Өз акылы, таланты, шыгы менен миллиондоп акча тапкан мыкты дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди кийсеңиз да, алардын жашоосу, жеке турмушу жөнүндө маалыматыңыз азбы? Рубрикабыздын бул сандагы коноктору – дүйнөлүк мода тарыхында таңкалыштуу жана унутулгус ачылыштарды жасаган эң атактуу модельерлер.
Габриель Коко Шанель
ХХ кылымдын биринчи жарымы – аялзатынын келбетин теңирден тескери өзгөрүүгө учураткан мезгил. Бардык айымдарды дем кыскан корсеттерден, этеги бутка чалынган узун юбкалардан, болоор-болбос оор зергер буюмдардан “куткарып калган” Коко Шанелдин атын укпаган адам жоктур. Анын мойнунда дайыма жипке өткөрүлгөн кайчы илинип жүрчү. Ал аялдардын көйнөгүнөн ашыкча бөлүктөрдүн баарын кесип таштаган. Бирок, өз жашоосундагы жагымсыз окуяларды эч качан кесип таштоого кудурети жеткен жок.
Улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомур шаарында төрөлгөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болот да, атасы Габриелди католик мектебине киргизет. Жаштайынан эле Габриелдин мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өрчүй баштайт. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Габриель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самачу. Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. Ырчылыктан эч пайда көрбөсө да, көптөгөн бай, таасирдүү адамдар менен достошууга жетишкен. 1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Габриель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зергерден сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрүлбөгөн кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. Мода дүйнөсүн жаңыртып, биринчи жолу санын көрсөтүп юбка кийген, чачын кыска кылып кырктырган, сумканы ийинге асынып баштаган. Франциядагы бардык аялдар анын кылганын кайталап турушчу. 30-жылдардын аягында Габриель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок, Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жашар Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайтат. Коко Шанель жылына 160 миллион доллар киреше алып келген “Шанель үйүн” түзүп, 88 жашында Парижде көз жумат. Анын кийим текчесинде 3 гана кийим табылган. Эркектер аны сулуу, акылдуу аял катары, айымдар улуу эжесиндей кеңешчи деп сезишкен. Коко Шанелдин айткан сөзү аны тааныгандардын эсинде көпкө чейин калган: “Эгер сиз канатсыз жаралсаңыз, анын өсүп чыгуусуна тоскоол болбоңуз”.
Кристиан диор
Жашоого болгон оптимисттик көз карашы, моданы ийне-жибине чейин сезе билгендиги жана жакынкы 20 жылда модада эмне оорчулук кылаарын алдын-ала айта алган көрөгөчтүгү менен “жогорку мода” өндүрүшүндө албан ийгиликтерге жетише алган Кристиан Диор дүйнөдөн кайтса да, анын аты жана кылган эмгеги бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Так ушул улуу кишинин жардамы менен Париж согуш жылдарынан кийин кайрадан “мода борбору” деген атка конгон.
“Моданын атасы” деп сыймыктуу аталган сүрөтчү, дизайнер, модельер Кристиан Диор 1905-жылдын 21-январында Франциянын түндүк-батышында жайгашкан чакан Гранвиль шаарчасында туулган. Анын ата-энеси колунда бар адамдардан эле. 5 баланын экинчиси Кристиан каалаганын ичип, каалаганын кийип, бактылуу балалыкта чоңойгон. 6 жашка чыкканда үйбүлөсү менен Парижге көчүп келген соң үйдөгүлөрүнүн кеңеши боюнча дипломатикалык карьераны көздөп жүргөн. Бирок, эркин саясат мектебине тапшыргандан кийин эл аралык мамилелер жана саясат ал үчүн жаралган эмес экенин түшүнөт да, музыка, сүрөт дүйнөсүнө тартылып, дээрлик бардык убактысын музейлерде жана галереяларда өткөрүүнү адат кылып алат. Анын сүрөткө, айрыкча баш кийимдердин, көйнөктөрдүн сүрөтүн мыкты тартууга шыктуу экени билинет. Кристиан 1928-жылы жакын досу Жан Бонжак менен чогуу сүрөт галереясын ачкан. Бирок, 1931-жыл Диорлордун үйбүлөсүнө жагымсыз окуяларды камдап койгон экен – апасы рак оорусуна чалдыгып, каза тапкан. Атасы болсо жок жерден уурулардын талап-тоноосуна кабылып, болгон байлыгынан ажырайт. Эптеп жан багуунун амалын издеп, Кристиан өз колу менен тартылган кийим эскиздерин белгилүү журналдарга сатууну чечкен. Бара-бара анын сүрөттөрүнө болгон суроо-талап өсүп, алгачкы киреше түшө баштаган. 1938-жылы башталган согуш Диордун жанданып келаткан карьерасына тоскоол болот: аны Франциянын түштүгүнө аскерге алып кетишкен. 1941-жылы аман-эсен кайткан Кристианды атактуу “Lucien Lelong” моделдик үйүндө жакшы кызмат күтүп турган эле. 1942-жылы Диор атыр чыгаруучу лаборатория ачып, аны “Christian Dior Perfume” деп атаган. Бул лабораториядан 10дон ашык түрдөгү экзотикалык атыр суулары жасалат. Арадан 4 жыл өткөндөн кийин эле Кристиан жеке мода үйүн иштетип баштаган да, 1947-жылы “Жаңы келбет” деген алгачкы коллекциясын тартуулаган. Согуш учурунда “оройлукка” учураган аял кийимдерин кайрадан назик, жеңил жана ачык түстүү кылып даярдаган. Биринчилерден болуп лицензиялык иш кагаздарды колдонуп, өзүнүн “Dior” белгисин бардык кийимдерине коюп чыккан. 1 эле жылдын ичинде анын коллекциясын бүткүл Европа менен Америка кийип жүргөн. Улуу дизайнер 1957-жылы октябрда 52 жаш курагында каза болгон. Диордун ишин улантуучу көптөгөн шакирттери болгон. Анын үйү бүгүнкү күндө эң чоң музейлердин бири. 1996-жылдан бери “Christian Dior” мода үйүнүн башкы модельери болуп Жон Галлиано дайындалат. Диорчулардын саны азыркы кезде 60 миң адамга жетет. Ал эми жылдык кирешеси 595 миллион еврону түзгөн мода үйүнүн өзүндө 3,5 миң киши эмгектенет.
Дольче жана Габбана
Чакан ательени 10 жылдын ичинде Италиядагы ири мода империясына айлантуу кимдин колунан келди? Алар ага-ини эмес. Атасы менен уулу да эмес. Ал эки адам – атактуу модельерлер Дольче менен Габбана. Таланттуу, келбеттүү эки жигит. Эки өнөктөш же жөн эле жакын адамдар. Жаштардын сүйүктүү “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын ээлери. Дольче менен Габбана кийим тигүүнү, жаңы моделдерди жаратууну жана бири-бирин абдан сүйүшөт.
“Дольче & Габбана” деген сөз айкашы кулагыбызга катуу сиңип калса да, бул эки адам бири-бирине такыр окшошпойт. Доменико Дольче жалгыздыкты, тамак жасаганды, кара түстү жакшы көргөн, көп сүйлөй бербеген жоош адам. Ал 1958-жылы 13-августта Сицилияда туулган. Анын өтө бай эмес үйбүлөсүнүн кичинекей кийим тигүүчү жайы болгон. Ата-энесинин 6 жашар жардамчысы костюмдун бир жеңин көзүн жумуп туруп тигип койчу. Бош убактысын болсо кездемелердин ашып калган бөлүктөрүнөн кичинекей көйнөктөрдү, костюмдарды тигип өткөрчү. Доминиконун бир гана калың костюму бар эле, аны да жекшемби күндөрү гана чиркөөгө кийүүгө уруксат берилчү. Бой жеткен соң Доминико атасынын жолун улагандын ордуна көркөм мектепти окуп бүтүргөндөн кийин өз бактысын издеп Милан шаарына жөнөп кетет.
Стефано Габбана болсо жеткен тентек болуп өскөн. Шок, быдылдап тынбай сүйлөйт, дискотека, кечки жашоону жактырат. Ал Милан шаарында 1962-жылы 14-ноябрда төрөлгөн. Өспүрүм чагынан тартып эле кычырап кийинүүнү жактырчу. Дүкөндөрдөгү эң модалуу, эң ачык түстөгү кийимди тандап, дароо сатып алчу экен. Көркөм колледждин графика жана дизайн бөлүмүн аяктаган.Ошентип, 1982-жылы эки таланттын жолдору кесилишип, алардын ортосунда алгач сүйүү, кийин чогуу иштешүү жөнүндө ой пайда болот. 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи коллекцияларын тартуулашат. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 90-жылдарда жетишишти. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышты. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар, жана атайын жыртылып, баалуу зергер таштар менен кооздолгон жинсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түрлөрүн жаратышты. Албетте, аларга гана таандык бир катар өзгөчө атыр жыттарын чыгарышкан. Белгилүү журналдардын бирине берген интервьюларынын биринде алар: “Биздин ийгилигибизди көрө албай жүргөндөр жок эмес. Себеби, биз 20 жылдан бери биргебиз! Азырынча үйүбүздө 2 күчүк жашайт. Жакында чыныгы бала багып алууну пландаштырып жатабыз!” дешкен.
Даярдаган Бегайым Мусакеева