ИЛЬЯЗ АНДАШ УУЛДУУ, КУБАТ КУБАНЫЧБЕКОВ КЫЗДУУ БОЛДУ

Белгилүү ырчы Ильяз Андаш гезитибиздин өткөн сандарында берген маегинде “тун кызым төрөлгөндө экинчиси уул болсо экен деп тилеп, күнөө кылыптырмын, андан кийин Кудай көпкө наристе бербей күттүрдү” деген эле. 31-октябрда уулдуу болгонун кабарлаган ырчы төмөнкүлөргө токтолду:

– Уулубузга чоң атасы Илим деген ысым ыйгарды. Учурда эне-баланын абалы жакшы, эки күндөн кийин эле үйгө чыгарып келгенбиз. Кызым төрөлгөндө төрөткө катышкан эмесмин, мында да эжем бармак. Бирок жубайымдын толгоосу таң эрте башталгандыктан эжем телефон чалууга жооп бербей, өзүм кирүүгө аргасыз болдум. Төрөт залына кирүү мырзалар үчүн эмес экен деген ойдо калдым. Бул нерсеге аялзаты гана чыдай алат, Кудай дагы ошол себептен төрөттү аялдарга берсе керек,- дейт Ильяз мырза.

Шоу чөйрөдөгү белгилүү инсандардын бири, алпаруучу Кубат Кубанычбековдун үй-бүлөсүндө да жагымдуу жаңылык. Ал экинчи ирет кырк жылкылуу болгонун кабарлады.

– Эң башкысы, жубайым менен наристенин абалы жакшы. Кызыбызга жубайым экөөбүз акылдашып Айя-Сафия деген ысым ыйгардык. Улуу кызыбыз Аишаны ымыркай төрөлгөнгө чейин эле моралдык жактан даярдап койгонбуз. Ошентсе да бир аз кызганып “аны эмнеге жаным дейсиңер, жаныңар менмин го” деп жатат,- дейт алпаруучу.

star@super.ru

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elmira.
2019-11-12 13:51:40
Иляз уулду болуптурда озунчо эле суйунуп койдум ) омуру менен берсин!
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан