ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
КЫЗДАР ЖИГИТТЕРГЕ КАНТИП ЖАГЫНА АЛЫШАТ?
Колоңсо же шыбоо жыттанган адамды кайсы эле аял же эркек жакшы көрсүн, сүйүү мамилесин курсун?!
Тазалыкты жакшы кармап жүргөн адамга каршылаш жыныстагылар кызыгышат. Ал эми кызыгуу таанышууга жана сүйүүгө жеткирүүсү мүмкүн. Тазалык болгон жерде эстетикалык сулуулук да болот. Жогорку айтылган жыттардан кантип кутулуу керек?
-
Күнүгө эртең менен кечинде колтукту жана бутту самындап жууш керек.
-
Ашкана уксусун теңме-тең сууга кошуп туруп коюн-колтукту, бутту жуу жана убак-убагы менен сүртүп туруу зарыл. Ошондо адам тердебей, сергек болот.
-
Адам терчил болсо, 500 грамм эмендин кабыгын 4 литр сууга салып кайнатуу зарыл. Анан даки менен сүзүп алып, ваннадагы сууга кошуп жуунуу зарыл. Же 250 грамм тузду ваннадагы сууга кошуп киринсе да болот.
-
Эгер үйдө ванна жок болсо, жогоруда айтылган эмендин кайнатмасын же тузду чылапчынга салуу керек. Анан суу кошуп, сүлгүнү ага нымдап денеге сүртүү кажет. Адамдын териси тазаланып, жумшак жана сулуу көрүнөт. Сергек да жүрөт.
-
Кээ бир адамдар колтугун, бутун жуубай туруп сасык жытты кетирүүчү дезодоранттарды себе беришет. Бул туура эмес. Себеби улам себилген дезодорант колтуктагы (буттагы) кирлерге кошулуп, башкача жыт менен ого бетер сасып чыгат. Колтуктагы жана жыныс органдардагы түктөрдү тазалап туруу керек. Анткени жагымсыз сасык жыт түктөргө сиңип калат да, жууса деле кетпей жыттана бериши мүмкүн.
-
Денени дамамат жууп жүргөндө, ар бир адамга тиешелүү болгон өзгөчө жыт гана чыгып калат. Болгону, денедеги гормондордун таасири менен пайда болгон жыныс органдарындагы делебени козгоочу жагымдуу жыттарды чаташтырбоо керек.
ЭМНЕ ҮЧҮН МЕНИ ЭЧ КИМ СҮЙБӨЙТ?
Кээ бир жаштар секс жөнүндө китептерди көп окуп, адепсиз тартылган порнофильмдерди көрүп, андагы секс ыкмаларын туурап, анан жыныстык байланышта өзүн дөө-шаа катары сезишет.
«Кызга жагыш үчүн кандай касиеттер керек?» деп сураса, көпчүлүк жигиттер “бою узун, көкүрөк булчуңдары түйүлүп, далысы далдайган, жыныстык мүчөсү чоң жигиттер жагат” деп айтышы мүмкүн. Бул туура эмес түшүнүк. Бир мисал келтирели.
1989-жылкы Латвиянын “Балтия” журналына жарыяланган “Эркектердин ою боюнча, аялдарга эркектердин тышкы көрүнүшүнөн эмнелер жагат?” деген суроого эркектер төмөнкүдөй жооп беришкен:
-
Кең далылуу, булчуңдуу көкүрөк-21%
-
Карылуу (булчуңдуу) колдору-18%
-
Чоң жыныстык мүчө-15%
-
Узун бой-13%
-
Жамбашы-4%
-
Көздөрү-4%
-
Калган дене мүчөлөрү-18%
-
Чынында, аялдарга эркектердин тышкы көрүнүшүнөн төмөнкү жерлери жага турган болуп чыккан:
-
Жамбашы-39%
-
Узун бой-11%
-
Көздөрү-11%
-
Сымбаттуулугу-5%
-
Чоң жыныстык мүчө-2%
-
Кең далы, булчуңдуу көкүрөк-1%
-
Карылуу колдору-0%
-
Калган дене мүчөлөрү-2%
Өзүңүздөр байкагандай, чоң жыныстык мүчөнү жактыргандар 2 пайызды гана түзөт экен. Муну эркектер эстерине алып коюшса.
(Уландысы кийинки саныбызда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
baldar ozunordu taza alyp jursonor,kyzdar ozdoru ele jakyndait,sayp tursan kim ele seni jaktysyn.