Айтылуу куудул, ыраматылык Жаныбек Алыкуловдун үй-бүлөсүнөн бүгүнкү күндө намыска жараган, бычакка сап уулдар өсүп жетилип турган убак. Ата жолун жолдоп маданият чөйрөсүндө Манас Алыкуловдун ысымы белгилүү. Ал эми кичүү уулу Гүлжигит Алыкулов учурда футбол боюнча Улуттук курамдын жарым коргоочусу, Беларустун “Неман” клубунда келишимдик негизде ойноп келет. Таланттуу балдардын таланттуу апасы Азиза Анарбаева менен баарлаштык.
“МАНАСТЫН АЗАБЫН КӨП ТАРТТЫМ”
– Мен өзүм 20 жашымда эне статусуна ээ болдум. Улуу балам Жанарбек 1990-жылы туулган, үч жылдан кийин Манас төрөлгөн. Ал эми кенжебиз Гүлжигит 2000-жылы туулган. Балдардын ымыркай кези эне үчүн бир чети кубаныч болсо, бир чети түйшүк. Айрыкча Манастын азабын көп тарттым. Тез-тез эле ооруй берчү. Азыркы күнгө чейин кээде кийингенине чейин кийлигишүүмө туура келет. Бир аз ооруп калса сүт кайнатып ичирип, дары-дармегин көзөмөлдөп карап турам. Өткөөл куракта да Манастын мүнөзүнүн өзгөргөнү мага башка балдарыма салыштырмалуу көбүрөөк байкалды. Баса, бир ирет 4-5 жаш курагында бир күнгө жоготуп да алганбыз. Элестетиңиз ошол күндөгү Жаныбек экөөбүздүн абалыбызды. Анда “Ош базарына” жакын жашачубуз, базар тарапка басып кетиптир. Эртеси күнү гана милициядан Манастын табылганын кабарлап чалышкан. Ал күндү эстесем азыр да коркуп кетем.
“ГҮЛЖИГИТ ШОКТОРДУН ШОГУ БОЛЧУ”
– Гүлжигит кичинекей кезинде аябай шок бала болду. Апам ыраматылык “9 бала төрөп чоңойттум, мындай шок баланы көргөн эмесмин” дечү. Кайда баспайын артымдан издеп таап барып калчу. Конокко барсак да жөн бармай жок. Ошол үйдүн балдарын ыйлатып, оюнчуктарын тартып алып дегендей. Көз ачып жумгуча эле таппай калчубуз. Алыска ойноп кеткенде артынан издеп эле жүрөр элек. Ошентип ойноп кетип бир ирет колун сындырып келген. Кошуналар Гүлжигиттен тажашчу. Кээде аялы-күйөөсү уктап жаткан бөлмөлөрүнө деле кирип кетчү экен. Кийин “Азиза эже кызык, баласын карабайбы” деп жаман көрчүбүз" деп айтып жатышпайбы.
“СПОРТ БАЛАНЫН АШЫП-ТАШКАН ЭНЕРГИЯСЫН ТУУРА БАГЫТТАЙТ ЭКЕН”
– Гүлжигит кичинесинде өзүнүкүн бербеген бала болчу. Такыр болбой калса башы менен дубал сүзүп, жер тепкилеп калар эле. Ошол ашып-ташкан энергиясын туура багытка буралы деп спорттук гимнастикага алып бардым. Андан соң Алексей Филатовдун бий студиясына жаздырдык. Бийден кийин самбо менен алектенип жүрдү. Бир күнү эле гезиттен кичинекей билдирүүнү кесип келиптир. Анда футболдук машыгуулар боюнча жарыя жазылган экен. Ошентип Манаска кошуп футболго жөнөттүк. Ошол күндөн баштап спорттун бул түрү Гүлжигит үчүн баарынан биринчи орунга чыкты.
“ГҮЛЖИГИТТИН ТАНДООСУН КОЛДОП ТҮРКИЯДА БИР ЖЫЛ ЖҮРДҮМ”
– Баланын дараметине, шыгына жараша эң биринчи колдоо ар дайым ата-эне тараптан болушу керек. Гүлжигитти мектепте жакшы окуду деп айта албайм. Бирок спортто ийгилик жаратып келет. Үйдө да бардык шартын түзүп бергенге аракет кылабыз. “Бутуңду сакта” деп кээ бир жумуштарга жумшабайбыз. Көңүлүн түшүрбөгөнгө аракет кылып, туура тамактануусуна шарт түзүп турабыз. Эртең мененки тамакка кечкиден калган жылытманы бере салмай жок, ал жумуртка, сыр, быштак жейт. Анталиядагы спорт академиясында окуп жүргөндө мен дагы бир жыл бою баламдын жанында жүрдүм. Эне катары ичим жылып сыймыктанып келе жатам.
Акыркы кездери Гүлжигит элдин назарына көп чыгууда. Кыргызстан Мьянма менен ойноп жатканда тойдо жүргөм. Досторум “сен кайда жүрөсүң? Алыкулов гол киргизди” деп чалып калышты. Өтө эмоционалдуу адаммын, кубанычымды жашыра албай төбөм көккө жетти. Андан кийин дагы Монголияга барып, ал жактан да гол киргизди. Япония, Тажикстан менен болгон оюндарды да ичимден тиленип, көрүп отурдум.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg