ИШКЕР АЙЭРКЕН САЙМАИТИНИН ӨЛҮМҮ. КОНСУЛГЕЙТ

ШЕКТҮҮ КАТАРЫ КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КАРМАЛДЫ

Кытайлык ишкер, “Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылып кеткен миллиондор” деп аталган журналисттик иликтөөдө аты аталган Айэркен Саймаитини Түркиянын Стамбул шаарында, 11-ноябрда мейманканалардын биринин жанынан атып кетишти.

Түрк полициясы 1 күндөн кийин кылмышка шектүү деп Адана шаарынан 3 адамды кармады. Алардын экөөсү – Хусейин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргыз жараны, үчүнчү шектүү Али Исбех Сириянын атуулу экени аныкталды. Шектүүлөр ишкер Саймаитини Кыргыз өлкөсүндөгү аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышты деп кабарланды. Жогорудагы журналисттик иликтөө кыргызга аты таанымал бир тууган Матраимовдор тууралуу болчу.

КОНСУЛДУК НОМЕРЛҮҮ УНАА

Айэркен Саймаити тууралуу Кыргыз жериндеги чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө “2011-2017-жылдары Кыргыз жеринен 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн” деп айтылган. Бул окуядан кийин Кыргыз өлкөсүнүн Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы 2019-жылдын сентябрында ал адамга издөө жарыялаганын кабарлады. Ал эми 13-сентябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Айэркен Саймаити 2017-жылы Кыргызстанда өзүнүн өнөктөшүн 3 миллион 268 миң сомго алдап, бул боюнча кылмыш иши козголгонун жана ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланганын парламентте билдирди. Кызыгы, буга чейин Саймаити издөөгө алынды деген маалыматты эч бир орган тараткан эмес. Андыктан ал өлтүрүлгөндөн кийин гана издөөгө жарыяланганы ачыкка чыкканы күмөн жаратат. Анын киши колдуу өлүмүнөн кийин коомчулукта “айрым адамдар кылмыш изин жашыруу үчүн Саймаитинин көзүн тазалашты”, “издөөдө жүргөн адамдын консулдук унаада жүргөнүн кандайча түшүнүү керек?” деп суроо салгандар чыгып, сындар айтыла баштады.

Анткени Саймаити Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна таандык дипномери бар Range Rover үлгүсүндөгү унааны айдап жүргөнү аныкталды. Консулдукка тийиштүү номерлүү унаа кантип издөөдө жүргөн ишкердин колуна өтүп кеткен деген суроо талкуу жаратты. Кыргыз Тышкы иштер министрлиги болсо унаа тууралуу “консулдукка суроо жибердик” деген боюнча 2 күн үн катпай отуруп алды.

Элдин сынын ырастагандай, 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматтан бошотту. Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги Сопоков консулдук унаа окуя болгон жерде болгонун ырастап, бирок унаа кандайча ал жерде болуп калгандыгын түшүндүрүп бере алган жок” деп билдирүү таратты.

“КЫРГЫЗАВТОМАШТА” ИШТЕГЕН

Көңүлдү бурган жагдай – Сопоков убагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызавтомаш” ишканасында иштегени белгилүү болду. Ушундан улам коомчулукта Саймаитинин өлүмү менен Атамбаевге каршы козголгон кылмыш иштеринин байланышы болушу мүмкүнбү?” деп суроо салгандар көбөйдү.

Мындай талкуулар күчөгөн учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коомчулукка билдирүү жасады. Мурдагы президент кайрылуусунда Кой-Ташта быйыл, 7-8-августта болгон окуяларга гана токтолгон. Ал аталган окуяда кылмышка шектелип кармалган тарапташтарын бошотуу керек деп жатат.

“7-8-август күндөрү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баарын, эң башкысы, мыйзамдуу түрдө бошотуу адилеттүүлүк болмок. Бийлик бул адамдардын эч кандай күнөөсү жок экенин абдан жакшы билет. Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш”,- дейт Алмазбек Атамбаев.

Ал эми КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн социалдык баракчасына Саймаитинин өлүмүн Атамбаев менен байланыштыруу аракети акылсыздык” деп жазды.

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНДЫН СӨЗҮ ДАЛИЛДЕНДИБИ?

Айэркен Саймаитинин өлүмү, ал айдап жүргөн консулдук дипномерлүү автоунаа кайрадан экс-элчи Кылычбек Султан көтөрүп чыккан маселени эске салды. Ал Кыргыз элчиликтериндеги былык иштерди атап, элчиликтин атына катталып, дипломаттык номур алган унаалар башка эле жарандарда жүргөнүнө күбө болгонун айтып чыккан. “ТИМ системиндеги мыйзамсыз иштерди ашкерелейм” деген аракети үчүн ал элчилик кызматтан алынып, УКМК аркылуу кысымга алынган.

Убагында Кылычбек Султан бекер коңгуроо какпаганын Саймаитинин өлүмүндөгү автоунаанын жагдайы далилдедиби?

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан