5-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – Кыргыз Премьер-Лигасы 28-турдук оюндар менен быйылкы сезон жыйынтыкталды.
Анда Бишкекте "Дордой" "Кара-Балтаны" 7:0 менен утуп алды. Буга чейин Крестининдин командасы 27-турдун жыйынтыгы менен чемпиондукту багындырган.
Чемпиондукта экинчи орунду Оштун "Алай" командасы ээледи. Акыркы турдук оюнда "Алай" өз үйүндө "Илбирсти" 4:0 эсебинде жеңип, 62 упай топтоду.
Чемпиондуктун коло медалдарын Бишкектин "Алга" командасы ээледи. Акыркы турда Кантта "Абдыш-Атаны" 3:0 эсебинде жеңип алды.
Динара Акимова
sport@super.kg