SUPER TV каналы "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурган “Жылаңач баатыр” долбоорунан кийин ырчы Кудайберди Айтбосуновго ашык болгон кыздар, чыгармачылыгын, адамдык сапатын баалаган күйөрмандары кескин көбөйдү. “Долбоордон мен башка адам болуп кайттым” деген Кудайберди жакында бойдокчулук менен коштошконун ачыктады.
– Кудайберди, жакында үйлөнүптүрсүң. Куттуктайбыз! Кепти чакан мамлекетиңдин куралышынан баштайлы.
– Рахмат! Ооба, жакында кыз узатуу тою болуп, сүйлөшкөн кызымды үйүмө алып келгенбиз. 4-ноябрда заманбап той өткөрүп, элден бата алалы деп жатабыз. Экөөбүздүн таанышканыбызга 4 жыл болду. Алгач дос катары, андан кийин жылдызыбыз келишип кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Ортодо урушуп, таарынышкан күндөр да болду. Аты Айчүрөк, 24 жашта, Таластан болот. Быйыл күзүндө дос балдарым менен чогулуп, аны Ысык-Көлгө эс алууга чакырып, ошол жактан колун сурадым. Негизи романтикага анча жок элем. Сүйлөшкөн кызыма жагымдуу болсун деп көңүлүн алганга аракет кылдым. Айчүрөктүн макулдугун алган соң акырындап тойго даярдана баштадым. Экөөбүз сүйүү баяныбызды тартууга даярданып жатканда “Жылаңач баатыр” долбоору башталып кетпедиби (күлүп).
– Анан тойду жыйнаштырып “Жылаңач баатыр” долбооруна кетип калдыңбы?
– Калың журтка той датасын тактап айтпаганым менен, акырындап даярдыкты баштап алган болчумун. Айчүрөк сүйүү баяныбызды тарткан видеого кийчү көйнөктөрүнүн ижарасын төлөп алып койгон эле. Долбоордун жобосу менен таанышсам, телефон жаныбызда болбойт экен, курсагыбыз ачка-ток калышы мүмкүн экен. Ошол нерседен корктум окшойт, продюсериме "барбай эле коёюнчу" деп чыктым. Лутфилла байке (ред.: Лутфилла Бусурманкул уулу) “эгер жеке жашоомду тандайм десең, өзүң бил. Мени менен мамилеңди бузам десең да өзүңдүн чечимиң. Мен сага ишенген үчүн жөнөтүп жатам. Сен ал жактан өзүңдүн мыкты экендигиңди далилдешиң керек” деди. Ал жакка кетип калсам даярдыктарым эмне болот деп аябай ойлондум, таразаладым да, баарын жыйыштырып долбоорго бармай болдум. Сүйүктүүмө “мен чыгармачыл адаммын. Менин жумушумду түшүнүшүң кажет. Жылдыз болушума да сенин колдооң керек. Буттан тартсаң, кызгансаң болбой калат” деп алдын ала айтып, макулдаштым. Долбоорго катышканыма бир да өкүнгөн жокмун. Ал жактан өзүмдү сынадым, бааладым. Колумдан көп нерсе келерин билдим.
– Финалда 2-орунду алып калганда ыйлап да алдың. Жеңишке ишеним чоң беле?
– Ооба, психологиялык жактан жеңем деп ишенип алган элем. Утулуп калганыма өзүмө жиним келди. Өзүмө нааразы болдум, ызаландым. Утулбашым керек деп өзүмдү кармансам дагы колум талып, эч нерсени сезбей калды. Оюндун аягына чейин жетип, болбогон 3 секунддун ичинде утулуп калдым.
Мен өмүрүмдө апам менен урушканда бир жолу ызаланып ыйлагам. Мушташып, балдар тепкилеп кетишкенде да ыйлаган эмесмин. Долбоордон келгенден кийин “чыдап койсоң болмок, сени утат деп көп акча сайбадым беле” деген сөздөрдү уктум. Андан кызыгы, үйгө келсем, атам менен апам “чыдабайт белең” деп таарынат. Апам бултуңдап сүйлөбөй койсо болобу. Анткен сайын мен ызаланам. Көрсө, апам түнкү саат 3-4төргө чейин видеонун астына жазылган комментарийлерди окуп, менин жеңишиме аябай ишенип алган экен да. Долбоордо жүргөн эки жумада Инстаграм баракчама 13 миңдей катталуучу кошулуп, активдүүлүк 3 эсе көбөйүптүр.
– Чыгармачылыкты тандап калышыңдын себеби?
– Кичинекей чагымда мештин жанына туруп алып колдорум менен ямаха ойногонду туурай берчүмүн. Ошондон мени музыкант болот дешкен окшойт, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке беришти. Ал жакты бүтүргөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окудум. Чыгармачылыкка олуттуу киришкениме 3 жыл болду. Ага чейин көп жыл ыр жаздырып, клип тарттырып жүрчүмүн. Сыналгыдан чыксам деген чоң кыялым бар эле. Ал кезде бир клип тартсам жылдыз болуп кетем деп ойлочумун. Бир эмес, эки клип тартсам деле атым чыккан жок (күлүп).
Бир жолу студиядан Лутфилла Бусурманкул уулу менен таанышып калдык. Ага алдыдагы максаттарымды айтып, колдоо сурадым. Ал "макул, колумдан келген жардамымды берейин" деп калган. Ал кезде мен кафеде ырдап иштечүмүн. 2 күндөн кийин жумушта отурсам клибим телеканалдын биринен кетип жатат. Сүйүнгөнүмдөн 3 мүнөттүн ичинде толтура адамга чалып мактанып жибердим.
Ошентип, продюсер менен иштешип, 4 айдын ичинде ырларым элге алынып баштады. "Таптым" деген ырым мени Кудайберди катары таанытты десем туура болот. Ортодо бирөөлөрдүн сөзүнө кирип өз алдымча иштөөнү туура көрдүм. Бирок андан жыйынтык чыккан жок. Кайра жаңылдым, жаздым деп продюсеримден кечирим сурап, иштешүүнү улантканбыз.
– Жашыңа жаш кошулган сайын өткөн күндөр барктуу боло берет эмеспи. Бала кезиңдеги кайсы күндөрдү сагынып эстейсиң?
– Кичинекей кезде аябай тентек болчумун. Абдраевде 3-класста окуп калганда “мен атаманмын” деп кыйын болгон күндөрүмдү көп эстейм. Баламын да, анын маңызы эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Чоң балдарды көрүп, аларды туурагым келчү окшойт. Өзүм орто бойлуумун, жаныма узун досумду кошуп алам да, классташ балдарымды тизип алып, “мени угуп жүргүлө, мен атаманмын” дей берчүмүн (күлүп). Бул жоругумду мугалимдер билип калып канча уруш уктум. Мындай жоругум кийин, албетте, калды. Эркек болгондон кийин мындай сыноодон өткөн деле жакшы экен. Көз көгөргөн, баш жарылган далай күндөр болду. Бирок апама "жыгылып кеттим" деп эле койчумун. Эми окуп калса таң калат го.
– Адашпасам, бир кезде Москвада иштеп жүрдүң беле?
– 2014-жылы Москвада мырзалар арасында өткөн “Азия элинин мырзалары” деген сынакка катышкам. Ал кезде арык болчумун да (күлүп). Корея, Хакасия, Казакстан, Япония жана башка өлкөлөрдүн мырзалары катышып, Казакстан баш байгени, мен биринчиликти алгам.
– Толгонай Арзыкеева экөөңдүн “Садагам” деген ырыңар “Жылдын супер дуэти” наамына ат салышып жатат. Экөөңөр кандайча дуэт жаздырып калдыңар?
– Акыркы учурда дуэт жаздырсам деп ойлонуп жүргөм. Продюсерим Толгонайды сунуштап, "Садагам" жаралды. Дуэтибиз, менимче, ийгиликтүү болду. Ушул ыр менен эл бизди таанып, тойлорго чакырып жатышат. Минтип "Жылдын супер дуэти" деген наамга ат салышып жатат. Буюрса, жеңгенге аракет кылабыз!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg