ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНА ЧЕКТӨӨ КОЮЛДУ. ТЕЗЕК ТЕРГЕН БАКИЕВДИК ЗАМАНГА КАЙТАБЫЗБЫ?

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн 7 облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында кышкы жылытуу сезонунда электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизди. Тийиштүү токтомдо “облус жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышсын” деп жазылган.

Бул өңдүү чектөө Бакиевдин заманынан бери кайталана элек болчу. Болгону 2015-жылы 700 киловатт-саатка чейин пайдалангандар 77 тыйындан, 700 киловаттан ашыкча пайдалангандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт деп атайын тариф коюлган.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жооптуу "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы “кышында электр энергиясын колдонууга чектөөлөр, электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт” деп ишендирүүдө. “Өкмөттүн токтомунда айтылган чектөө – бюджеттик мекемелердин электр жарыгын пайдалануусун көзөмөлдөө үчүн” дешти компаниядан. Мектеп, оорукана өңдүү социалдык мекемелерге тийиштүү. Электр жарыгын каалашыңча пайдалан, пайдаланганыңа жараша акчасын төлө деген эркиндиктин доору бүттүбү? Лимиттен ашыкча пайдаланылса кандай чара көрүшөт? Ушул өңдүү суроолор ачык бойдон калууда.

Эксперт Расул Умбеталиев “өкмөттүн кышка 100 пайыз даярбыз дегени күмөн. Лимит коюлса, анда кышында маал-маалы менен жарыкты өчүрүүлөр болот” деп жоромолдоду.

Электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүү эмне экенин Кыргыз эли Бакиевдин заманынан бери жакшы билет. Ал заманда бийлик кыштын күнү жарыкты сааттап, суткалап өчүрүп, анын үстүнө баасын кымбаттатып элди көп кыйынчылыктарга туш кылган. Атүгүл ал кездеги президент Бакиев элди тезек терүүгө чакырганы менен эсте калган.

Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун тушунда бул көрүнүш жоюлган эле. Авариялык өчүрүүлөрдү эске албаганда, өлкөдө электр жарыгы үзгүлтүксүз берилчү болгон. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн “Датка-Кемин” көмөк чордону жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы тартылып, өлкөдө жарыксыз калуу коркунучу азайган эле. Сүткө оозу күйгөн коомчулук “чектөө” деген сөздү сын менен кабыл алды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан