САНИА, ырчы: «АТАМ БАШКА ЭКЕНИН БИЛИП ЫЗА БОЛДУМ»

Ырчы Санианын шоу-чөйрөсүнө кадам таштаганына 4 жыл болду. Жакында SUPER TV`нын «Жылаңач баатыр» реалити-шоусуна катышып финалга чыгууга бир кадам калганда атаандаштарына өз эрки менен жеңилип берип көпчүлүктү таң калтырды. Өжөр, чечкиндүү ырчы менен тааныштырабыз.

– Саниа, маекти балалык кезиңден баштабайлыбы?

- Мен Жалал-Абад шаарында төрөлүп-өскөм. 9-класска чейин окуп, тентектигимдин айынан мектептен айдалып кеткем. Ошол убакта «Бригада» деген сериал көрсөтүлчү. Анын таасири астында окуучулар мектеп, класс болуп өзүнчө бөлүнүп согуша беришчү. Байкелерим менен чогуу жүрүп эркек мүнөз болуп калгам. Уруш чыккан жерден калбай, баарынан биринчи чыгып мушташчумун. Бир жолу классташ кызымды параллель класста окуган бир кыз сабап салыптыр. Жоош кыз болчу. «Алсыз адамдарга гана күчүң жетеби?» деп ал кызды сабап койгом. Менин үстүмдөн арыз түшүп мектептин мугалими жана аймактык тескөөчү келип «ата-энеңди чакыртабыз» дешти. «Апамды эмес, атамды эле чакыргыла» дегем. Анткени апамдын жүрөгү ооручу. Ызы-чуу бүткөндөн кийин үйгө барсам апам жок экен, көрсө, жүрөгү кармап ооруканага түшүп калыптыр. Ушундай жиним келип мектепке жетип барып «апам сен үчүн ооруп калды» деп мугалимди сабап салып, мектептен чыгарылып калгам. Андан кийин Бишкекке келип колледжде окуп, экономика жаатында билим алдым.

– Тентектигиң калдыбы?
- Мезгил өткөн сайын кыздар созолонуп, токтолуп калышат го, менде андай болгон жок. Бирөө менен урушуп кеткенде айтышып тура берген жакпайт. Нервим козголуп кетет. Барып эле муштап же башым менен сүзүп салам. Бул жөн жерден эле болбойт. Ар бири мамилесине жараша жообун алышат.

– Экономика жаатында билим алсаң, ырчылыкка кантип аралашып калдың?
- Экономисттик кесипти апам тандап берген. Өзүм Бишкектеги милиция академиясына тапшырууну кыялданчумун. Апам «сенден эч кандай милиция кызматкери чыкпайт. Ал жакта окусаң бандит болосуң» деп макул болбой койду. Ошентип апам айткан окуу жайда окуп калдым.

Окуу жайды бүткөндөн кийин өз кесибим менен иштегим келген жок. Жан дүйнөм музыканы эле каалап туруп алды. Анткени кичинекей кезимден бери ырдаганды жакшы көрөм. Бала бакчадан качып подъезддерге кирип алып ырдачумун. Орозо айы бүтсө деле пакетимди көтөрүп үйлөрдү кыдырып жарамазан айта берчүмүн.

Апама ырдайт элем десем «өзүңдүн акчаң болгондо ырдайсың» деди. Ошол максатымды ишке ашырыш үчүн Москвага барып 2011-жылдан 2015-жылга чейин иштеп акча чогулттум. Официант болдум, СИМ-карта сатып, бирдик салып иштедим. Акча жок подъездде түнөп калган күндөр да болгон.

Москвада иш толтура. Жалкоолор эле иштей албайт. Мигранттарга орустар жаман мамиле кылышпайт. Колдоп, жардам бергендер бар. Кыргыздар эле бири-бирине душман боло беришет. Жаныңда жашагандар акчаңды, буюмуңду уурдап, сатып да кетишет.

– Ыр жаздырып, клип тарттырууга каражат керек эмеспи. Ырчылык жолуң канча каражат менен башталды?

- Ырчылык карьерам 3000 доллар менен башталды. Нурсултан Кубатов деген клипмейкер менен келишим түзгөм. Ал 4 ыр жаздыртып, 4 клип тартып, формаларымды тиктирип, продюсерлик милдетти аткарып, телеканал, радиолорго алып барып чуркап иштеп берди.

– Максатыңа жетип ырчы болдуң. Шоу чөйрө жагып жатабы?
- Шоу чөйрөдөгүлөрдүн жашоосу жомоктогудай сезилчү. Көрсө, ыплас чөйрө экен. Артыңдан ушактар ээрчип, жүрбөгөн менен жүргүзүп, көрбөгөн жерден көрдүртүп салышат тура. Арасында колдогондор да бар. Бирок жек көрүп, жаман көргөндөр көбүрөөк.

– SUPER TV`нын «Жылаңач баатыр» реалити-шоусунан кийин элге көбүрөөк тааныла баштадың окшойт?
- Эң алгачкы «Ишенем келесиң» деген ырым жакшы чыкты. «Эми кайрылбаймын», «Мен сагынамын» деген ырларым да жакшы кабыл алынды. Бирок «Жылаңач баатыр» реалити-шоусунан кийин көбүрөөк тааныла баштадым. Азыр көчөдөн көрүп калгандар «эй, Жылаңач баатыр, кандайсың?» «Могу Саниа го» деп таанышат. Кафеде тамактанып жатканымды сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп башташты. Долбоорго катышкандан бери Инстаграмдагы катталуучуларымдын саны да көбөйдү.

– Долбоордон эмне алдың?
- Бул долбоорго чейин чыгармачылыгым 1 жылдай токтоп калган. Анткени жол кырсыгына кабылып, белим сынып баса албай калгам. Ошко сулуулук сынагына калыс катары чакырылып, жолдо баратканда мен отурган такси фуранын астына кирип кеткен. Белим 2 жеринен сынып, операция болдум. Түркияга чейин барып дарыландым. Ал жактын дарыгерлери туура эмес диагноз коюп салышканда депрессияга түшүп кеттим. Ыйлап, эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Жараткандын жардамы менен бутума туруп айыгып кеттим. Бул долбоор мени ошол депрессиядан чыгарды, аябай ачылдым. Алдыга умтулуп, жаңы ыр жаздырып, клип тарттыра баштадым.

– Финалчы болоруңа бир кадам калганда эмне себептен атайын жеңилип бердиң?
- Долбоордон 1- же 2-орунду алышым мүмкүн болчу. Реалити-шоудогу 12 күн аралыгында бир да жолу мага каршы добуш берилбептир. Долбоордо ойноп-жыргап эле жүрдүм. «Утсам акчаны 2-3 күндө эле жыргап жок кылам дегем. Мен долбоорго ойногону келдим, акырына чейин жетсем утулуп берем» дегем. Ошол сөзүмө турдум.

– Кудайберди Айтбосунов үчүн жеңилип бердим дегенсиң...
- Башынан эле Марс же Куба байке жеңиши керек деп келаткам. Кийин баары «Саниа Кудайберди байкени сүйүп калды» деп ойлоп калышыптыр. Марс байке жеңүүчү болгондо кубокту Кудайберди байкеге берген эле. Мен аларды колдогонум үчүнбү, Куба байке кубокту мага өткөрүп берди.

– Жашооңдо оор учурлар болду беле?
- Туугандардан көп запкы жегем, таарынтышкан. Эстесем эле ыйлагым келет. Кичинекей кезимде апам көп иштечү. Ал жок учурларда туугандар мени аябай сабашчу (ыйлап).

Чоңоюп калганда, 20-21 жашымда атамдын өз атам эмес экенин айтышты. «Мурда эле атам башка экенин айтып койсо болмок» деп апама азыркыга чейин таарынып жүрөм. Апамдан «атам ким?» деп дайыма сурай берип таарыныша кеткенбиз.

– Өз атаңды табуу сага абдан маанилүү болсо керек...

- Ага барып «эмне үчүн ушундай күндөрдү башыма салдың?» деп такаламак эмесмин. Жөн гана ким ал, эмне болгон адам экенин билгим келет.

– Атаң башка экенин кантип билип калдың?
- Чоң апабыз менен атамдын бир тууган байкесинин келини «бул өзүнүн кызы эмес да, андай-мындай» деген сөздөрдү айтышты. Буга аябай ызаландым, жашоомдогу оор күндөр ошол болду.

Азыр Жалал-Абадга баргым келбейт. Кичинекей кезиңде көргөн кордуктар жүрөгүңдө калып калат экен. Ошондуктан элге көз жашымды, таарынычымды көрсөткүм келбейт, жадырап-жайнап жүргөндү жактырам.

– Маегиңе рахмат, дайыма күлүп жүр!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Саниа, ырчы: “Кичинемде көп кордук көргөм. Азыр туугандарга баргым келбейт”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
jemile
2019-11-11 10:25:46
Аии аябай кыйын турбайбы бул кыз, мектептен айдалып кетет деген кандай гана "укмуш" ))
+2
Luna15
2019-11-11 11:00:56
Бул Дуйнодогу эн эле ыйык апабыз,апага таарынган болбойт,кайра апанды колдо конулун котор убагында сени атан жок ыйлап сыктап чонойтсо керек
+4
Baku88
2019-11-11 13:29:52
Luna15, кичине кезинде огой атасынын туугандарына кордоп чонойтуптур ыйлап сыктабай эле
+8
Luna15
2019-11-11 13:37:53
Baku88,эне байкуш кордолсун балам дебейт,алда бактылуу болуп кетемби деген умут мн тийдида
+2
kana-ara-fi
2019-11-11 11:16:57
Озунчо эле "озунчо" го
+4
vikidiki
2019-11-11 11:26:04
Башаламан интервью болуптур. Ар тараптуу. Ички дуйносу дагы деле тынч эмес окшойт
+14
Nevestkaa
2019-11-11 13:55:07
Бирөөнү сындабагыла чынында күчтүү экенсин өгөйгө өз болуу эле кандай кыйын нерсе .Мен өзүмүн жакындарыман кичине эле кыйшык сөз уксам 2 күн ыйлайм а бул болсо көп нерсени укту көрдү дегендей.Бактылуу бол чоң кыз.
+9
katerina.li
2019-11-11 15:47:19
Тизеси жарашпай калыптыр. Гезит бетине чыгаарда,стилист менен кенешип чыгышса кээ бир ырчы чоорчулар
+1
katerina.li
2019-11-11 15:50:23
Баягы эле "эркек муноз элем,байкелерим менен журчум,мушташчум,шыр эле тоголотуп сузуп кетем " деген ото кызыксыз маектер. Ырчы,куудул,актрисалар бир сценарий менен чоноюшканбы.?? Кимиси болсо деле ушинтип суйлойт. Назира куудул дагы жаны чыгып жургондо дал ушу сымак маектерди берчи
+10
Eliza83
2019-11-11 16:23:30
Мугалимге кол которуу - акылсыздыктын жеткен чеги. Соз жок...
+8
BelayaRoza
2019-11-11 22:55:54
Көз жашымды таарынычымды элге көрсөткүм келбейт деген адам ушинтип интервью берет беле? Кайра баарын жарыялап салды го
+7
Isikkolumkeremet
2019-11-12 00:06:58
Айтоор алчу куйоонун шору экендаа.башы мн сузуп салса.шымы гооо соз жок итти сузом десе талап салган окшобойбу.ме сага деп
+6
Bermet_Kasymova
2019-11-12 15:01:33
Негедир оспурум куракта калып калгандай элес калтырды. Туугандарына болгон таарынычы бир точкада кармап турат окшойт
+7
Nurbany
2019-11-13 19:41:29
ХХХХ бейбаш болсон таяк жейсинда!Мугалимди сабайт деген эмне шумдук?Атан сени ойлосо издемек да.Апана таарынбай эле кой сени олтурбой житирбей таштап кетпей алып жургонуно.Эне болгондо ыйлап стресс болуп жатам апам байкушту ойлоп деп чыгасын,азыр билбей жатасын баркын балалуу бол анан коросун
+5
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан