– Жылдыз экөөбүз былтыр тойдо таанышып калганбыз. Буйрук экен, бир үй-бүлө болуп калдык. Ал менден 5 жашка кичүү. Экөөбүз кыз-жигит катары 1 жыл сүйлөшкөндөн кийин баш коштук. Мен кичүү уул болгондуктан ата-энемдин колунда кала турган баламын. Келинчегим азыр жаңы үйүнө көнүшүп жатат. Мен үйлөнүп, мурдагыдан бир аз өзгөрдүм, бир жакка чыксам, үйгө шашып калдым.