БАЛАҢДАН ГЕНИЙ ЭМЕС, БАКТЫЛУУ ИНСАН ЖАРАТ!

Урматтуу ата-эне, эгерде бул макаланы окуп жатсаң, балаң үчүн эң маанилүү иш кылып жатасың деп ойлойм. Анткени силерди кызыктырган бала тарбиясы тууралуу маселелерге психолог Ильдар Акбутин жооп берет.

АТА-ЭНЕ, КАЙДА ШАШАСЫҢ?

  • Ар бир бурчтан “биздин ийримге келсеңиз балаңыз гений болот, ойду омкорот, тоону томкорот” деген сыяктуу жарнамаларды көрүүгө болот. Алданасың да, жарым айлыгыңды төгүп бересиң. Шашпа, балаң 4 жашында эки тилди билип, 100гө чейин санашынын эч кимге кереги жок. Алдында 10 жылдык окуу, анан ЖОЖдогу 5 жылдык окуусу бар.
  • 3-4 жаштагы баланын мээси маалыматты кабыл алууга, аны иштеп чыгууга даяр эмес. Бала дүйнөнү оюн аркылуу гана кабылдайт. Баланын мээси 7-8 жашында гана маалыматты кабыл алганга даяр болот. Мисалы, күчтөп тамак жегизсең аш кыла албай кусуп салгандай эле, мээ да маалыматты аш кыла албай калат.
  • Сууда сүзүү, футбол, сыяктуу ийримдерге 5-6 жашынан берсеңер болот. Аны да бала өзү тандашы керек. Ага видеолорун көрсөтүп, бир-эки жолу алып барып, кызыгуусу болбосо зордоштун кереги жок.
  • Ата-энелер, бала кичине кезинде ойногонду гана билиши керек. Бакка чыксын, топ тепсин, курт-кумурскалардын изин кубаласын. Ойносун! Эгерде кичине кезинде ойнотпой койсоңор, бала 30-40 жашка чыкканда деле ойной берет. Кээде телефондо атышып ойноп жаткан чоң адамдарды көрүүгө болот эмеспи.
  • Туура, кичинесинен окуп, жазганды билген же ийримдерге кызыккан балдар бар. Булар аз санда гана болот.
  • Эсиңерде болсун, баланын жөндөмүнө жана каалоосуна карап гана ийримге берүү керек. Болбосо анын убактысы, сенин акчаң жөн эле кетет.

ӨЗ АМБИЦИЯҢДЫ БАЛАГА ТАҢУУЛАБА

  • Эми ата-энелер эмнеге балдарын эрте ийгиликтерге жетишин каалашат деген суроого келели.
  • Коркуу. Жашоодо балам өз ордун таба албай калат деген ишенбестик. Сен канча аракет кылсаң деле баланын табиятын колуң менен жасай албайсың. Алар ар түрдүү. Бири жөндөмдүү, экинчиси жөндөмсүз. Муну кабыл алып, ал эмнеге кызыгат байкап, ошол кызыгуусун арттырыш керек.
  • Эркек бала сөзсүз мушташуу керек деген стереотип бар. Балким, анын табияты гүл отургузуу же илимдир. Зордоп ата-эне өзү каалаган амбициясына баласы аркылуу жеткиси келген – адилетсиздик.
  • Ата-энеде ошондой коркуу бар болсо, өзү биринчи психологго барып жардам алганы оң. Өзүнүн маселесин же каалоосун балага арткан туура эмес.
  • 7 саат сабак окуп келген баланы тамак берип туруп кайра сабак оку дешет көп ата-энелер. Жети түнгө чейин даярданышат. Уйкудан калып тапкан баанын даамы канчалык даамдуу болот деп ойлойсуңар?
  • Эсиңерде болсун, бала каалап өзү тырышып баа албаса, эч кандай ырахат албайт. Өзү каалап жаттап айтып "5" алганда гана чыныгы жеңиштин даамын сезет. Ал даамды тартып албагыла.
  • Ата-энелер, силердин милдетиңер баланын жакшы бааларын саноо эмес, колдоо, өнүктүрүү, талантын ачуу.

“МЫКТЫ” ЖАНА “ЭКИГЕ” ОКУГАНДАРГА МАМИЛЕ

Баланын жөндөмү ар түрдүү. Бири так илимдерге, экинчиси гуманитардык илимге жакын. Баланын күндөлүктөгү баасы жашоодогу эң маанилүү нерсе эмес. Кээде ал таптакыр эле маанилүү эмес. Кечээки "экиге" окуган бала бүгүн дүйнөнү башкарып жатканын көп эле көрүүгө болот. Эң маанилүү нерсе – ишенимдүү, өзүн баалаган, сыйлаган, өзүн жана башкалардын алсыз, күчтүү жактарын көрө алган баланы тарбиялоо керек. Жаман окуган баланы эч качан начар баасы үчүн урушуп же жазалабаш керек. Бул өзү тоголонуп бара жаткан баланы ого бетер жардан кулатуу менен барабар. Кээ бир баланын табиятында окууга шыгы жок. Андай балдар адатта колу менен иш кылганга жөндөмдүү болушат. Мисалы, андан мыкты куруучу, мыкты багбан, мыкты фермер, атүгүл мыкты бизнесмен же спортчу чыгышы мүмкүн. Балаң жаман окуп жатса дүйнө аңтарылып кеткен жок, болгону дагы кара, изилде, өнүктүр.

Мыкты окуган баланы дагы ошондой эле көзөмөлдөө керек. Алар жеңилүү эмне экенин билбей калышат да, турмуштун биринчи соккусуна жыгылып беришет. Ошондуктан ал сабакты жакшы окуса эле идеалдуумун деген ойдон алыстатыш керек. Экинчи болгон кемчилик эмес экенин да түшүндүрүп үйрөтүү керек. “Сен мыкты окуганың үчүн эмес, сен менин балам болгонуң үчүн сүйөм” дегенди түшүнсө бала ийгиликтүү болот.

АТА-ЭНЕ, КУЛАГЫҢА КҮМҮШ СЫРГА...

Эң негизги милдетиң – генийди эмес, бактылуу баланы тарбиялап чыгаруу.

Бала окуганга караганда көрүү менен көбүрөөк кабыл алат. Ошондуктан өзүңдү оңдо. Жаман адаттарды көрсөтпө. Үйрөтөм десең, өзүң үлгү бол.

Мотивация бер, жакшы шарт түз. Бир класста 50 бала окуйт, мугалимдер алардын атын тургай, өңүн да тааныбай калышы мүмкүн. 15 бала окуган, көңүл бурула турган мектепке бер.

Ийгиликтүү кылам десең, эркин өстүр, дос бол, “сен баласың, мага сүйлөгөнгө акың жок” дебе. Өзүңдүн кемчилигиңди моюнга алсаң, ал дагы өзүнүкүн көргөнгө үйрөнөт.

Сүйүү бер. Жанында бол. Колдо. Кучакта. Мээримиңди төк. Мыкты окуса да, "экиге" окуса да турмуштан мүдүрүлгөн убакта сенин ага берген мээримиң аны кайра бутуна тургузат. Мушташа турган ийримдерге берип күчтүү кыла албайсың, сүйүүң менен күчтүү кыла аласың.

Макта, кыйын экенин, жашооңдо олчойгон орду бар экенин билдир. Бала башка жерде экинчи орунда болсо да, сен үчүн биринчи экенин сезсе ал дайым биринчи болууга умтулат жана бийиктиктерди багындыра алат.

Өзгөчө эненин сүйүүсү 7 жашка чыкканга чейин бала үчүн эң керек. Ата менен байланыш кечирээк өнүгөт.

Генийди тарбиялап чыгуу ар кимдин эле үлүшүнө жазыла бербеген тагдыр. Ал эми бактылуу баланы тарбиялоо ар бир адамдын колунда. Болгону кечикпе, анткени бала бат эле чоңоюп кетет. Ийгилик сага, ата-эне!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Eliza83
2019-11-11 15:07:24
Эн туура...
+8
Supsuluu
2019-11-11 16:02:49
Сонун макала. Балдар жонундо окуганда магдырай тушом. Коз алдыма балдарымды элестетип окуйм!
+11
elisa86
2019-11-11 16:18:11
Чон рахмат. Абдан пайдалуу кенеш болуптур.
+10
Bermet_Kasymova
2019-11-11 23:21:20
Ушул психолог абдан мыкты
+11
Margana93
2019-11-12 14:32:07
Рахмат
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-11-12 16:06:56
Рахмат
+5
Eli.91
2019-11-12 17:28:05
Чоон рахмат чын экен дээринде окугусу келбеген бала билинип калат экен.Кызым 1 класста окуйт чындыгында тамгаларды уйрото албай койдум.Убагы келсе ОЗУ эле жаттайт деп тим койдум.Сабактарын картам тиктеп турсам Баарын кылат оз алдынча кылалбай жатат.
+5
Nevestkaa
2019-11-12 17:34:10
Эне болгондон бери биринчи жолу өзүмө керектүү эң маанилүү кеңешти окушум,өтө сонун жазылыптыр.Мен балам 2 алып келсе айкырып өкүрүп урушуп туура эмес кылат экенмин менин оюмда катуу урушсам өзгөрөт деп жүргөн экенмин.Канымжан эжеке психологтордон ар санда кеңеш алыңызчы мага окшогон энелерге жардам болмок.Чооооң рахмат сиздерге.
+3
Nevestkaa
2019-11-12 17:35:56
Нуржамал эже
0
kyrgyzstan00
2019-11-12 18:31:04
Соонун кенеш экен
+4
egemberdievagulbara
2019-11-12 20:02:14
Мага аябай жакты ушул кенеш.
+4
aidinaernur
2019-11-13 06:31:22
Соонун кенеш экен
Мага майдай жакты
Озумдун кемчилигимди мойнума алдым

Балам чонойсо кандай болот деп эле корко берем
Балам окугусу да курстарга да баргысы келбейт.
+5
raikakyz
2019-11-13 19:18:06
Негизгиси,жашоодо бактылуу болсонор экен дейм.Туура эле айтат экенмин демек.Болор бала богунан деген чын да.
+3
Aiperi-17
2019-11-13 19:44:28
Балдарыбыз бактылуу болсун бактылуулуктун ичинде баары бар
+3
Store
2019-11-14 19:11:46
Ата-энелерге мотивация берет экен бул макала.
+2
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан