ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 11-НОЯБРДАН 17-НОЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Иштериңизди жуманын башынан аягына чейин кылдат пландап алыңыз. Антпесе баш аламандык жаралышы ыктымал. Апта ичинде кылган ишиңиздин жыйынтыгынан жан дүйнөңүз ырахат алмакчы. Майда-барат нерселерге көңүл бурбай койгонуңуз пайдалуу сунуштан, кирешеден же кандайдыр бир олжодон куру-жалак калтырышы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кимдир бирөөлөр сизди өз максатына колдонууга аракет кылмакчы. Мунун аркасында сизге зыян келиши же жакындарыңыз тарабынан нааразычылык жаралышы мүмкүн. Унаа айдап жүрсөңүз да, жөө жүргүнчү болсоңуз да жол эрежесин сактабасаңыз, кырсыкташыңыз ыктымал. Жетекчилик тараптан айтылган сын-пикирлерге даяр болуңуз. Апта конфликттер үчүн эмес.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптанын башы жакшы жаңылык угуу менен башталат. Чыгармачылык менен алектенгендердин ишинде ийгиликтер күтүлүүдө. Пландап жүргөн иштериңизди унутуп, аткарбай калбаңыз. Жылдыздар мунун аркасында жакшы нерселерден, достордон же баалуу буюмдан кол жууп калуу коркунучун эскертет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Керексиз буюмдардан арылып, сизге жакпаган адамдар менен мамилелерди үзүүгө ылайыктуу апта. Ошондой эле гардероб жаңылоо, жаңы сатып алуулар орун алат. Эмне сатып алсаңыз да сапатын тыкыр текшериңиз. Жаңы таанышуулар ийгиликтерди алып келиши ыктымал. Жума күндү жакындарыңызга арнаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул жумада сизге жаңы мүмкүнчүлүктөр эшигин ачат. Кирешеңиз ашып, ийгиликке марыйсыз. Мунун артында ич күйдүлөр чыгып, ишиңизди артка тартууга аракет жасашары күтүлүүдө. Маанайды бузуучу адамдарга кезигишиңиз мүмкүн, алардын деңгээлине түшпөөгө аракет кылыңыз. Суукка кабылып калуунун алдын алыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Убактыңыз болбогон нерселердин арты менен текке кетиши мүмкүн. Тааныш эмес жайларга барууда адашып калуунун алдын алыңыз же жалгыздап жүрбөңүз. Жуманын аягында майда-чүйдө кырсыкка кабылып калышыңыз күтүлүүдө. Андыктан бийик жерлерден жана курулуш иштери жүрүп жаткан жайлардан алысыраак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Сизге тиешеси бар дагы, жок дагы конфликттерге аралашып калышыңыз мүмкүн. Андыктан колдон келишинче талаш жаралган кырдаалдан качууга аракет кылыңыз. Аптанын аягында конокко баруу же үйгө мейман келүүсү күтүлүүдө. Кошуналар менен нааразылашуу жаралбашы үчүн тынч майрамдаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жуманын башы ишиңизди жөнгө салуу үчүн маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу. Шаршемби сүйүү жаатында жемиштүү күн болсо, бейшемби күнү көптөн бери колго тийбей жүргөн аласаңыз кайтарылат же баалуу белекке ээ болосуз. Аптанын аягы жаңы таанышуулар менен аяктайт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта башында баштаган жумушуңуз бүтпөй, жуманын аягына жетпей чарчап калышыңыз ыктымал. Андыктан энергияңызды туура сарптаңыз. Бизнес жаатында эмгектенгендер үчүн ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу апта. Ишемби күнү үй тиричилик техникаларын сатып алуу үчүн ийгиликтүү болмокчу.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сөөктөргө коркунуч туудура турган кырдаал, кырсыктардан сактаныңыз. Иш жаатына келсек, сиздин ачык-айрым болгонуңуз жана ашыкча энергияңыз бир нече ийгиликтерге себепчи болору күтүлөт. Сүйүшкөн түгөйлөр же үй-бүлөлүү текечерлер үчүн мамилелерди жөнгө салып, мурдагы таарынычтарды жазууга ылайыктуу апта.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сабырдуулук менен бардык маселени чечүүгө болорун эстен чыгарбаңыз. Күмөн санаган иштерди жасабоого аракет кылып, интуицияңызга көбүрөөк ишениңиз. Сиз ойлобогон адамдар жардамга келип таң калтырат. Жекшемби – көптөн бери ишке ашпай жүргөн максаттардын орундалышына өбөлгө болчу күн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жалган маалыматка ишенип алып, маанайыңыз түшүшү күтүлүүдө. Бул аптада айланаңызда адамдардын курчоосу көп болуп, опур-топур күндөрдү кечиресиз. Кыялдарды орундатуу үчүн реалдуулукка ыктаңыз. Акча тартыштыгы жаралбашы үчүн карыз сурагандардан баш тартканыңыз оң.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 11-17-ноябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ICHOMTAY
2019-11-16 23:52:45
Коро жатарбыз
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан