СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «АСЫЛБЕК ИНИМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ»

Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда учурда коомчулукту, ЖМКларды да кызыктырып турган суроолор айтылып, президент аларга жооп берди.

Биз жолугушууда сөз болгон урунттуу учурларды окурмандарга айтып беребиз.

БИР ТУУГАНДАРЫ, КУДАЛАРЫ, КЛАНДЫК БАШКАРУУГА КАЙТУУ КОРКУНУЧУ ТУУРАЛУУ...

– Менин бир туугандарым боюнча маселе аябай талкууда. Негизи эл дагы анын ичинде мен деле үй-бүлөлүк башкаруудан чочулап калганбыз. Бирок менин башкаруумда мындай болбойт. Иса Өмүркулов президенттик шайлоодо менин ишенимдүү өкүлүм болгон эле. Ал шайлоочулар менен жолугушууда "үй-бүлөлүк башкаруу болот деп коркпогула, баласы али кичине, ал чоңойгуча Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүтөт" деп айткан. Чын эле, уулум кичине, 5-класста окуйт. Кызым болсо турмушка чыккан.

Бир туугандарга келсек, эми ушунча сөз болгон соң айта кетпесем болбос, биз үй-бүлөдө 11 бир тууган болгонбуз. Атам менен апама рахмат, баарыбызды жогорку окуу жайларында окутту. Эң улуу агам билесиңер, көзү өтүп кетти, Кыргыз Республикасындагы эң биринчи коммерциялык жогорку окуу жайын негиздеген адам болчу. Андан кийинки эжем өмүр бою мугалим болуп иштеди, учурда пенсияда. Дагы бир эжем врач. Жусупбек агамды да билесиңер, дипломатиялык кызматта келе жатат, учурда элчи. Андан кийин мен. Менден кийин карындашым бар. Ал Ишенбай Абдуразаковдун келини. Андан соң Асылбек иним. Андан кийинки карындашым үйүндө, балдары менен отурат. Кичүү иним болсо айылда, ата конушунда. Мал жайы, чарбасы менен алек.

Бир туугандарым менен сыймыктанам. Асылбек иним менен да сыймыктанам. Ал мен президенттикке келгенге чейин депутат болду, спикер болду.

Бизде ушундай жазылбаган мыйзам бар, бири-бирибиздин ишибизге эч качан кийлигишпейбиз. Менин өзүмдүн жеке оюм бар, тажрыйбам бар. Чечимдерди өзүм кабыл алам. Мени буга турмуш үйрөткөн. Жакындарым кайсы бир иштерге аралашып жаткан фактылар болсо бергиле, чара көрөм.

Кландык башкаруу болбойт, болтурбайм.

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДОГУ БОСОГО ЧЕК БОЮНЧА...

– Жогорку Кеңешке өтүүчү босоголук чек учурда 9 пайыз. Ал мыйзамдын негизинде кабыл алынган. Учурда ушул маселе боюнча талкуулар көп болуп жатат. 3 пайызга түшүрүү керек дегендер бар, 5 пайыз дегендер да, 9 пайызды туура дегендер да бар. Азыр парламентте, коомчулукта талкуулар жүрүп жатат. Андыктан мен бул же тигил вариант туура дегеним болбой калат. Парламенттик шайлоого чейин дагы убактыбыз бар, көрөлү.


КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АТАМБАЕВДИН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИК МАКАМЫНАН АЖЫРАТЫЛЫШЫН МЫЙЗАМДУУ ДЕП ТАПТЫ...

– Конституциялык соттун чечимин аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Мен түшүнүп турам, эртең менде да ушундай окуя болушу мүмкүн. Эртең менде да мындай болбоосу үчүн 6 жылдык президенттик мөөнөттө таза иштегенге аракет кылам. Мыйзамды бузган иш кылса, кылмыш кылса эртең жооп берерин ар бир адам билиши керек. Бизде кол тийбестер болбошу керек.

ИШЕНИМДҮҮ КАДРЫ, КОМАНДАСЫНДА РЕФОРМАТОР БАР-ЖОГУ ТУУРАЛУУ....

– Реформатор деп бирөөнү бөлүп көрсөтө албайм. Антип айтуу да туура эмес болот. Анткени реформа бул коллективдик иш. Анын үстүнөн жалпы өкмөттүн командасы, президенттик аппарат да, жалпы эле мамлекеттик түзүмдөр иштеп жатышат.

ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТ ЖАНА МУРАСКЕР ТУУРАЛУУ…

– Президенттик мөөнөтүмдү узартып алайын деген дагы, мураскер дайындайын деген дагы оюм жок.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ, АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ КҮЧ МЕНЕН КАРМАП КЕТҮҮ БОЮНЧА...

– Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келгиле деп мен буйрук берген эмесмин. Ал тергөөгө күбө катары келип, сурак бериши керек эле. Өзүңөр билгендей, тергөөчүлөрдүн бир нече жолку чакыруусуна жооп болбоду. Анан күч менен алып келүү чечимине келишти. Азыр бул маселе боюнча мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Парламентте талкуу болду. Дагы болот. Андыктан тигил же бул күнөөлүү, жоопкерчиликти тартыш керек деп айтканым туура эмес болуп калат.

БИШКЕК ЖЭБин ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА КАМАККА АЛЫНГАНДАР, АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ...

– Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо иши боюнча кармалгандар тууралуу АКШ тарап саясий куугунтук деп мүнөздөп жатат. Аны өзүңөр деле окудуңар да. "Эгер бир эле проект менен силердин жылдык бюджеттин 5 пайызын уурдап кетишсе эмне кылат элеңер?"- деп суроо салдым. Алар унчукпай калышты.

Мен оппоненттеримди камаган жокмун. Негизи бул маселени парламент көтөрдү, карады, иликтеди, талкууга койду, анан чечимдерди чыгарып, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди. Мамлекеттик органдар ошол тапшырмалардын негизинде иштеп баштады.

Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилигине келсек, спикерлик – ал модератор да... Ошентсе да, кимдин күнөөсү болсо ал жооп берет. Өлкөдө кол тийбестер болбойт.

МАТРАИМОВДОР ТУУРАЛУУ...

– Ушунча болду, Райымбек Матраимов тууралуу айтайынчы. 2010-жылы Ош облусуна мен губернатор болдум. Ал ошол жерде иштеп жаткан (ред.: Мамлекеттик бажы кызматынын Оштогу башкармалыгынын жетекчиси). Ошол учурда Бекназаров эмне деп айтканын билесиңер (ред.: Интернетке Атамбаев менен Бекназаровдун сүйлөшүүсү деп аталган телефондук сүйлөшүү тарап кеткен. Анда Матраимов, бажы кызматы тууралуу сөз болгон). Ал ошол жылдары Ош таможнясындагы төлөмдөрдү 156 пайызга көтөргөн. Анан Түштүк боюнча орун басар кылып Бишкекке алып кетишти. Алар Ошто КСДП үчүн аябай иштешти.

Мен президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында кириштим. Матраимов болсо 23-ноябрда, бир күн мурун кызматтан бошотулду. Менин президенттик учурумда, эки жылдан бери деле ал эч бир кызматта иштеген жок. Ошого карабай аны мага байлоо туура эмес. Башында мен маани бербептирмин. Билесиңер, бул иш 31-мартта башталды (ред.: Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 31-мартында партиялык жыйындан кийин маалымат жыйын өткөрүп, президент Жээнбековго “эгер коррупция менен күрөшөм десең Раим миллиондой досуң болбошу керек” деп кайрылган). Алгач Матраимовду коррупциянын символу катары элге сиңирип, анан аны мага чаптай башташты. Ооба, биз өзүбүзгө каршы кара пиарда маалыматтык согуштан уттурдук.

Матраимовдор боюнча иликтөө жыйынтыкталган. 24 миллион сом салык төлөнбөгөнү такталып, аны төлөштү. Силерди да чакырат элем, жөн эле айтып, жазып айыптай берүүдөн алыс болуп, фактылар болсо кайрылсаңар.

БАТУКАЕВДИН БОШОТУЛУШУ БОЮНЧА СОТТУН ЖАБЫК ӨТҮП ЖАТКАНЫ ТУУРАЛУУ...

– Батукаевдин сотунун жабык өтүп жатышы... Бул боюнча мыйзам бар, мамлекеттик жашыруун материалдар боюнча сот жабык өтүшү керек экен.

ОППОЗИЦИЯ ТУУРАЛУУ...

– Өлкөнүн өнүгүшү үчүн оппозиция керек. Бизде кошуна өлкөлөрдүн эч биринде жок күчтүү оппозиция бар.

Жалпылап алганда, президенттин ЖМК башчылары менен жолугушуусу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мындай форматтагы жолугушууларына салыштырмалуу бир кылка, тынч атмосферада өттү. Анда “сасык”, “чимкириктер” өңдүү эмоциялуу сөздөр айтылбады.

Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековдун көпчүлүк иштер боюнча “азыр талкуу жүрүп жатат, иликтөө жүрүп жатат, мен айтсам туура эмес болот” деп түз, так пикирин көрсөтпөй, көп маселелер боюнча буйтап өткөнү, "бизде күчтүү оппозиция бар" дегени талкууга түштү.

Президент маалыматтык согушта өзүнүн маалымат кызматы чабалдык кылып жатканын да моюнга алды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан