Бир күнү атамдан чалуу келди. Ал киши жөн эле учурашканы телефон чалбайт. Олуттуу кеп болгондо гана өзү байланышат. Мындай учурда апам аркылуу эле ал-жай сурашып койгонубуз болбосо, ашыкча сүйлөшпөйбүз деле. Телефонду колго алдым:
– Алло, ассалом алейкум, ата, жакшы турасыздарбы?
– Кудайга шүгүр. Кандай, балам? Деги сен үйлөнөсүңбү? Айылда мадыра баш балдар үйлөнүп, балалуу болуп жатышат. Апаң экөөбүздүн деле небере жытын жыттоого акыбыз бардыр.
– Буюрса, ата, тиги сүйлөшкөн кызым окуусун...
– Ошо сенин сүйлөшкөн кызың экөөңдү... Канча жыл болду, сүйлөшкөн кызым эле дейсиң. Же аныңдын сага тие турган ою болсочу! Болду, токтот аныңды, кызды биз деле таап беребиз. Ушул күздө үйлөнөсүң!
Биз 3 бир тууганбыз, менден кийин 2 карындашым бар. Үйдө атамдын сөзү мыйзам. Болгондо да аткарыла турган. Айтканы сөз бойдон калды деген нерсе кичинекейибизден тартып эч бир болгон эмес.
Жумушуңа тоскоолдук жаратпайын деген ой менен билдирүү жаздым. “Жолугушуп сүйлөшпөйлүбү, үйдөгүлөр үйлөн деп жатышат”. Окудуң, жооп берген жоксуң. Түн жарымында сенден кат келди. “Медер, кечир, жөн эле колуңду кармагым келбейт. Сен менден эбак эле кетишиң керек эле, эми да кеч эмес, мени айланчыктабай кет, менин жүрөгүмдө башка адам бар. Сен жакшы адамсың. Бирок мен башканы сүйөм”. Башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Жинденип телефон чалдым, бардык жактан блоктоп койдуң. Үйүңө, жумушуңа бардым, менден бекингендей эле эч жактан таба албадым. Досторуңа, эжеңе телефон чалып “ал жакында турмушка чыгат, балким, тынчын албайттырсың” деген окшош жооп алдым.
Ушунчалык ызырынып ичим кайнап турду. Сенсиз да сонун жашоо бар экенин далилдегим келди. Сенин тоюңа чейин үйлөнөм дедим да, үйлөндүм. Билесиңерби кимге үйлөндүм? Эч качан сүйлөшпөгөн, сүйбөгөн, бири-бирибизди жакшы тааныбаган эле бирөөгө. Аны менен 2 жолу көрүшүп, үчүнчүсүндө сөйкө салып алып кеттик. Ата-энемдин кубанычында чек жок. Күтүрөтүп той өткөрүштү.
Өзүн мага ишенип тапшырып жаткан бир назик жан жанымда жандап жүргөнү менен, сен шүмшүктү жүрөгүмдөн чыгарып сала алган жокмун. Сырткы жасалма маанайым менен жан дүйнөм дал келбей дендароо абалдамын. Той күнү да сага жазгым келди. Жаздым. Азыр да жазып жатам. Убакыт мени сага көндүрүп коюптур. Телефон колума тийсе эле сенин досторуңдун баракчаларын барактап, сенин эмне кылып жүргөнүңдү карай баштайм. Бул көнүмүш адаттардан кутулармын. Жашоодо сенсиз бактылуу болормун. Балким, тагдыр мени өз адамыма кошкондур. Алган жарым менин көрөр көзүм болор.
Дегеним менен жети жылым сени менен кетти. Сүйдүм, жинди болуп сүйдүм, көздөрүм тумандап, акылымдан айнып сүйдүм. Сүйүүң менен жерге кир. Сүйүүдө сендей шүмшүктөр үчүн ишенимдүү болуунун деле кереги жок экен. Туруктуулугумду кантейин? Сени менен катар он кыз менен сүйлөшүүгө мүмкүн эле. Артымды карасам эле сен, сен, дагы сен.
Мага даба жок. Жети жыл сага көңүлүмдү түзөп, келечек пландарымды сенин ыңгайыңа карап түзүп, жашоомду сени менен элестетип жинди болуптурмун. А сен эбак башка адамды жүрөгүңө киргизип алганың менен ишим жок. Окуусун бүтсүн, карьерасын тургузуп алсын. Үйлөнүп жетишебиз деп түшүнүктүү болуп коём. Акыры кандай жооп алдым? Башканы сүйүп калган имиш, менин колумду кармабайт имиш. Кайран убакыт. Сага кеткен жылдар. Бааланбаган аракет, баркталбаган сүйүү. Сүйүүңө татыксыз белем? Ызама муунуп турам... Жөн эле кетип калды деп жаткандырсың. Жаңылышасың, телефондогу “кара тизмең”, социалдык тармактардан блоктоп салганың мага тоскоол боло албайт. Менден баш тарттың, сен шүмшүктөн өч алып тынам. Көксөөмдү суутуп, көңүлүмдү жай кылып тынам...
Медер