Жалал-Абад шаарына кире бериштеги “Курманбек – кылымдар мурасы” аталышындагы арка 8 миллион сомдон ашык акчага оңдолду. Быйыл жазында башталган реконструкцияга облусту өнүктүрүү фондунан 7,8 миллион сом жана жергиликтүү бюджеттен 550 миң сом бөлүнгөн.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дарбазанын тегерегине арча көчөттөрү отургузулду, аркага кымбат гранит таштар чапталды деп жатышат. Ал эми жарандык активисттер жаңылоого 8 миллион сом кетти деген күмөн жаратарын, текшерүү керектигин айтып чыгышты.
Жакында Нарын шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги тургузулду. Аянтты реконструкциялоого Кыргыз өкмөтү тарабынан 19,6 миллион сом бөлүнгөнү айтылды. Коомчулук Кыргыз өкмөтүн акчаны туура эмес пайдаланууга, ысырапкорчулукка күнөөлөп жатат. Өлкөдө жүздөгөн мектеп, ооруканалар авариялык абалда турганда дарбазаны жаңылоого, аянтты кооздоого деп миллиондогон акчаларды жумшоо, той өткөрүү акылга сыйбаган көрүнүш деп сынга алышууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg