Өткөн аптада Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө деп жазылып, Бакиевдин сүрөтү тартылган тактайдын сүрөтү интернетке тарады. Бул тактай көчөлөрдүн бирине орнотулган. Белгилүү болгондой, жергиликтүү тургундар Бакиевдин ысымын Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөгө берүүгө аракет кылышкан. Бул аракет коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратып, бир жума өтпөй аталган көчөнүн аты алынды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бул тууралуу: “Бул токтом (ред.: айылдык кеңештин токтому) мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча алынды”,- деп билдирди.
Маалыматка таянсак, көчөгө качкын президенттин ысымын коюуну жергиликтүү тургундар айылдык кеңештен суранган. Жакында Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги көчөгө Бакиевдин тушундагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгени ачыкка чыгып, коомчулуктагы нааразы пикирлерден улам тийиштүү токтом жокко чыгарылды. 2010-жылкы Апрель революциясында 100гө чукул жаран каза тапкан. Ал кандуу окуяга айыпталгандарды минтип ардактоо аракеттери элде мунун артында эмне максат турат деген суроо жаратты.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg