Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында эки күндө эки аскер кызматкери каза болду.
Мекеменин маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, 4-ноябрда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгон. Эртеси, 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30да дагы бир аскер каза болгону белгилүү болду. Маалыматка ылайык, аскер жанындагыларга "өзүмдү жаман сезип жатам" деп айтып, андан соң көз жумганы айтылууда.
"Маркум 19 жашта. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Ал аскерге ушул жылдын май айында келген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен анын өлүмүнүн себеби аныкталат", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Удаасынан катталган өлүмдөр ЖАМК системинде абал тынч элеби деген суроо жаратууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg