МИРБЕК АТАБЕКОВ: «БЕЙКҮНӨӨ ЖИГИТТИ КАМАТЫП КУДАЙ АЛДЫНДА КҮНӨӨЛҮҮ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ»

Бишкекте 6-майга караган түнү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө бет капчан адамдар кирип, 60 миң доллар акча жана зер буюмдарын тоноп кетишкен. Бул кылмышка шектелип кармалган жарандын апасы “бейкүнөө баламды камап, кыйнап жатышат” деп арызданууда. Мындан улам коомчулукта “Мирбек Атабеков күнөөсүз баланы каматып, апасын ыйлатып жатат” деген да пикирлер айтылууда. Ырчы бул окуя боюнча атайын кайрылуу жасады.

“АКЫЙКАТТЫККА ЖЕТПЕСЕМ ӨЗҮМДҮ ӨРТТӨЙМ”

Жогоруда аталган кылмышка шектелип Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин ыкчам иликтөө тобу Каракол шаарынан Б.М. аттуу 24 жаштагы жаранды кармаган. Ага "2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушундагы үйлөрдүн биринде болгон уурулукка катыштыгы бар" деген да айып тагылууда.

Шектүүнүн апасы Жыпаркүл Иманкалиева "уулум күнөөсүз кыйноого алынып, бейкүнөө камакта жатат" деп айтып чыккан. Ал "балама адилетсиз мамиле жасалууда" деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган. “SUPER MEDIA” маалымат борборунда маалымат жыйын өткөргөн эне окуянын чоо-жайын айтып берип, "эгер акыйкаттыкка жетпесем өзүмдү өрттөйм" деди.

Бул маалымат жыйындан кийин УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектелип кармалган Б.Мга карата кыйноолор болгон деп кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат таратты. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталып, териштирүү жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "социалдык тармактар аркылуу мен тууралуу чагымчыл сөздөр жазылууда" деп өз чындыгын айтты.

– Менин үй-бүлөмө тийиштүү аталган окуя боюнча акыркы убакта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Кылмышка шектүү баланын апасы маек берип, эл арасында ар кандай ой-пикирлер болууда. Буга байланыштуу өз оюмду билдирип кетейин.

Албетте, мен бир дагы эненин ыйлашын каалабайм. Эжеге боорум ооруп жатат. Азыр анын баласы күнөөсүз же башка адам күнөөлүү деп айта албайм, буга укугум да жок. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Соттун чечими чыккандан кийин гана өз пикирибизди билдиребиз.

Интернеттеги социалдык тармактарда “Мирбек Атабеков күнөөсүз баланы каматып, апасын ыйлатып жатат” деген сөздөр болуп жатат. Урматтуу туугандар, мындай сөздөрдөн алыс бололу. Кудайга шүгүр, өзүмдүн жумушум, чыгармачылыгым, концерттерим, дүйнөгө чыга турган максаттарым бар. Сиздер жазып жаткандай иш менен алек болууга убактыбыз жок. Бейкүнөө бирөөнү каматып коюп Кудайдын астында күнөөлүү болгум келбейт. Урматтуу кыргыз элим, ынтымакта болуп, мындай айыптоодон алыс бололу. Мындай кырсыкты бир да үй-бүлөгө каалабайм.

Ал эми айрым туугандарыбыз “зекет берсең мындай иштер болбойт эле” деп жазып жатышат. Зекет берүү иштери боюнча Кудайдын астында жооп берем. Аны башка бирөөгө көрсөтүү үчүн эмес, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кылам. Ар бирибиз өз кылганыбыз үчүн жооп берели, туугандар.

Биз жабыр тарткан тараппыз. Ошол күнү апамды сабап, бети-башын көк ала кылышып, кабыргасын сындырышкан. Андан кийинки апамдын нес абалы бүгүнкү күнгө чейин көз алдымда, жүрөгүмдө калды. Мейли акчаны, алтындарды алып кетишсин. Эмне үчүн 60 жаштагы апама кол көтөрүшөт?

Кылмыш кылган адамдар толук кандуу жооп бериши керек. Милиция кызматкерлери бул ишти аягына чейин адилеттүү иликтеп берет деп ишенем.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-11-11 10:25:44
Просто силер бир туруп 200 % эжем,тааныды,100% карындашым тааныды деп эки суйлоп аттынар башында эле,анан бул баланнын тоодой далилдери болгонуна карабай камап салыштыго. Тойдо жургон фото ,видеолору бар экен,жанында жургон адамдар бар экен далил катары. Ошондой болсо да камап салыганына эл ичи ачышып жатат и сен жонундо ,Мирбек туура эле айтып жатышат.
+6
Jaziko80
2019-11-11 13:52:44
katerina.li, туура созуно кошулам
+4
Isikkolumkeremet
2019-11-12 00:10:45
Эми апамды сабап деп чыктынбы
+3
Arlenchik
2019-11-12 14:39:16
Жон эле куноосуз эч кимге зыяны жок туз жургон адамдыле камап коюшпаса керек, балким ал окуяга болбосо башка окуяга байланышы бардыр,Бир илинчеги бар учун кармады да,эмнеси болсо да адилеттуу чечим чыгып, чыныгы куноолулор жазасын алышсын.
+4
kyrgyzstan00
2019-11-12 18:36:24
Апасы айтып жатат го даже вотсаптан канчада видео тартылгандан беркиси эми Мирбек башында айтпай белен апама кол которушту деп аялын башкача суйлоп жаткан.Уят го дейм ушул баланын камалышына же майып болуп калышына себепчи болуп калба
+2
katerina.li
2019-11-12 18:51:46
Мирбектин аялы эч кандай тоноо болгон жок деп айтты эле го
+2
Losw
2019-11-17 13:30:39
Мирбек карындашым тааныды деп айтты эле, эми болсо мен андай же мындай деп айта албайм дегени кызык болууда...

Мирбектен эмес, анын карындашынан сураш керек болчу......
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан