КЫЗСАЙКАЛ КАБЫЛОВА, ырчы: «БЕЛЕК ЖИБЕРГЕН МЫРЗАЛАРГА КЫЖЫРЫМ КЕЛЕТ»

Апта каарманыбыз болгон ырчы Кызсайкал Кабылова бул жолу жашоосундагы мырзалар тууралуу айтып берди. Беш агасы бар эрке кыздын баяны сиздер үчүн.

«АТАМДЫН КОЛУН КҮЙГҮЗГӨНДӨ»

- Атам Кабыл Бөрүбаев, маалым болгондой, чыгармачылыкта жүргөн инсан. Ал «эркек балага жокчулукту, кыз балага токчулукту көрсөтүп чоңойтуш керек" деп калат. Мени эмне кааласам ошону кылдырып чоңойтту. Жумуштан келе жатканда «ата, шоколад алып келчи» деп чалчумун, унутуп калса дарбазадан киргизбей машинасын айдатып барып, каалаган нерсемди саттырып алып үйгө келчүмүн. Атамдын кызымын, агаларыма бир нерсе керек болуп калса «атама айтып макул кылып берчи» деп мага келишет.

Атам менен апам Улуттук филармонияда иштеп жүргөндө таанышып, үйлөнүшүптүр. Экөө ынтымакта жашап, бизди өстүрдү. Мүнөзүнө келсек, атам токтоо адам. Апам менен урушканын такыр көргөн жокмун.

Атам олуттуу болгону үчүн анын бир аз туура эмес кыймылы бизге күлкүлүү көрүнө берет. Бир жолу кире бериштеги жарык өчүп калып, Мажит байкем экөө оңдоп жатышкан. Атам баласы кулап кетпесин деп тепкичке өзү чыгып алыптыр, анткени кулап кете тургандай бийик жер болчу. Тепкичти кармап берип жаткан Мажит байкем күлкүсүн токтото албай колун жылдырып жиберсе атам тепкичтен аңтарылып түшүп кетип жатпайбы. Ошону эстеп дагы деле күлүп калабыз.

Жаңы жылда «салют алып бер» деп ыйлап жатып алдырчумун. Бир жолу кымбатын алып келиптир. Аны жерге коюп күйгүзүш керек болчу. Мажит байкем «Кызсайкал, карап турсаң» деди. Жерге коюп күйгүзчү нерсени атама берип ширеңке жагып жибергенде от колуна чачырап кетти. Балабыз да, каткырып эле жатып калдык. Ошондон кийин атамдын колу ооруп жүрдү, бирок урушкан жок.

Келинине кылган мамилесине да ичим жылыйт. Жеңем учурда кош бойлуу. Түнкү саат экиде курут жегиси келди. Күйөөсү компьютердик оюндарын ойногону кеткен. Айла жок, атамды тургузуп курутка жиберсек, дүкөндөрдү кыдырып жүрүп таап келди. Кайсы кайната түнкү саат экиде келини үчүн курутка барат? Менин атам ушундай башкача адам. Атамдын кызы болгонум үчүн аябай бактылуумун.

«АГАЛАРЫМДЫН БЕШ БАШКА МҮНӨЗҮ БАР»

- Беш агамдын беш башка мүнөзү бар, биринен корком, бирине эркелейм, бири менен тамашалашам дегендей. Эң улуусу Эрнис байкем, тамада, куудул. Кыялы чарт-чурт, тез урушуп кетебиз. Бир үйдө бир сынчы болот го, биздин үйдө ушул байкем сынчы. Бир ырды жаздырганда же клип тарттырганда коркуп турам. Акыркы клибимди аябай жакшы деп баалады. Жок дегенде бир жумушум жагыптыр деп сүйүнүп калдым. Бир нерсени Мажит байкем экөөбүз «сен айт, мен айт» деп жатып Эрнис байкеме араң айтабыз. Ага андай эмес, мындай дебей жеңилип бериш керек, анткени сөз талашканды жаман көрөт. Жеңем «алдасаң алданат» дейт, бирок алдай албай жүрөм (күлүп). Экинчи агам Тимур, бизди өтө катуу кармайт. Кичинебизде түштө уктатчу, биз уктагыбыз келбей жатсак «уктадыңарбы?» дечү. Көзүмдү жумуп «мына уктадым» деп койчумун. Азыр өзүнүн кызы да мага окшош тентек. Андан кийинки Дамир байкем өтө жөнөкөй, кичипейил, жайдары сонун адам. Азыр Москвада кафеде ырдайт. Кийинкиси Бекзат байкем, ал дагы ырчы. Менин кызыма ата ордуна ата болгон ушул байкем. Мени башкача жакшы көрөт. Анын сүйүүсү кызыма да өтүп кеткен (күлүп). Азыр ал дагы Москвада. Үй-бүлөдө алтообуз тең ырдайбыз. Агаларымдын бардыгы жакшы ырдайт, бирок эл көзүнө чыкканды каалашпайт. Мажит байкем экөөбүз «ырдай албаган экөөбүз чыгып алдык го» деп калабыз. Жакында атамдын 60 жылдыгы болот, ошондо алтообуз тең ырдап, ыр белек кылалы деп жатабыз.

Акыркысы Мажит байкем. Экөөбүз удаа болгондуктан аябай жакынбыз. Тамашакөй, мени таарынтып алып эле кечирим сурап жалдырап жүрөт. Кичинекей кезибизден бери эч өзгөргөн жокпуз. Ошол эле Мажит, ошол эле Сайкал. Өзүбүз балалуу болуп калсак деле жеңемди кошуп алып жашынмак ойноп кетебиз. Жашоомдогу оор учурларда жанымда ушул байкем болду. Ичимде кайгы барбы, кубаныч барбы сезип, колдоп турат. Мен турмушка чыкканда аябай депрессия болуптур. Агалары бар ар бир кыз агаларынын сүйүүсүн, колдоосун сезет деп ойлойм.

«ЭРНИС МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫМ СЫНОО БОЛДУ»

- Жашоомдо турмушка чыккан мырзаны да аттап өтүп кеткенге болбойт. Кээ бирөө «Сайкал арызданып телефон чалса, беш агасы тең жетип келип күйөөсүн тизип коёт» дешет экен. Алар жетип келиши мүмкүн, бирок бул таптакыр башка нерсе. Алар үй-бүлөмө кийлигишкен жок, кийлигишсе көп адам жабыркап калмак. Мен өз тагдырымды өзүм чече ала турган жанмын. Мурунку жолдошум жакшы адам, болгону сыноодон өтө албадык.

«ЭРКЕК ДОСТОРГО БАЙМЫН»

- Табиятымдан аялдарга караганда эркектер менен жакшы тил табышам. Эркек мүнөз болгонум үчүнбү, алардын чөйрөсүндө өзүмдү ишенимдүү сезем. Андыктан эркек досторум көп. Алар кээде кыз экенимди унутуп калышат. «Доске» деп кайрылышат, далыга чаап кетишет, тамашалашат. Кээде эле «ий, сен кызсың да, унутуп калабыз» деп калышат. Аял менен эркектин ортосунда достук болбойт деген сөзгө такыр кошулбайм. Тескерисинче, бекем болот.

«АЗЫРКЫ ЖАШООМ»

- Жараланган адам жарасы айыкмайынча ага тийгиси келбейт экен. Анткени сыздайт, оорутат. Азыр жеке жашоом тууралуу ойлонгон жокмун. Салонума чейин гүл, белек жиберген мырзалар бар, аларга кыжырым келет. Учурда жалгыздыгым жагып жатат. Мен сүйсөм баш отум менен берилип, ошонун айтканы менен болуп, ал адамга сиңип, жок болуп кетет экенмин. Тарсылдаган эркек мүнөз Кызсайкал алсыз кызга айланып калат. Бирок мага тарсылдаган Кызсайкал жагат. Азыр иштеп, ийгиликтерди жараткым келет. Кичинемде силердин гезитке интервью берип жатып «18 жашымда күйөөгө чыгам, анан толтура бала төрөйм» деп айтыптырмын. Жаштын тилегин берет дегендей, буюрса, көп балалуу эне болгум келет. Жан дүйнөм айыккандан кийин буга даяр болом.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg
 Кыстарылган видео 
Кызсайкал Кабылова: "Белек жиберген мырзалар бар, аларга жиним келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Kyrgyz-jigit.com
2019-11-11 12:25:01
тарсылдаган Сайкал пфф))
+6
Aquarius84
2019-11-11 12:25:44
Шариятта эркек менен аялдын ортосунда достук болбойт.Дин карманган аялдан мындай сөздү уггуу динден алсыздыгы.
+18
mela
2019-11-11 12:38:05
Мажит аябай мудрый,тартиптуу бала экен.Аябай жакшы ырдайт.Сайкал азамат,чогуп кетпей,ийгиликтуу иштеп атат.
+10
Nevestkaa
2019-11-11 13:05:20
Сайкал окуп калсаң жооп берип койчу,сен намаз да окуйсунбу же жөн эле оронуп жүрөсүнбү?
+7
happy86
2019-11-11 15:14:51
Ошондо Эрнис Борубеков тамада Бир тууган инисиби?
-4
Eliza83
2019-11-11 15:49:49
happy86,Эрнис Борубаев-бир тууган агасы.
0
Dilbaranurdinova
2019-11-11 16:10:18
Супсулуу кызыда ширин
-3
Mekusi
2019-11-11 23:42:30
Молодец Кызсайкал. Ишине ийгилик!⚘
-4
Arman7
2019-11-12 04:48:32
Озун жакшы кызсын кыжырын келген жери жаккан жок балдар менен дос болгонун дагы
+3
katerina.li
2019-11-12 09:50:04
Пиаршица
+1
bond02
2019-11-13 00:40:11
Кийинки санынарда мага келгилечи бир мактанып берейин мен дагы.
+5
Aynura87
2019-11-13 05:32:34
Жоолук эле саалынганын болбосо сенин кылгандарын Исламга каршы келет. Аял кишинин уну ботон эркектерге арам, сен болсо созолонуп ырдап куноого батып атасын. Жоолугун жок болсо мейли дейт элем. Жоолук жамынып алып мындай кылганын исламды булгаганын. Аллах бекем ыйман берсин.
+5
Taalaibek.
2019-11-13 14:05:41
Аял менен эркектин отосунда достук болбой! Тескерисинче суйуу болуп кетиши мумкун.
+3
Nurbany
2019-11-13 19:28:14
Ийгилик эч кимди укпа!Сен кыйынсын Кызсайкал
0
aikokul14
2019-11-14 10:54:32
Бактылуу бол,эч бир үй бүлөө бузулбасын!
-1
Losw
2019-11-17 13:24:11
Бул кыз хиджапты мода учун кийгендердин катарында экен. Болбосо корунгон жерде озун пиарлай бербей тизгинин тартып журмок...

Озун озу пиарлабаса, той-ашка башкалар суйроп барып, журналисттер уйунун жанында андып отурган жок да, мындан интервью алабыз деп...

Атасы, агалары онорлуу адам болсо ошолордон интервью алныла да, мындан эмес... 10 жыл илгери 1-2 ыр аткарып койсо эле дагы да эстей бересинерби?!!

Анда эмнеге Кудайберген Куттубековдон интервью албайсына
+1
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан