(Башы өткөн сандарда)
Көкүрөгүңдүн сол тарабында муштумдай эт бар. Жүрөк дешет аны. Мына ошол жүрөк азап чеккен абал жаман. Куду бирөөнүн карылуу колу келип мыжып-мыжып канын агызып жаткандай сезилет. Кайда качсаң да, жатсаң-турсаң кутула албайсың, мыжыгып турганы турган. Сен эркиндиктесиңби же түрмөдөсүңбү баары бир. Эрнис ошол абалда эле, ага оор келген нерсе жан дүйнөсүнүн түрмөсү болчу. Бир Айдарды көргөндө жылмаят, ичи жылыйт, ушундай уулу бар экенине сыймыктанат. Ата-бала чакан батирге чыгып алып тиричилигин башташты. Бир күнү үйдө отуруп Айдардын китеп-дептерлеринин арасынан бир нерселерди окуп калды. Арууке деп жазылган күндөлүк экен. Окуганга дааган жок. Арткы барактарында издөө планы жазылыптыр. Айдар сырттан кирип келип, атасы кармап турган күндөлүктү карап катып калды.
– Ата, мен...
– Бул эмне?- деди атасынын колдору калчылдай.
– Мен аны табам, ата.
– Сен менин жалгыз чырагымсың. Сенин жолуң бул эмес, уулум. Сенин окууң бар, чоң адам болосуң. Балдар үйүнө кызматкер болуп кирип, андан документтерди уурдап чыгуу эмне деген жорук? Детектив ойноюн деп чечтиңби?
– Ата, анан биз Аруукесиз кала беребизби, ансыз тамак жеп, ансыз уктап, ансыз жашообузду улантып, ал эмне болгонун эч билбей кала беребизби?
– Калбайбыз! Кызымды мен жоготтум. Өзүм издейм, сен буга киришпе. Бул менин кызымдын алдындагы аталык милдетим. Суранам сенден, мага буга укугуң жок дебе. Мен атамын, жаман болсом да атаңармын. Түштөн кийин келип алып эмнени коргогону жатат деп ойлойттурсуң.
– Жок, ата, антип ойлобойм.
– Мен өзүм издейм. Ошол жерге күзөтчү болуп мен орношом. Сен окууңду оку.
– Мен ушул жума модулдарымды тапшырып бүтөм. Башка иш издейин анда. Таятамдарга барып келишим керек, таенем менен таятам сагынды мени.
Эрнис үн катпай калды.
– Сен менин таятамдарга барып келгениме каршысыңбы?
– Жок, эмнеге каршы болоюн. Барсаң барып кел.
ххх
Айдардын келгенине абышка-кемпирдин сүйүнгөнү, ай. Айрыкча таятасы барбалаңдап катуу сүйүндү. Айдар атасына жолукса келбей коёт деп коркуп жүргөн окшобойбу.
– Атаң чыгыптыр. Кадыржан айтты.
– Ооба, азыр экөөбүз чогуу жашап жатабыз.
Абышка өз ойлору менен тунуп калды. Айдар ала келген базарлыгын таратып жатты. Бүт баарын унутпаптыр. Таенесине гүлдүү жоолук, таятасына жакшы телефон, балдарга таттуу, жеңелерине жоолук алып алган экен. Үй бака-шака түшүп шаңга толуп кетти. Айдар баарына көңүл бурганга жетишип, баарынын окууларын сурап отурду. Сыртты улам карап коёт, анткени көңүлүндө эки нерсе бар эле. Бирөө – атасы белек кылган жылкысы, экинчиси – бир кыз. Жеңелеринин бири тамашалап калды.
– Асан акенин кызы быйыл мектепти бүтөт. Сени сурап калчу болду.
– Айгеримби?- канчалык жашырайын десе болбой кабагы жарк этти. Аны үйдөгүлөрдүн баары сезип калышты.
– Жуучу жиберели, ыя, Айдарбай,- деп таякеси күлүп калды. Үйдөгүлөрдөн эптеп бошонуп жылкысына жетти.
– Кандайсың, жаныбарым, сагындыңбы мени?
Жылкы ээсин тааныгандай таноолорун дердеңдете окуранып койду.
– Кеттикпи экөөбүз?- деди Айдар шыбырай. Эли жык-жыйма шаардан эңсегени ушул эле. Чаап бара жатты. Шамал кулактарын дуулдата берди. Суу боюнан кызыл спорт күрмөсүн кийген кыздын карааны көрүндү. Айгеримби бул? Кайдан билди экен ал келгенин? Жүрөгү ыраазы болуп кетти.
– Айдар, сенби?
– Мен.
– Келдиңби?
Айдар жылмая берди. Жигиттин жылмайганы сонун болчу. Ааламдагы бардык жылуулукту чогултуп алып, кайра элге берип жаткандай, жылуу жылмаюу эле. Кыздын узун кирпиктери ирмелип, көздөрүнүн кычыктарына жаш келип кетти. Экөөнүн ортосунда эч бир сөз айтылган эмес, кыз-жигиттей жакындык да болгон эмес. Өспүрүм кезинен баштап бирин-бири алыстан карап, кээде саламдашып койгондоруна эле жүрөктөрү чымылдап кетчү. Кыз Айдар кеткенде гана анын бул айылда жок болгону өзү үчүн тозок экенин билди. Сагынса да телефонун алып байланышканга намысы жол бербеди. Мына эми өзү келип алдында турат. Деми билингендей жакын, жылмайганы көз алдында, кол сунса жетчүдөй аралыкта. Кыз алдыга кадам жасады. Бойлошо түшүштү. Айдар анын чачтарынан сылагысы келди, узун кирпиктүү бото көз кызга жакшы сөз айткысы келди. Бирок колун көтөрүп баратып шарт артка чегинди. Анан дагы бир кадам артка чегинди.
Кыз селдейе түштү.
– Ошо келдим мен. Таятамдарга учурашайын дедим. Сен чоң кыз болуп калыптырсың, Айгерим...
– Чоңойдум,- деди кыз ызалуу.
– Сен да шаардык болуп калыптырсың.
– Шаардык болбой эле турам.
– Чачтарыңды өстүрүп...
Кыз ичиндеги ызаны билдирбегенге аракет кылып жатты.
– Кел, отур. Сен дагы ушул күздө шаарга окууга барат эмессиңби, шаар тууралуу айтып берейин.
– Жок, мен Орусияга кетем. Апамдар "таежеңдин жанына барып иштеп, кийинки жылы окууга тапшыр. Бишкекте эч бир таанышыбыз жок. Кимдин үйүндө жашамак элең?" дешти.
Эми Айдар селт эте түштү.
– Жок, болбойт. Мен өзүм окутам сени. Апаңа айт, эч нерседен кам санабасын. Мен жардам берем сага.
– Кандайча?
– Сен ага баш оорутпа, болгону республикалык тестке жакшы даярдан. Англис тилинен мен жардам берем. Москвага барбайсың!
– Бирок апам...
– Мен сүйлөшөм апаң менен, сен али кичинесиң. Окушуң керек, анан каалаган жагыңа барасың.
Эртеси Айдар кыздын апасына жолугуп, жардам бере турганын айтты, чечилди. Курч жигит болчу, ишенимдүү жигит эле. Андыктан апасы кубанып кабыл алды. “Айдар акеңдин жанында эч нерседен капарсыз окуй бересиң. Кайда жашай турганыңды да чечип берет” деди кубана. Бир гана Айгерим түпөйүл болчу. Көз алдында саамайын сылайын деп баратып, көздөрү муздай түшүп артка чегинген Айдар бар эле.
ххх
Айдар Баткенден келип борбордогу элиталык аталган ресторандардын биринде иштеп калды. Келбеттүү, жүзү экрандан түшө калган актёрлордой жигитти сүйүнүп эле кабыл алышты. Ага кошумча бир нече тилде эркин сүйлөй алганы да жардамчы болду көрүнөт. Кирип келген жашы 50дөн ашкан эркек кишиге утурлай басты.
– Кош келдиңиздер.
– Рахмат, биз чалып алдын ала стол буйрутма кылдык эле.
– Канча адамга?
– Үч адамга.
– Жүрүңүз бул жакка.
Ага удаа эле жарашыктуу кийинген аял, аркасынан 15 жаштагы кыз кирди. Кыз сулуу болчу. Тептегерек көздөрү, узун кирпиктери ак жүзүнө жарашкан периштедей кыз эле. Айдар эркек кишини карап буйрутмаларды ала баштады. Эмнегедир кызга да, аялга да көз токтотуп караган жок. Аял бир нерсе деп айта турган болуп барып, официант жигитти тиктеп селдейе түштү.
– Суу сурадыңызбы?
– Ооба... ой, жок... мен...
Карбаластап кетти. Айдар дагы деле эч нерсени сезген жок. Тамактарды алып барып, ордуна кайтты.
– Бул адам ким билесиңби?- деди жанындагы жигит.
– Жок, кайдан билейин?
– Медиамагнат. Бир нече телеканалы, бир нече сайты бар. Өтө бай адам.
– Бул жерге жалаң эле байлар келет да, эмнеси таң калычтуу?
– Жөн эле айттым. Болгону мурун сендей, мендей эле болбогон бир сүрөтчү болгон экен.
– Хе-хе, биз дагы байып кетербиз деген үмүтпү?- деп Айдар күлүп койду. Кимдир бирөөнүн шыңгыр күлкүсү чыкты. Айдар күлкү чыккан жакка жалт карады. Бул Аруукенин күлкүсү болчу! Нечен жыл өтсө да эч бир унутулбаган тунук, шыңгыр күлкү эле. Минтип жалгыз гана Арууке күлө алчу. Көздөрүн тептегерек кылган төрт жашар Аруукесинин күлкүсү эле!..
(Уландысы кийинки санда)