2017-жылдын 27-декабрында “Ливерпуль” командасы 85 миллион еврого борбордук коргоочу Виржил ван Дейкти "Саутгемптон" клубунан сатып алганын жарыялады. Ошол эле күнү бул трансфер тууралуу Англия футболунун легендасы Аллан Ширер “Ал жакшы коргоочу. Бирок 85 миллионго татыксыз”,- деген оюн айткан. Арадан 2 жыл өттү. Авторитеттүү transfermarkt порталы учурда Виржилди 100 миллион еврого баалап жатат. Кымбат коргоочу экендигин кагаз жүзүндө эмес, көк майсаңда далилдеп жаткан Виржил ван Дейк тууралуу сөз кылабыз.
Толук аты-жөнү – Виржил ван Дейк
Туулган жылы – 1991-жыл, 8-июль
Туулган жери – Нидерланды, Бреда шаары
Бою – 193 сантиметр
Салмагы – 92 килограмм
Амплуасы – коргоочу
Ойногон клубу – “Ливерпуль”
Жетишкендиктери – Шотландиянын 2 жолку чемпиону (2013-2014, 2014-2015), Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2018-2019), УЕФА Суперкубогунун ээси (2019), Англия Премьер-Лигасынын мыкты оюнчусу (2018-2019), УЕФАнын мыкты оюнчусу (2019-жыл)
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.
СААТЫНА 4 ЕВРО ТАПЧУ
Футболчунун балалык кези Голландиянын Бреда шаарында өткөн. Балалыктын бактылуу күндөрү атасы үй-бүлөсүн таштап кеткенден кийин аяктап, Виржил иштегенге аргасыз болот. 16 жашында ресторанда идиш жууп, саатына 4 евро акча тапкан спортчу учурда топ тээп саатына 1173 евро алат.
ӨЛҮМДӨН КОРКУП МУРАС КАГАЗЫН ЖАЗГАН
2010-жылы Виржил Голландиялык “Гронинген” футбол клубунун катарын толуктайт. Старттык курамга чыккан алгачкы оюнда ал оң канаттагы коргоочунун милдетин аткарганына карабай 2 гол киргизип, 1 голдук пас чыгарып бергенге жетишкен. Жаш оюнчунун таланты жаңыдан ачылып баштаган кезде, ден соолугунда көйгөйлөр башталат. Виржил ичи ооруп клубдун врачтарына бир нече ирет кайрылат. Алар оюнчуга дары берүү менен гана чектелип, бул оору өтүп кетет деп ишендирип коюшат. Бирок оору басылган эмес. Мындан кийин ал ооруканага барып, врачтардын “операция кылыш керек” деген жообун угат. Себеби оюнчуда аппендициттин курч сезгенүүсү, перитонит (курсак көңдөйүнүн сезгениши) жана бөйрөк оорусу болгон. Оюнчунун курсак көңдөйүндө жарылып кетүүсү мүмкүн болгон абсцесс (ткандардын ириңдеп сезгенүүсү) жаралган. Бактыга жараша, операция ийгиликтүү өтүп, абсцесс жайылып кеткен эмес.
Виржил операцияга чейин өлүм келип калышы мүмкүн деген ойдо мурас кагазын жазууга да жетишкен. Анда ал бардык мүлкүн апасына калтырган. Виржилдин жашоосундагы оор учурда анын жанында жалгыз апасы болгон.
ВИРЖИЛ ҮЧҮН БИЗНЕСИНЕН БАШ ТАРТКАН АЙЫМ
Үй-бүлөлүк баалуулукту биринчи орунга койгон Виржилдин улуттук курамдагы карьерасы аз жерден жабыр тартып кала жаздаган. Анткени ал аялы төрөп жаткан учурда улуттук курама команданын машыгууларына барбай койгон. Спортчунун бул кадамы фанаттарга жаккан эмес. Ошол себептен ал кездеги Нидерланды курамасынын машыктыруучусу Гус Хиддинк Виржилди курама командага чакырбай койгон. Бир жылдан кийин жаңы машыктыруучунун келиши менен гана Виржил кайрадан курама командага чакырылды. Учурда футболчу Нидерланды курамасынын алмашкыс оюнчусу жана капитаны.
ВИРЖИЛ ЖЕ МЕССИ
Футбол командасында 11 оюнчу бар. Бирок көп учурда чабуулга өңүт алган футболчулар гана жылдызга айланып, коргонууда ойногондордун эмгеги бааланбай көмүскөдө калып калат. Мына ушул себептен улам футболдогу эң престиждүү делген “Алтын топ” сыйлыгын жеңгендердин көпчүлүгү чабуулчулар. 21-кылымда бул сыйлык бир гана жолу коргоочуга берилген. 2006-жылы аталган сыйлыкты Италия менен Дүйнө чемпиондугун жеңген борбордук коргоочу Фабио Каннаваро утуп алган. Арадан 13 жыл өткөндөн кийин бул сыйлыкты кайрадан коргоочунун колунан көрүп калышыбыз толук мүмкүн. Чемпиондор Лигасын жеңип, Англия чемпиондугунун мыкты оюнчусу аталган Виржил ван Дейк учурда “Алтын топко” негизги фаворит. Бул сыйлыкты жеңүү үчүн ага тоскоол боло турган жалгыз оюнчу бар. Ал Лионель Месси. Анын жеке статистикасы өтө жакшы. Месси өткөн сезондо жалпы 50 оюн өткөрүп, 49 ирет гол киргизген. Бирок аргентиналык чабуулчу быйыл Испаниянын чемпиондугун гана багынтууга жетишти. Ал эми Барселона клубу Чемпиондор Лигасында дал ушул Виржилдин командасынан жарым финалда жеңилип калган.
Буга чейин УЕФА менен ФИФАнын версиялары боюнча мыктылар аныкталды. Анда УЕФА Виржилди, ФИФА Мессини мыкты деп тапкан.
Эми France Football журналы тапшыра турган сыйлык кимге буйруйт, аны 2-декабрда билебиз.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg