Быйыл Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл толду. Буга байланыштуу Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда атайын форум өттү. Анда өлкө башчы Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөт деп белгиледи.
“Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жыл ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнө – Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга расмий иш сапарлар жасалды, мындан тышкары Орусияга, Кытайга, Түркияга жана Евробиримдикке болгон мамлекеттик жана расмий иш сапарлар позитивдүү натыйжа берди”,- деди Жээнбеков.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн дүйнөнүн 163 мамлекети менен дипломатиялык алакасы бар. Президенттин сөзү кагазда гана калып, иш жүзүндө көрүнбөй турган иш деп баалаган эксперттер да болууда. Тагыраагы, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы алакасы Кремлге ыктаган бир тараптуу экенин акыркы 2 жыл көрсөттү деп жатышат. Айта кетсек, 2015-жылы Кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташуу келишимин бир тараптуу денонсация кылган. Андан бери жаңы келишим түзүлө элек.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg