АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВДУ КЕЧИРЕМ ДЕЙБИ?

4-ноябрь күнү мурдагы президент, учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Альфия Саммигулина жана Ирина Карамушкина жолугуп чыгышты.

Бул тууралуу депутат Карамушкина социалдык тармактагы баракчасына жазды. Депутаттын айтканына таянсак, Атамбаев СИЗОдогу убактысын китеп окуу, спорттук машыгуулар менен өткөрүүдө. Депутат жолугушууда Кой-Ташта быйыл 7-8-августта болгон окуялар боюнча көп сөз болгонун билдирди. Атамбаев күнөөсү далилденсе, камакта отуруп чыкканга даяр экенин айтты. Мурдагы президентти мыйзамсыздыктан сактагандарды бошотуу керектигин билдирди. Жолугушуунун аягында Атамбаев Жээнбековдорду кечирүү ою бар экенин билдирди",- дейт Карамушкина.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө атайын операция учурунда өз эрки менен колго түшүп, камакка алынган. Операциянын жүрүшүндө УКМКнын бир кызматкери окко учуп, бир тобу ар кандай жаракаттарды алган. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевге 14 берене боюнча айып тагылууда.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан