ӨЛҮМГӨ САНАЛУУ СААТТАР КАЛГАНДА ҮЙЛӨНДҮ

Англиянын Нортгемптон шаарындагы ооруканалардын биринде үйлөнүү үлпөтү уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

33 жаштагы Гэри Смарт өзүн жаман сезип ооруканага барса, дарыгерлер ага өпкөнүн рагы деген аныктама беришип, өмүрүнүн саналуу гана күндөрү калганын айтышкан.

Гэри Смарт бойдок боюнча өтүүнү каалаган эмес. Ошондуктан ал үйлөнүп туруп өлүүнү чечкен. Өлүм алдында жаткан бейтаптын палатасына чиркөө кызматкери келип сүйлөшкөн кызы Лаура менен Гэринин никесин кыйып берген.

Үйлөнүүдөн 7 саат өткөн соң Гэри Смарт өмүрү менен кош айтышкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gospozhatsetok
2019-11-05 22:02:06
Байкуш Лаурага сабыр...
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан