Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЫРЛАРГА КАТЫЛГАН СЫРЛАР

№407 20-26-август, 2010-ж.


Поэзия

Акындын моюнуна үй-бүлөнүн каамыты илинсе да, махабат тууралуу ырларды жазганын токтотпойт. Албетте, акындын акындыгы ошондо. “Бирок да жалындуу сүйүү, кусалыкты батырган саптар үчүн жеңелер таарына түйүнчөгүн түйүп, жезделер капаланышпады бекен?..” деген кызыктуу ой менен ыр тагдырын акындардан сурап калдык.

“КУСАЛЫК”

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин барасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Меңди Мамазаирова,
Жолон Мамытовдун жубайы:
“КУСАЛЫККА” ЭЧ КАЧАН КЫЗГАНЫЧТЫК КЫЛГАН ЭМЕСМИН”

– Жолондун ыр дүйнөсү кенен, чабыты кең эле. Бул ыр “Арноо” деп аталат. Ошол “арноо” деген сөздүн башында Жолондун мага арналган саптары камтылган. Ал “Көөнүм түшкөн бардык-бардык кыздарга,/ Жана дагы жалгыз Сага арналат” деп башталчу.
Бир жолу Жолон, Асанкалый Керимбаев, Акбар Рыскулов студенттердин жыйналышына барып калышат. Жолон ырларды аябай көркөм окучу. Соңунда студенттердин суранычы менен ушул ырын окуп берет. Ошол жерден эле Асанкалый Керимбаев шап колдон алып: “Жоке, бир обон көкүрөгүмдү оргуштатып жүрөт. Мууну ушул текстке шайкеш келчүдөй. Мага азыр жазып бер”,- деп шаштырып калат. Ошондо калем менен жазып бериптир. Кийин Асанкалый: “Жоке, ырда кусалык деген сап бар экен. “Кусалык” деп эле койбойлубу?”- деп сурап калды. Ошентип, “Арноо” “Кусалык” болуп өзгөргөн. Негизи, обон менен текст айкалышып келгенде гана ыр элдин жүрөгүнөн орун алат. “Кусалык” махабаттын гимни катары ырдалып калды.
– Сиз бул ырдын кимге арналганын сурап көргөнсүзбү?
– Жолон өзү “сага” деп койчу. Негедир сурабаптырмын. “Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,/ Жер чийген чачтарыңа байладың да” деген саптарына караганда мага арнаган окшойт деп калчумун. Анткени менин чачым аябай узун болчу. Чын эле мага чыгардыбы же чачы узун башка бир сулууга чыгардыбы, билбейм. Негизгиси, элдин жүрөгүнөн орун алган, мыкты ыр жаралды. Мени ошол нерсе сүйүндүрөт. Башка ырларын такып сурап, кызганып калчумун, бирок “Кусалыкка” кызганыч кылып, эч нерсе деген эмесмин.


“БАРАМ САГА”

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага.

Алмаш Чойбекова, акын,
Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
“ЫРЫМ “МАХАБАТ ДАСТАНЫ” ТАСМАСЫНДА ЫРДАЛЫП...”

– Бул ырым үй-бүлөлүү кезимде жазылган. 1974-жылы Ошто актриса болуп театрда иштеп калдым. Ысык-Көлгө гастролдоп кетип, күйөөмдү көп убакытка көрбөй кыйналдым. Ошондо жолдошумду аябай сагынып, сагынычтан ушундай ыр жаралган. Кийин “ушул ырды сени сагынып жазгам” деп окуп берсем, аябай сүйүнгөн. Бул ырга композитор Жайлообек Жалгасынов музыка жазып, Дарика Жалгасынова оркестр менен ырдап, радиого жаздырган. Дирижёру Асанкан Жумакматов болгон. Андан соң буга Кадыралы Артыков обон жаратты. Баса, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Махабат дастаны” тасмасында "Бегимайдын ыры" кылып казакчага которуп, киного да пайдаланышкан.
– Ушундай ырды арнаган адамыңыз мага кызык болуп жатат...
– Өзү мандолина, комуз, гитара чертип, адабиятты, искусствону жакшы түшүнгөн жигит болчу. Он эки жыл чогуу жашап, балалуу болбой, кийин ажырашып кеткенбиз. Бирок эл оозунда мен ага арнаган ушул ыр калды. Ал адам азыр да бар. “Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде” деген саптар анын узун кирпиктерине арналган. Келишкен сулуу жигит эле.


“ТУУЛГАН КҮНҮҢ”

Туулган күнүң куттуу болсун, берекем,
“Ыр да белек болчу беле?” дебесең.
Ырга айланып барам бүгүн мен сага,
Чочуба эгер тык-тык этсе терезең.

Түн жамынып түндөн канат тагынып,
Барам сага, барам сени сагынып.
Эриниңе эринимди тийгизсем,
Атымды атап алба кокус жаңылып.

Балким, балким, таттуу уйкуңду бузамын,
Мен деп ойло, толо түшсө кучагың.
Бүгүн сенин туулган күнүң белгилеп,
Түшүбүздө жолугууга учамын.

Күткүн, жаным, ырга айланып баратам,
Терезеңди чертем бүгүн таң азан.
Булуттарга саякатка чакырып,
Бүгүн сени жубайыңдан талашам.
Күткүн мени, күт түшүңдө, баратам...

Жыпара Исабаева, акын:
“ЫРЫМДЫН КААРМАНЫ ЖАШ КЫЗ БОЛЧУ”

– Чыгармачыл адамдардын жүрөгү өтө назик келет эмеспи. Башка адамдын тагдырына деле күйүп-бышып алабыз. Анан чыгарма жаралат. Бул ырымдын чыныгы каарманы бар. Бирок мен эмес. Гезиттердин иштечү элем. Бир күнү редакцияга бир кыз телефон чалып калды. Өзү Жалал-Абаддан болот экен. Сүйүүгө айла жок да. Көрсө, ал жубайы бар адамды сүйүп жүрүптүр. Анын жан дүйнөсүнүн бороонун угуп көпкө отурдум. Коштошордо: “Эже, жакында ошол адамдын туулган күнү эле. Эмне белек кылсам болот?”- деп калды. Мен ойлонбой туруп “ыр белек кыл” дедим. Ал мага ыр жаза албасын айтты. Коштошкондон кийин ошол кыздын өтүнүчү менен ушул ыр жаралган.
– Жолдошуңуз бул ырдын кимге арналганын сураган жок беле?
– Жок, антип сураган эмес. Менин акын экенимди жакшы түшүнөт.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: