ЖЫГАЧТАН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ЖАСАГАН УСТА

Кыргыз эли илгертен чеберлерге бай. Колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын жасаган буюмдары кылымдап сакталары анык. Ош облусунун Алай районунун Чакмак айылындагы уста Абдилазиз Шапаков да 19 жылдык өмүрүн устачылыкка арнаган. Ал жыгачтан миң түрдүү буюмдарды жасайт. Жасаган буюмдарын сатпайт жана аларды сактоо үчүн музей ачууга умтулууда.

«УСТА БОЛУП КАЛГАНЫМА КӨЗҮ АЗИЗ АБАМДЫН БАТАСЫ СЕБЕП БОЛДУ»

– Учурда 63 жаштамын. Мурун курулуш иштеринде иштеп келсем, кийин жыгач устачылыкка өтүп кеттим. Быйыл 19 жыл болду. Чоң атам тегирмен иштеткен адам болсо, атам уста болуптур. Атам мен 5 жашка чыкканымда кайтыш болуп калган. Өнөр укумдан-тукумга өтө берет деген туура экен. Курулушчу болуп жүрүп эле, мени өнөр дүйнөсү өзүнө азгырып кетти. Буга айылдаш көзү азиз абамдын батасы да себепчи болду. Ал мага “сени кайып дүйнөсүндөгү жолборс жылоолоп жүрсүн” деди. Ошол батадан менин ичимдеги талант, руханий касиет ойгонуп кетти окшойт. Адегенде жыгачтан Манас баатырдын колдоочу пирлеринин элесин, кабылан, арстан, жолборсторду жасай баштадым.

Анан жыгач аркылуу кыргыз элинин тарыхын чагылдырууну көздөдүм. Башкача айтканда, кыргыздын келип чыгышы тууралуу мифтеги каармандарды жасаганга өттүм. Мифте кыргыздарды жоо кырып кеткенден кийин бир эркек бала калып, аны ургаачы карышкыр багып алып чоңойтот эмеспи. Ал бала кийин үй-бүлө күтүп 12 балалуу болуп, кыргыздар ошондон тараган дешет. Ошентип мен карышкырларды жасадым. Кыргыз көчмөн эл болгондуктан боз үй, кыргыз көчү экспозицияларын жасабай коё албадым. “Кыргыз көчүндө” бир эшек, бир ат жана 7 төө бар. Эшек эң алдыда турат, анткени аны илгери алдыга коюшкан, кокус каракчылар кол салса, биринчи эшек өлсүн деп. Кудуктан да сууну биринчи эшекке ичиришкен. Душмандар кудукка уу салып кеткен болсо эшек өлгөн да, берки жаныбарлар аман калган. Кыргыздар жапайы жаныбарлар менен да жан баккан. Андыктан коллекцияларым тоо теке, бугу-кулжа, илбирс, аюу жана канаттуулар менен байыды.

Үйдө өзгөчө бир топ кресло бар. Алардын экөөнү оюмдагыдай кылып жасаганга 7 жыл коротком. Биринин сүйөнүп отуруучу жеринде 2 бугунун элесин оюп жасасам, колду коюп отуруучу жеринде жаткан арстандар бар. Экинчиси кыргыз оюулары менен оюлуп саймаланып, жыландар бекитилген.

«2 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЭЛЕСИН ТАШКА ЧЕГИП ЖАТАМ»

Негизи эле композициядагы жаныбарлардын саны көбүнчө 7ни түзөт. “Жети атанын арбагы колдойт”, “жетинин бири кыдыр” дегенди карманам. Жылан – ден соолуктун, байлыктын символу болгону үчүн аларды көп жасадым. Алардын жалпы саны чоң-кичине болуп 1500. Анын үстүнө менин колдоочум жылан. Алар жайында анда-санда мен иштеп жаткан жерге келип калышат. Эгер алар короого киришсе малымдын саны көбөйө баштайт, үйгө кирсе небере туулат. Менин өзүмдүн 3 кыз, 4 уулум болсо, неберелеримдин саны 12ге жетти. Келген жыландарга ак чачып, “бизди колдо, ден соолук бер, жакшылыгыңды аяба” деп тиленип узатам. Жыгачтан жасаган жаныбарларымдын жалпы саны 2200дөй.

Акыркы 2 жылдан бери жыгачтан ташка өттүм. Таштарды айыл четинен таап алып келем. Жыгачтан эмнелерди жасаган болсом, алардын элесин ташка чегип жатам.

«УСТАЧЫЛЫККА БАШ-ОТУМ МЕНЕН КИРИП КЕТТИМ»

Устачылык – бул искусство. Ага ички дүйнөң берилбесе көпкө кармана албайсың. Мен баш-отум менен кирип кеттим. Жасагандарымды кээ бирөөлөр көрүп, "сатып акча таппайсыңбы" деп калышат. Мен сатпайм. Бала-чакамды короодо кармаган малым менен багып келе жатам. Мени коомдо руханий баалуулуктан материалдык баалуулук жогору болуп кеткени кыжалат кылат. Мен үчүн өлүү дүйнө эмес, руханий байлык артык.

Кыргыз тарыхын, табиятындагы жаныбарларды жыгачка, ташка түшүрүү мага сыймык. Жасагандарым ошол эле учурда ушундай керемет өлкөнү, жаныбарларын сактоо керек деген маанини да камтыйт. Кыргыздар салтын, үрп-адатын, искусствосун дүйнөгө даңаза кылышы керек. Музейлердин санын көбөйтүп, сырттан келген адамдар кыргыздарды искусствосу аркылуу да таанышы кажет.

Мен акыркы жылдары айыл өкмөттөн жана президенттерден да музей үчүн жер тилке бөлүп бергиле деп бөлдүрө албай келе жатам. Музей түзүп алсам ага жасагандарымдын баарын коёт элем. Музей элге, сырттан келген конокторго кызмат өтөп турса деген тилегим бар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ainura220888
2019-11-04 14:10:19
Бирок жыландан эмес Алладан сураныз. Талантынызга таазим
+3
Saryshka93
2019-11-07 00:02:26
Колунузга береке.
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан