БАКЫТ ОСМОНКАНОВ ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗУП АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Интернетке актёр, режиссёр Бакыт Осмонкановдун Бишкекте унаасы менен жол эрежесин бузганы тартылып калган видео тарады. Эреже бузуу Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул окуя тууралуу актёр төмөнкүлөрдү билдирди.

– Унаамды кинотеатрдын алдындагы жайга токтотуп кеткем. Келсем, менин унаам чыга албай тургандай кылып жанына башка машинаны токтотуп кетишиптир. Эч кандай байланыш номерлери да жок болгондуктан 15 мүнөттөй күтүп турдум. Радиого шашып жаткан элем, тыгында такси күтүүгө да убактым тар болчу. Айласын таап, машинамды аялдама тараптан айдап чыгууга мажбур болдум. Баары бир эфирге 20 мүнөт кечигип бардым. Эреже бузгандыгым ырас, ал үчүн 3 миң сом айып пул төлөдүм.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан