БИР БҮРКҮМ. 35 МИЛЛИОН СОМГО БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ...

  • Талантбек Салиев УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенинде кен казуу иштери башталды. Бул тууралуу кен казган "Альянс Алтын" ишканасынан кабарлашты.
  • Бишкектин Октябрь жана Аламүдүн райондорунда калкты тейлөөчү жаңы төрт борбор ачылат.
  • Кыргыз өкмөтү бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында региондордо “Ишкерлерди тейлөө борборлорун” түзүүнү пландап жатат.
  • 2010-жылкы Апрель окуясында күйүп кеткен Бишкектеги салык инспекциясынын имаратынын ордуна 35 миллион сомго бала бакча курулат.
  • 2020-жылдын 1-январынан тарта Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги кыргыз жарандарына Испания, Италия жана Австрияга виза берүү өкүлчүлүгүнүн ишин токтотот.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан