Окурмандардан келген суроолорго «НАСА» юридикалык компаниясынын башчысы, юрист Нурбек Абдалиев жооп берет.
“КЕЛИНИМ ТАШТАП КЕТКЕН БАЛАСЫН ТАЛАШЫП ЖАТАТ”
– Неберемди 6 жылдан бери өзүм багып, тарбиялап келе жатам. Аны кичине кезинде эле келиним мага таштап, башка күйөөгө тийип кеткен. Уулум үйлөнгөн, ал үй-бүлөсү менен өзүнчө жашайт. Баласына атадай болуп үзүлүп түшпөйт. Небереме керектүүлөрдүн баарын өзүм алып берем. Эми анын апасы пайда болуп, неберемди менден талашып жатат. Келинимдин жашай турган өз үйү жок. Мен неберем үчүн расмий түрдө ага багуучу (опекун) катары документ ала аламбы?
Кундуз, 53 жашта, Бишкек шаары.
– Сиз райондук мамлекеттик администрациянын же мэриянын астындагы Балдарга кам көрүү бөлүмүнө (отдел опекунство) арыз менен кайрылууңуз керек. Алар комиссия түзүп, бардык жагдайды ар тараптан изилдеп чыгышат. Сиздин үйгө барып, жашоо-шартыңызды да байкап көрүшөт. Ошого карата сизге баланын камкору катары расмий түрдө чечим чыгарып берүү же бербөө керектиги чечилет.“АЖЫРАШСАК МҮЛКҮБҮЗ КАНДАЙ БӨЛҮНӨТ?”
– Турмушка чыкканга чейин менин чакан тигүү цехим бар болчу. Күйөөгө тийгенден кийин цехимдеги кийим тигүүчү машиналарды сатып, үстүнө күйөөмдүн ата-энеси берген акчаны кошуп, 1 бөлмөлүү батир сатып алганбыз. Батирдин акчасынын 60 пайызы меники, 40 пайызы алардыкы болчу. Батир күйөөмдүн атына катталган. 2 баланын ата-энесибиз. Эми биз ажырашып жатабыз. Кайнатамдар үйдү мага бербейбиз деп чатак салышууда. Машинабыз да бар. Ажырашсак үй, машинабыз кандайча бөлүнөт?
Гүлина, 37 жашта, Ош
– Баш кошконго чейин сиздин мүлкүңүз болгон цехтин документтерин жана сатуудан түшкөн тигүү машиналарынын акчасын үйдү алганга сарптаганыңызды кагаз жүзүндө же оозеки көрсөтмө менен далилдей алууңуз керек. Ошондо үйдүн 60 пайызына Граждандык жана Үй-бүлө кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде сот аркылуу ээлик кыла аласыз. Үйдүн калган 40 пайызы 2 балаңыздын үлүшү эске алынуу менен жолдошуңуз экөөңүзгө бөлүнөт. Эгерде далилдей албасаңыз үйдүн 100 пайызы жолдошуңуз экөөңүзгө тең бөлүнүп калат.
Машина баш кошкондон кийин ортодо тапкан акчага алынгандыгы үчүн экиге бөлүнөт. Укугуңузду жакшылап коргоо үчүн адвокатка кайрылганыңыз туура.“ЭЧ ЖАККА КАТТАЛБАЙ РЕПЕТИТОР БОРБОРУН АЧА АЛАМБЫ?”
– Мыйзамдуу түрдө керектүү органдарга катталбай, офис ачпай, эч кимге билдирбей эле үйдө чакан жеке репетитор борборун ачып, иштетүүгө болобу? Катталбай иштеткенде кайсы мамлекеттик орган билип калса мыйзамдуу түрдө жазага тарттыра алат (мисалы, айып төлөтүп же жаап салып)? Мыйзам боюнча кайсы жакка катталуу керек?
Жазгүл, 31 жашта, Ош
– Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде ишкердик максат менен тапкан кирешелерден салык алынууга тийиш. Ошондуктан сиз Ош шаардык салык кызматына кайрылып, патенттин негизинде офис ачпай иштесеңиз болот. Салык төлөбөсөңүз акчалай айып төлөп каласыз. Эч бир мамлекеттик органга катталбай репетитор борборун иштетүүгө мыйзам жол бербейт. Мындай борбор юстиция, билим берүү, салык жана статистика органдарына катталышы зарыл.
“ТИЛ КАТСЫЗ КЫЗЫМДЫ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АЛЫП КЕТЕ АЛАМБЫ?”
– Аялым менен ажырашып кеткем. Ортодо кызыбыз бар, учурда 15 жашта. Аялым Орусияда иштеп жүрөт. Мен кызымды алып чет өлкөгө саякаттап барып келүүнү пландап жатам. Суроом: чет жакка кызымды алып кетиш үчүн мурунку аялымдан уруксат алышым керекпи? Ансыз чек арадан өткөрбөйбү?
Курманбек, 40 жашта, Бишкек
– Сизге кызыңыз 18 жашка толгонго чейин энесинин укуксаты жок чет өлкөгө чыгууга мыйзам жол бербейт. Уруксат берилет, эгер кызыңыздын апасы энелик укуктарынан ажыратылган болсо же апасынын нотариалдык түрдө берген тил каты (уруксаты) болсо.
“БАТИРДИН ДУБАЛЫН БУЗУП ӨЗГӨРТҮҮГӨ БОЛОБУ?”
— Мен Бишкектен союз кезинде курулган үйдөн (“хрущёвка”) батир сатып алгам. Анын ичиндеги бөлмөлөрдүн бөлүнүштөрү жакпайт. Эми жасап-түзөтүү иштерин жүргүзөйүн деп жатам. Угушубузга караганда, ички дубалдарды бузуп, өзүбүздүн планыбыз боюнча бөлмөлөрдү башкача кылып бөлүш үчүн уруксат кагазы керек экен. Ушул туурабы? Уруксат керек болсо кимден ала алабыз?
Мелис, 34 жашта, Бишкек
— Мындай учурда керектүү органдан сөзсүз түрдө уруксат алуу керек. Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгына үйүңүздүн документтерин алып барып, арыз жазып, бирдиктүү терезеден тапшырыңыз. Алар көп кабаттуу үйдүн долбоорун карап чыгып, үйдүн конструкциясы башкача кылып бөлүштүрүп жасоого ылайык же ылайык эместигин аныкташып, анан уруксат беришет же баш тартышат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg