ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Бейкапар эле Айдар. Босогодон кирип келгенде ары карап турган эркектин карааны тааныш көрүндү. Жүрөгү солк эте түштү. “Атам!” деди ичинен. Аралыгы 5-6 метр жерде турат.

– Ата?

Эрнис кылчая калды да босогодо турган уулун көрдү. Эмне дээрин билбей туруп калды. Кылчайбай басып кетет деп да коркуп кетти. Экөө тең үн-сөзү жок туруп калышты. Биринчи Айдар кадам жасады. Атасын кучактай калды. Ата-бала үн сөзсүз кучакташып турушту, атасы ыйлап жиберди. Бир топ убакыттан кийин өздөрүнө келип ал-жай сураганга өтүштү. “Балам” дегиси келди, бирок акысы жоктой кысынып, батына албай жатты.

– Окууга өткөнүңдү уктум.

– Ооба, буюрса, биринчи курсту бүттүм, ата. Жайкы сессияны аяктап туруп, анан жумуш издейм. Азыр Кадыржан экөөбүз батирде турабыз.

– Ал ким?

– Таякемдин уулу. Ата, сен кеткенден кийин...

– Билем, балам.

Экөөнүн тең атын атай албаган жарасы Арууке эле. Айдар атасын тиктеп турду. Ал өзгөрүптүр, көздөрүнүн нуру өчүп калыптыр. Жүзү чарчаңкы. Ичинде бир жалын бар эле атасынын, дал ошол нерсе көзүнөн көрүнүп турчу. Азыр жок. Аяп кетти. Кайра дагы бир кучактап алгысы келди. Бирок атасы андай нерселерди жакшы көрбөгөнүн эстеп кетип токтоп калды.

– Ата, жүрүңүз мени менен.

– Жок, Айдар, алгач айылга барайын. Калыс ата менен энеме куран окутайын. Үй-жайды бир карап эмне кылыш керек экенин байкап, анан келейин сенин жаныңа.

– Келесиңби?

Эрнис күлүп койду. Күлгөнү ыйлаганга окшош эле. Уулун бооруна кысып, кулак түбүнөн жыттады.

– Мен эми сен куусаң да кетпейм, балам.

ххх

Айыл ичи. Алыстан айыл көрүнгөндө эле Эрнис түшүп калды. Автобус айылдын чок ортосуна чейин алып бармак, ал жерден түшүп элге көрүнгүсү келбеди. Алгач эле көрүстөнгө барды. Энесинин коргону бир аз кыйшайып калыптыр. Жазуусунун да өңү өчүп бараткан экен. Бирок жазбай тааныды. Түрмөдө жатканда уул-кызын көрүү жана энесинин бейитинин башына барып куран окуу кыялы бар эле. Аны жашоого байлаган, түрмөнүн чыдагыс кыйноолоруна баш ийдирген ушул эле. Мына эми боз топурактын алдына келди. Куду энесин көргөндөй көкүрөгү бошоп эреркеп кетти.

– Келдим, апа, мен сага келдим,- деди үнүн бек чыгарып. Каргылданган үнүн баса албай кетти. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлагысы келди.

– Сени сагындым, апа. Мен сени аябай сагындым. Мен сага толтура нерселерди айтып берейин дегем, бирок кашайып азыр оюма эч нерсе келбей жатпайбы. Мен адам өлтүрдүм, апа. Мен өз кызымдын апасын өлтүрдүм. Жазамды өтөсөм жеңилдейм деген элем. Бирок бул жаза эч качан бүтпөгөн, жүрөгүңдү таш сымал басып, алкымыңды жип сымал бууган нерсе экен. Колдорум, жүрөгүм, жан дүйнөм булганды. Мен эми тазаргым келет. Сен мени кечир, апа, өзүмдү өзүм кечире албаган мени сен кечир. Сенин кечиришиңди тилеп дайым намаздарымда дуба кылдым.

Мен Асияны кетирген күнү жаңылыптырмын. Мен аны ата-энесинен ажыратып, аял кылып алгандан кийин акмакчылык кылып, көзүнө чөп салып, уруп-согуп жатып кетирдим. Көз жашын төгүп аргасыз кеткен. Ошол көз жаш менин түбүмө жетти, апа, аныкынан он миң эсе көп көз жаш төктүм. Аныкынан көп жоготууга учурадым. Эч ким болбой калдым, балдарым балдар үйүнө өткөрүлдү. Кызымдын дайыны жок. Аялдын көз жашын төктүрбө, анын ар бир тамчысын Кудай санап турат дегенге эми ишендим. Жашоомдо канча аялдын көз жашын төктүрдүм. Сенин да көз жашыңды төктүрдүм, апа.

Бейит башында көпкө отурду. Ыйлады, сырдашты. Кеч киргенде гана ордунан турду. Оюнда өзү өлтүрүп алган аялынын бейитине барайын деген. Бирок ага эрки жетпеди. Калыс атасынын бейитин издеп таба албады. Кечке маал үйүнө келди. Каралбай калыптыр. Эптеп эле төрт дубал тургандай. Кезинде айланасында бейчеки бирөө баспаган, кадырлуу адамдын үйү эле. Шуу үшкүрдү.

ххх

– Сен канча жолу келесиң, ай, бала, сага айттым го. Биз багууга берилген бала тууралуу маалыматты анонимдүү сактайбыз. Учурунда таштап кеткендер келип эле мээни эзип...- ажылдап кирди кадрлар бөлүмүндө иштеген аял.

– Мен директор менен сүйлөшөм.

– Ай, сен түшүнөсүңбү? Ал жылдары директор болгон аял кеткен. Андан кийин канчасы алмашты.

– Мен баары бир директор менен сүйлөшөт элем,- деди Айдар өжөрлөнө.

– Ал эс алууда.

– Эже, түшүнсөңүз. Мен ал кезде 10 жашта элем,- Айдар көп нерсе айтайын деди. Бирок анын жакшылык кылбасына көзү жетти. Чыгып кетти. Башка кандай жолдору бар? Документтер кайда сакталышы мүмкүн? Бул жерге ишке орношуп, документтерди карап чыгууга мүмкүнбү? Бир жиптин учу чыккандай сүйүнө түштү.

ххх

Таң атпай нечен жылдан бери түтүн чыкпаган үйдөн самоор кайнап жатканын көргөн Эрнистин коңшусу таң кала түштү. Чочулай карап басып келди.

– Эй, сен кимсиң?

– Акыбай аба, кандайсыз. Мен Эрнис.

– Кайсы Эрнис?

Тигил киши таң калып карап турду да, анан тааныды.

– Эй, Эрнисмин дебейсиңби, мурдуңду урайын. Мен сени тааныбай калыпмын. Ай, чачың кантет ак бубак болуп?..

Эрнис күлүп койду. Тигил киши жетине албай сүйүнүп үйүнө жетелеп кетти, анан бүтүндөй туугандары, айыл-апа курчап калды. “Мен баланчанын баласымын, түкүнчөмүн” деп жаткан балдарды карап туруп баарынын жүзүн сүйүп учурашып жатты. Туугандары унутпай минтип сүйүнүп тосуп жатканына ичи жылып турду.

– Калыс атамдын кызы кайда?- деди акырын.

– Калыс атанын үйү да бош турат. Кызы балдарын ээрчитип Орусияга кеткен. Күйөө баласынын аягы сай таппай коңшу айылдын биринде жүрөт,- деди коңшусу.

– Аны кой, сен эмне кыласың? Мына, тууган-уругуң турат, Кудайга шүгүр. Үйлөнөм десең үйүңдү оңдоп-түздөп алдына барып бергенге кудуретибиз жетет.

– Жок, байке, кайдан үйлөнөт элем? Мен уулумдун жанына барам. Ал борбордо студент. Мен айыл-апа менен учурашып, апама куран окутуп келейин деп келдим.

– Аа, мейлиң. Үйүңдү сатасыңбы?

– Жок, сатпайм.

– Кызыңдан кабар барбы? Айдарды тайлары алып кетти деп уккан элек?

Эрнистин чекеси тырыша түштү. Талуу жери кызы эле. Тунжурай түштү. Тигил анын абалын деле байкабады.

– Биздин уруубуз ынтымактуу, колдоп алганга күчүбүз жетет. Баарыбыз бул жерде турабыз,- деп күпүлдөй берди. “Эки баланы батыра албай, жалгыз жашашканда силер кайда элеңер?” деп эч ким сурабады. Эч кимдин акылына деле келбеди. Эрнис башын ийкегилей берди.

Үй-жайын актап, сырдап, короо-жайын тазалап бир жумача жүрдү да, шаарга жол тартты. Ага эми Айдардан башка жылуулук бере турган адам жок эле. Айдар жана Арууке! Жолду катар ойлогону кызы болду. Төрт жашында көргөн боюнча көргөн жок. Азыр 14 жашка чыгып калган экен.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Peri.jan
2019-11-04 10:39:06
Эх ыйлатат гл
0
Umutmurza78
2019-11-04 11:34:44
Эми дагы бир жума күтмөй.ушул чыгарма абдан сонун жазылган
+4
Samieva8890
2019-11-04 15:44:16
Эрнис куноосун эми тушунуп атат. Озу кебир адамдар кеч болгондо тушунушот экен.
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА