Бул мен үчүн да чоң кубаныч,- дейт Жамгырчиева.