"КӨК САМУРАЙЛАР" КЫРГЫЗСТАНДА

2015-жылы Кыргыз жергесине атактуу футболчулары бар Австралия курамасы келген. 4 жылдан кийин Бишкекке Австралиядан кем калбаган, футбол жылдыздарынын саны жагынан ашып түшчү Япония курамасы келди.

14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз футболчулары Японияга каршы беттеш өткөрөт. "Ак шумкарлардын" атаандашы, күн чыгыш өлкөсүнөн келген команданын курамында кайсы жылдыздар бар, алдыда таанышабыз.

ЖАҢЫЛАНГАН ЯПОНИЯ

Каймана аты“Көк самурайлар”

Дүйнө рейтингинде28-орун

Башкы машыктыруучусуХадзимэ Мориясу

Азиянын 4 жолку чемпиону – Япония курама командасы Дүйнө чемпиондугуна алгачкы ирет 1998-жылы катышкан. Мындан кийин “Көк самурайлар” бир да жолу дүйнөлүк мундиалды өткөрбөй бардыгына катышып келет. 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда, мелдештин 1/8 финалына чейин жеткен.

Япониянын бүгүнкү курамасы 2018-жылы мундиалга катышкан курамга салыштырмалуу чоң өзгөрүүлөргө туш болду. Кыргыз курамасы менен болгон беттешке учурунда “Лестер сити” менен Англия Премьер-Лигасын жеңген Синдзи Окадзаки, германиялык “Боррусия Дортмунд” клубунда жылдызы жанган Синдзи Кагава чакырылган эмес. Анткени алардын жылдызы жанып турган убакыт өтүп кетти. Бирок Япония футбол таланттарынан кур эмес.

АНГЛИЯДА ТОП СҮРГӨН КАПИТАН

Мирлан Мурзаев менен Виталий Люкска Япониянын дарбазасына гол киргизүү оңойго турбайт. “Көк самурайлардын” коргонуусун темирдей бекем сактаган оюнчу бар. Ал команданын капитаны, англиялык “Саутгемптон” клубунун оюнчусу Мае Йосида. 31 жаштагы тажрыйбалуу оюнчу Англия Премьер-Лигасында ойноп Бишкектин көк майсаңына чыккан экинчи футболчу болот. Буга чейин австралиялык жарым коргоочу, ошол кезде АПЛде ойногон Миле Единак Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстанга каршы беттешке чыккан.

Йосидага коргонууга көмөктөшө турган оюнчулар дагы жөнөкөй футболчулар эмес. Алсак, Түркиянын “Галатасарай” командасынын оюнчусу Юто Нагатомо, франциялык “Марсель” клубунун футболчусу Хироки Сакаи баштаган коргоочулар “Ак шумкарлардын” чабуулдарын жокко чыгарууга аракетин кылышат.

“ЛИВЕРПУЛДУН” ҮШҮН АЛГАН МИНАМИНО

Чабуулга өңүт алган жарым коргоочу Такуми Минамино Матяштын же Кадырбековдун, айтор, кыргыз дарбазасын коргой турган дарбазачыга коркунуч жарата турган негизги оюнчу. Минамино быйыл “Ред Булл Зальцбург” командасы менен Чемпиондор Лигасында мыктылыгын көрсөтүүдө. “Наполи”, “Ливерпуль” сыяктуу Европанын күчтүү командаларынын үшүн алган Минаминого кыргыз коргоочулары көбүрөөк көңүл бурушу абзел.

Ал эми футбол сүйүүчүлөрүнө аттары таанылып калган германиялык “Вердер” клубунун чабуулчусу Юя Осака жана англиялык “Ньюкасл” командасынын чабуулчусу Йосинури Муто бул ирет курамга чакырылган эмес.

100 МИЛЛИОН ЕВРОЛУК ЯПОНИЯ КУРАМАСЫ

Transfermarkt.de интернет порталынын маалыматына ылайык, Кыргыз курама командасынын оюнчуларынын жалпы баасы 2,53 миллион еврону түзөт. Эң кымбат кыргыз оюнчусу Валерий Кичинди аталган портал 1,5 миллион еврого баалайт.

Япондордун курамасынын баасы Азиядагы эң кымбат курама командалардын катарында. “Көк самурайлардын” жалпы баасы – 97 миллион 950 миң евро. Эң кымбат оюнчусу Португалиялык “Порту” клубунун жарым коргоочусу Сея Накадзима 25 миллион еврого бааланууда.

КАРШЫЛАШ КҮЧТҮҮ, БИРОК ЖЕҢИШ КЕРЕК

“Катар-2022” Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү "F" тайпасына жайгашкан. Бул тайпада Кыргыз өлкөсүнөн башка Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия улуттук курамалары бар. Буга чейин “Ак шумкарлар” Тажикстандан жеңилип, Мьянма менен Монголияны утуп 6 упайга ээ болгон. Ал эми япондор буга чейинки 3 оюнун тең утуп 9 упайды алуу менен тайпанын сап башында.

Буга чейин 2 улуттук курама 1 жолу беттешкен. 2018-жылдын 20-ноябрында Японияда болгон оюнда "Ак шумкарлар" атаандаштарына 0-4 эсебинде жеңилген. Бирок Кыргыз курамасы өз үйүндө акыркы жолу 3 жыл мурун жеңилгенин эске алсак, Бишкекте "Ак шумкарлар" Японияга оңой жеңилип бербейт.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан