АНЖЕЛИКА: «АЛ МЫРЗА КОЛУМДУ СУРАДЫ»

Ырчы Анжелика 1-ноябрь күнү “Кызганба”, “Курбум” ырларына тартылган клиптеринин бет ачарын өткөрүп, чыгармачыл чөйрөнү чогултту.

Ал клиптердин жаралуу тарыхын баяндап, тартуу иштериндеги кызыктарды, кыйынчылыктарды айтып өттү. Ошондой эле “Жаңы жашоом эми башталат” деген ыр саптарын эскерип: “Мен жаңы жашоомду баштадым десем болот. Жашоону башкача көз караш менен карап, кулачымды кенен жайып жашай баштадым. Эл менен көбүрөөк иштешип, баарлашып, көп окуп өзүмдү өстүргөнүм ой жүгүртүүмдү өзгөрттү”,- дейт ырчы.

Ал эми социалдык тармактагы баракчасына жазган “Кеңешин укчу инсан пайда болуп, мен өзүмө өзүмдү алсыз, назик сезүүгө уруксат бердим” деген билдирүүсүн мындайча түшүндүрдү:

– Көрсө, ал адам жанымда эле жүрүптүр. Бир жыл бою көз салып жүргөн экен. Азыркы күндө ошол инсандын мага болгон колдоосу, ишеними мени бактылуу сезимдерге жетелеп жатат. Айта кетчү нерсе, бул мага концертте гүл берген мырза эмес (ред. Кыргызпатенттин мурдагы жетекчиси Марат Назарбеков). Ал жакынкы күндөрү боло турган менин чыгармачылыктагы досторумдун тоюна барам деп жатат. Балким, келип калса көрөсүздөр. Ал мырза мени нес кылган кадамдарды жасап, колумду да сурады. Бирок мен сунушуна ойлонуп көрөрүмдү айттым. Мындай сезимдер келгенде сууну да жөн иче албай калат экенсиң (күлүп). Учурда расмий түрдө жүрөгүм бош эмес. Ал жигит бардык жактан мени колдоп, мага тоо, канат болуп берүүгө сөз бергенине бир жума болду.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика: “Колумду сураган мырза сахнада гүл берген адам эмес“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aika17
2019-11-11 09:49:47
Анжелика тиякта "Маек берген эмесмин,жалганды жазганынарды токтоткула.Жооп бересинер"деп атат.
Кимисине ишенишинди билбейсин)
Кантседа ар экинчи санында кыжырга тийип Анжеланы байрак кылып которуп чыгып аткан гезитибиз экоонун арасын кара мышык аралаганго))
Билбейм ай билбейм же бул дагы кезектеги пиардын бириби.


Т.б.уч балалуу АЯЛ жигитим бар десе десин бирок бир жумалык мамилесин мынчалык жарыялабаш керек болчу.Кантейин сенин женилдигин)Жылуу мам
+15
aika17
2019-11-11 09:51:46
aika17,жылуу мамилеге суусап калгандайсынго.Бактылуу бол!
+7
katerina.li
2019-11-12 18:53:36
aika17,айка,сен айчурок окшойсун,куйоом мени айка деп эркелетет деп чыктын элего суперге.
-3
nazi25
2019-11-11 10:18:42
Жигиттери,мырзалары өтө эле көп го.Жртең башкасын айтып чыкса таң калбайм.
+6
Skarlett-Skarlett
2019-11-11 10:52:39
Билбейм,бирок
+1
Ma9
2019-11-11 10:55:33
Пияр кылганды жакшы коротко ошонго супер инфого асылып атса керекда
+5
AiperiO
2019-11-11 11:24:41
Мейли бактылуу болсун! Убагында биринчи акча учун, суйбой тийип алган. Эми акчасы бар суйуу жок... Суйсун. Бир кем дунуйо. Кыйын кыз экен
+7
ola
2019-11-11 11:53:32
Вонама эмеспикен
+2
Asyl10
2019-11-11 14:53:34
Албетте ар бир аялзаты бактылуу болууга акысы бар. Бирок чон кызы жигит жандап,куйоого тийейин деп калган аялдын жигитим бар дегени женил ойлуулук эмеспи? Ал жигит да 18-20 жашар бойдок жигит болбосо керек, 1-2 баланын атасыдыр. Анан уят эмеспи 2-3 балалуу нерселер кыз-жигитпиз деп журушсо. Макул,экоо тен ажырашкан болсун. Бирок мени тушунуп,колдогон жакын адамым бар десе болмок да, жигитим дегени туура эмес Анжелика деле отузду "уруп" койду,жаш кыздай суйлогону уят го дейм.
+3
Dilbaranurdinova
2019-11-11 16:06:15
Анжеликадан тажадык деп аттынар элего эми чыкпайт супер инфого
+4
KaGaH
2019-11-11 16:14:26
Жигитериндин баарын мен билем,же жазайынбы список кылып ?)))
+3
Paprikafm
2019-11-12 01:26:19
Менда ойлойм Ваномабы деп, Ванома да Мальдивыда жургонун инстаграмга жарыяладыго
+1
u02u02
2019-11-12 10:35:35
Жаш кыздарга окшоп жигитим десе кулкун келет экен)
0
bond02
2019-11-13 00:43:46
Бактылуу болосунбу болбойсунбу, кыскасы тынчып турчу бир азга.
+2
oshondoiraak
2019-11-13 12:36:57
Кайсы шордуу екен
0
Canada55555
2019-11-17 10:37:24
Аман болгула!!!!
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан