ЖЕҢИЛҮҮ ЖАНА ТЕҢ ЧЫГУУ. «АК ШУМКАРЛАРГА» ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЙГАН ЖОК

«Ак шумкарлар» «Катар-2022» Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн күрөшүн улантууда. Ноябрь айында Кыргыз курамасы өз үйүндө 2 оюн өткөрдү. Алгач 14-ноябрда Бишкекке Азиянын 4 жолку чемпиону Япония келсе, 19-ноябрда коңшу Тажикстандын футболчулары конок болушту.

ТАРЫХЫЙ БЕТТЕШ

Футбол күйөрмандары күткөн күн. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго Европанын футбол талааларында топ сүргөн күчтүү футболчулар келди. «Катар-2022» Дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы өз үйүндө күн чыгыш өлкөсүнөн келген Япония курамасын кабыл алды.

Күчтүү каршылаш менен ойногон кезде коргонууну бекем сактоо маанилүү. Анткени техникасы күчтүү, дүйнөлүк деңгээлдеги футболчуларга каршы оюнда кичинекей катачылык голго алып келери анык. Андыктан «Ак шумкарлардын» башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул оюнга 3 борбордук коргоочуну старттык курамга чыгарды. Ал эми чабуулчулук милдет жалгыз Мирлан Мурзаевге жүктөлдү. Виталий Люкс болсо, буга чейин 9-ноябрда Өзбекстан менен болгон достук беттеште жаракат алып калганына байланыштуу оюнга катыша алган жок.

ДАРБАЗАЧЫНЫН КАТАСЫ, АТААНДАШТЫН ГОЛУ

Оюндун алгачкы мүнөтүндө Кыргыз курамасы Японияга оңой үч упай берип коё турган команда эмес экенин тастыктап, атандаштарынан кем калбай өз чабуулдарын байма-бай жүргүздү. Бирок беттештин алгачкы кооптуу абалын 13-мүнөттө Япония курамасы жаратты. «Көк самурайлардын» лидери Такуми Минаминонун баш менен узатылган соккусу дарбаза мамысын жандап өтүп, тим болду. 18-мүнөттө жаны тынбаган Минамино дарбазачы Кутман Кадырбеков менен дээрлик бирге бир чыгып, сокку узатты. Бирок бул ирет Кутмэн топтун мизин кайтарууга жетишти.

31-мүнөттө Крестининдин шакирттери беттештин алгачкы голун киргизүүгө жакын барган. Гүлжигит Алыкулов атаандаштын бир оюнчусун жазгырып өнөктөшү Бекжан Сагынбаевге мыкты пас чыгарып берди. Тилекке каршы, Сагынбаев топту дарбазачы турган жерге багыттап, мүмкүнчүлүктү жокко чыгарды.

Биринчи тайм өз сапарын карытып бара жаткан кезде ийгилик «самурайларга» жылмайды. Өз дарбазасынан коркунучту жок кылам деген Кадырбеков айып аянтчасынын ичинен атаандашына карата эрежени бузуп алды. Натыйжада Минамино ишенимдүү түрдө пенальтини аткарып, командасын алдыга чыгарды. Биринчи тайм «Көк самурайлардын» жалгыз голу менен аягына келди. Азия Кубогунан кийин жүрөгүнө операция жасаткан Кадырбеков бул жылы көп беттештерди жаракатынан улам өткөрүп жиберген. Мындан улам Кадырбеков бул беттешке канчалык даяр эле деген суроо жаралат...

ТАТТЫКТУУ ЖЕҢИЛҮҮ

Жергиликтүү көк майсаңга көнө түшкөн Япония курамасы экинчи таймды жигердүү башташты. Чабуулдардын биринде япониялыктар айып белгисин тебүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кооптуу айып белгини аткарууга германиялык «Ганновер96» клубунун футболчусу Генки Харагути жакындап келди. Анын тепкен тобу дарбазага таамай келип, 53-мүнөттө эсеп 2:0гө айланды. Көрүүчүлөрдүн маанайы бир аз түшкөндөй болду.

57-мүнөттө Мирлан Мурзаев алыстан сокку узатты. Бирок Мурзаевдин соккусу каршылаштын дарбазачысына кыйынчылык жараткан деле жок. 10 мүнөттөн кийин Мурзаевдин өнөктөштөрү ага дагы мыкты пас чыгарып беришти. Бирок бул ирет да Мурзаевдин тепкен тобу кайрадан дарбазачынын колуна таамай келди. «Ак шумкарлар» канчалык аракет кылбасын, беттештин аягына чейин Япониянын дарбазасына кирген топту көрө алган жокпуз.

Бул оюндан кийин Япония 12 упай менен тайпанын сап башына ишенимдүү чыкты. Ал эми Кыргыз өлкөсү 6 упай менен экинчи орунда калды.

Ушул эле күнү кыргыз күйөрмандардын маанайын көтөргөн дагы бир беттеш болду. Анда «Ак шумкарлардын» негизги атаандаштары Тажикстан конокто Мьянмага 4-3 эсебинде жеңилип калды.

БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК – БИР ГОЛ

19-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «ысык» болду. Сөз Бишкектин аба ырайы жөнүндө эмес. Стадиондун ичиндеги атмосфера, көк майсаңдын үстүндөгү оюн өрт болду. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле. Анткени бул беттеш – Борбор Азия дербиси.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан курамалары жалпы 13 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө «Ак шумкарлар» жеңсе, 8 беттешинде жеңилип калышкан. Дагы 2 оюн тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Акыркы оюнда «Катар-2022» Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 1-турдук беттеште Кыргыз өлкөсү Дүйшөмбү шаарында үй ээлерине 1:0 эсебинде утулуп калышкан. Андыктан «Ак шумкарлар» бул беттеште реванш алабыз жана ишенимдүү түрдө 2-орунга чыгабыз деген маанайда чыгышы керек эле. Ал эми акыркы беттеште мьянмалыктарга жеңилип, ичи ачышып калган Тажикстан курамасы дагы бул оюнга бир гана жеңүү үчүн чыгары белгилүү болчу.

Алгачкы мүнөттө эле тажиктер оюнду активдүү баштап, прессинг менен беттешти жүргүзүүгө өттү. Бул учурда Кыргыз курамасы негедир жөнөкөй катачылыктарга жол бере башташты.

Беттештин 17-мүнөтүндө атаандаштын дарбазачысы Рустам Ятимов баштаган чабуулду Жахонгир Эргашев гол менен жыйынтыктады. Бул оюнда старттык курамга чыккан дарбазачы Павел Матяш командасын голдон сактай алган жок. Бул тажик курамасы беттеште жараткан алгачкы жана акыркы кооптуу абал болду. Бир мүмкүнчүлүк – бир гол, тажиктердин кубанычында чек жок. Голдон кийин беттештин нугу өзгөрдү. Тажик футболчулары байма-бай убакытты чоюу таланттарын көрсөтүп башташты. Албетте, футболдо жеңип жаткан команданын убакытты чоюшу көнүмүш адатка айланган.

ТАЖИК ФУТБОЛЧУЛАРЫНЫН КЫЛЫГЫ

Экинчи таймдын башталышы менен биринчи бөлүктө коргонууда ката кетирип жаткан Мустафа Юсуповдун ордуна Кайрат Жыргалбек уулу чыкты. Бул алмашуудан кийин Кыргыз курамасы 4 коргоочу менен оюн алып барууга өттү. 2-таймда оюндун көзөмөлү кыргыз оюнчулары тарапта болду. Бирок ийгилик ачкычын кыргыз оюнчулары табалбай убара болушту. Кыргыздын Мессиси аталган Гүлжигит Алыкулов жеке чеберчилик менен атаандаштын айласын алты кетиргени менен, анын аракети гол менен аяктабай жатты. Экинчи таймда коноктор убакытты чоюуну улантышты. Конокто негизги атаандашын жеңип алуу канчалык таттуу болорун сезген тажик футболчулары мындай аракетке барууну туура көрүштү.

Крестинин чабуулду күчтөндүрүү үчүн Виталий Люкс менен Одилжон Абдурахмановду талаага чыгарды. 82-мүнөттө каршылаштын айып аянтчасындагы баш аламандыктан пайдаланып, борбордук коргоочу Тамирлан Козубаев эсеп санын теңеди. Күйөрмандардын жеңишке болгон үмүтү жанданды. Калыстын кошумча берилген убакытында Люкс башы менен сокку узатты. Сокку дарбазанын үстүңкү мамысына тийип калды. Финалдык ышкырык жаңырып, таблодо 1:1 эсеп саны жазылды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ҮМҮТ БАРБЫ?

Бул оюндардан кийин Кыргызстан менен Тажикстан курамалары бирден упай алышты. Эми 2 команданын капчыгында жетиден упай бар. Голдордун айырмачылыгынан улам «Ак шумкарлар» азырынча 2-орунда. Ал эми 4 беттешти тең жеңген Япония ишенимдүү тайпанын сап башында.

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын бул баскычында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп жолдомо үчүн ат салышууда. Кийинки баскычка ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында 2-орунду алган командалардын ичинен көбүрөөк упай топтогон 4 курама өтөт.

Тайпада 1-орунду дээрлик Япония курамасы камсыздап койду десек жаңылбайбыз. Ал эми 2-орун үчүн күрөш дагы уланат. Бирок 2-орунду алуу менен кийинки баскычка чыкпай калуу коркунучу да бар. Анткени учурда башка тайпаларда 2-орунда турган командалардын упайлары Кыргызстанга караганда көбүрөөк. Андыктан «Ак шумкарлар» мындан кийин жеңилүүгө дагы, тең чыгууга да жол бербеши зарыл.

АЛДЫДАГЫ ОЮНДАР:

2020-жыл

1-март Мьянма – Кыргызстан (конокто)

4-июнь Кыргызстан – Монголия (үйдө)

9-июнь Япония – Кыргызстан (конокто)

F ТАЙПАСЫНЫН УЧУРДАГЫ ЖАГДАЙЫ









Кубан Жумамидинов
sport@mail.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Алыкулов - кыргыз футболунун үмүтү. Оюн башталганга чейинки репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан